Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-июну № 349
Жогору турган органдардын актыларын жана тапшырмаларын, ошондой эле өздөрүнүн чечимдерин аткаруу боюнча айрым министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын аткаруучулук тартибинин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер жана администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан өлкөнүн социалдык-экономикалык чөйрөсүндөгү милдеттерди чечүүгө багытталган жогору турган органдар кабыл алган актыларды аткаруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгилейт.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында документтердин аткаруу мөөнөтүн бузуулар азайганы белгиленди. Алсак, эгерде 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгында министрликтер жана ведомстволор тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинин протоколдук чечимдеринин 26,9 пайызы мөөнөтүн бузуу менен аткарылса, жылдын жыйынтыктары боюнча бул көрсөткүч 18,9 пайызды, 2013-жылдын 1-майына карата - 9,3 пайызды түздү.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ишин иликтөө 2012-жылдын 1-сентябры - 2013-жылдын 1-майындагы мезгилде белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен аткарылган актылардын жана тапшырмалардын саны 10,4 жана 42,6 пайызды түзгөндүгүн, бул республиканын бардык мамлекеттик органдары боюнча орточо көрсөткүчтөн (9,3% жана 38,3%) жогору экендигин көрсөттү.
Атап айтсак, документтер менен иштөөдө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан олуттуу бузуулар белгиленди. Министрликте каралып жаткан мезгилде 56 (19,7%) акты, 521 (52,3%) тапшырма белгиленген мөөнөттү бузуу менен аткарылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчилигинде болгон кеңешмелердин протоколунда камтылган тапшырмаларды аткаруу тийиштүү деңгээлде уюштурулган эмес. Алсак, Премьер-министрдин - 171 (58,5%), биринчи вице-премьер-министрдин - 210 (54,2%), реалдуу секторду тейлеген вице-премьер-министрдин 86 (45%), социалдык чөйрөнү тейлеген вице-премьер-министрдин - 27 (44,2%), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин - 117 (42,7%) тапшырмасы белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен аткарылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 86 чечиминин долбоорунун 21и (24,4%) толуктап иштеп чыгууга кайтарылган.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги боюнча Өкмөттүн 25 (14%) актысы, 128 (43,8%) тапшырмасы белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен аткарылганы аныкталды.
Министрлик демилге кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 43 чечиминин долбоорунун 12си (27,9%) толуктап иштеп чыгууга кайтарылган.
Жарандардын кайрылуулары менен иштөөдө да кемчиликтер бар, 2012-жылы жарандардын кайрылууларынын 84ү (27,4%), 2013-жылы 10у (17,2%) мөөнөтүн бузуу менен каралган.
2012-жылдын башталышынан тартып конкурстук тандоону өткөргөнгө чейин 5 адам "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык аттестация өткөрбөстөн мамлекеттик кызматтын бош орундарына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги боюнча 9 (15,5%) акты, Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигинин 53 (38,9%) тапшырмасы белгиленген мөөнөттү бузуу менен аткарылган.
Актыларды даярдоодо сапатына тийиштүү көңүл бөлүнбөйт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28 чечиминин долбоорунун 3ү (10,7%) толуктап иштеп чыгууга кайтарылган.
Жарандардын каттарын жана кайрылууларын кароо боюнча иште да олуттуу кемчиликтер бар, алсак жарандардын 260 кайрылуусунун 237си каралган, анын ичинен 13ү (5%) белгиленген мөөнөттү бузуу менен аткарылган.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги боюнча (12%) акты, 6сы, 27 (39,1%) тапшырма мөөнөтүн бузуу менен аткарылган.
Министрлик демилге кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларынын 61 долбоорунун 25и (40%) толуктап иштеп чыгууга кайтарылган.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги боюнча 2013-жылдын мартында коллегияда аткаруучулук тартипти күчөтүү боюнча маселелер каралган жана чаралар белгиленген.
Ошону менен бирге каралып жаткан мезгилде 11 (9,6%) акты, 46 (18,6%) тапшырма белгиленген мөөнөттү бузуу менен аткарылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин иштеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин жана тапшырмаларын аткаруунун мөөнөттөрүн олуттуу бузууга жол берилген, бул тармактагы бир катар проблемаларды чечүүнү кечеңдетүүдө.
Алсак, Өкмөттүн 16 (10,9%) актысы жана 126 (40,7%) тапшырмасы белгиленген мөөнөттү бузуу менен аткарылган.
Каралып жаткан мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 34 чечиминин долбоорлорунун 17си (50%) толуктап иштеп чыгууга кайтарылган.
Агенттиктин ишиндеги кемчиликтердин себептеринин бири кадрлардын тез-тез алмашуусу болуп саналат, ал 2012-жылы жана 2013-жылдын 4 айында 48,4 пайызды түздү.
Талдоо көрсөткөндөй Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин аткаруучулук тартиби төмөн деңгээлде. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 12 (15%) актысы жана 32 (26,8%) тапшырмасы белгиленген мөөнөттү бузуу менен аткарылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты 1 (4%) актыны жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинин 7 (19,4%) тапшырмасын белгиленген мөөнөттү бузуу менен аткарган.
Жалал-Абад облусунун райондук мамлекеттик администрацияларында, шаарлардын мэрияларында, айыл өкмөттөрүндө документтер менен иштөөнү уюштуруу жакшы жолго коюлган эмес.
Алсак, Токтогул, Сузак, Ноокен, Базар-Коргон, Ала-Бука райондорунун мамлекеттик администрацияларында, Жалал-Абад шаарынын мэриясында коллегиялардын иштерин пландоо жана уюштуруу, жогору турган органдардын чечимдерин жана тапшырмаларын, өздөрүнүн чечимдерин, ошондой эле жарандардын каттарын жана кайрылууларын өз убагында жана сапаттуу аткаруу үчүн кызмат адамдарынын жана кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча иштер жеткиликсиз жүргүзүлүүдө.
Министрликтерде жана администрациялык ведомстволордо, аткаруу бийлигинин башка органдарында тиешелүү аткаруучулук тартипти камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларын, буйруктарын, протоколдук чечимдерин жана тапшырмаларын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин иштери жетишсиз деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана тапшырмаларын аткаруу боюнча иштеринде олуттуу кемчиликтери көрсөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.К.Төрөмаматов тийиштүү аткаруучулук тартипти камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларын жана тапшырмаларын, ошондой өзүнүн чечимдерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине карата талаптарды жогорулатуу боюнча чараларды көрүүнүн зарылдыгын көңүлгө алсын.
4. Министрлер, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, буйруктарын жана тапшырмаларын өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу үчүн жеке жоопкерчилик тартылаары белгиленсин.
5. Министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери төмөнкүлөргө милдеттендирилсин:
- бир айлык мөөнөттө актыларды, кеңешмелердин чечимдерин, жогору турган органдардын тапшырмаларын, ошондой эле жарандардын каттарын жана кайрылууларын аткаруунун абалын коллегиянын жыйынында кароо жана аларды аткарууну үзгүлтүккө учуратууга жол берген кызмат адамдарына жана жооптуу кызматкерлерге чара көрүү;
- белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү, актыларды жана тапшырмаларды аткарууну контролдоо уюштуруунун натыйжалуу системасын иштеп чыгуу жана киргизүү, жыйынтыктары жөнүндө 2013-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө билдирүү.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты:
- тейленүүчү министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын тийиштүү аткаруучулук тартибин камсыз кылсын, алардын жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттерин жана тапшырмаларын реалдуу аткаруу үчүн жоопкерчиликтерин жогорулатсын, үзгүлтүккө учуратуу фактылары боюнча объективдүү жана принциптүү баа берсин, мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата тартиптик чара көрүү жөнүндө сунуш киргизсин;
- актыларды жана тапшырмаларды аткаруу мөөнөттөрүн бузуу себептерин кароо, ошондой эле аларды четтетүү иш-чараларын иштеп чыгуу боюнча министрликтердин жана ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын статс-катчыларын, жетекчилеринин орун басарларын чакыруу менен кварталда бир жолудан кем эмес жумушчу кеңешмелерди өткөрүүнү практикаласын;
- 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун аткаруучулук тартиби жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отурумуна киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын аткаруунун, депутаттардын суроо-талабын кароонун жүрүшүнө дайыма талдоо жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигине маалымат берип турсун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмдөрү менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын жана депутаттардын суроо-талаптарын аткаруу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери менен иштерди туруктуу негизде жүргүзсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |