Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-июну № 353
"Бишкек шаарында 2013-жылдын 26-февралында кол коюлган "Айылды суу менен камсыздоо жана санитария экинчи долбоорун" (№ TF 013105) кошо каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- Бишкек шаарында 2013-жылдын 26-февралында кол коюлган "Айылды суу менен камсыздоо жана санитария экинчи долбоорун" (№ TF 013105) кошо каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2013-жылдын 26-февралында кол коюлган "Айылды суу менен камсыздоо жана санитария экинчи долбоорун" (№ TF 013105) кошо каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу-катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Бишкек шаарында 2013-жылдын 26-февралында кол коюлган "Айылды суу менен камсыздоо жана санитария экинчи долбоорун" (№ TF 013105) кошо каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу-кат ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|