Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-июну № 356
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 71-берененин биринчи абзацындагы "стандарттардын" деген сөз "техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 92-берененин аталышындагы жана 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттарына" деген сөздөр "техникалык регламенттерге жана башка ченемдик укуктук актыларга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 166-берененин аталышы жана биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"166-берене. Экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш
ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча техникалык
регламенттердин жана башка ченемдик укуктук
актылардын талаптарын бузуу
Экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу, -".
4. 175-берененин аталышындагы жана биринчи абзацындагы "Стандарттардын талаптарына жана техникалык шарттарга" деген сөздөр "Техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 269-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"269-берене. Байланыш объектилерин пайдаланууда жана байланыш
кызматтарын көрсөтүүдө радио жыштык спектрин
пайдалануу чөйрөсүндөгү стандарттардын, техникалык
регламенттердин жана башка ченемдик укуктук
актылардын талаптарын бузуу
Байланыш объектилерин пайдалануу жана байланыш кызматтарын көрсөтүү тартибин жөнгө салуучу техникалык регламенттердин жана башка жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу, -
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма, юридикалык жактарга эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
6. 270-берененин аталышындагы жана биринчи абзацындагы "сертификациялоосуз" деген сөз "коопсуздукту ырастаган документтерсиз" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 273-берененин аталышындагы жана биринчи абзацындагы "Мамлекеттик стандарттарга же радио тоскоолдуктардын жол берилген ченемдерине" деген сөздөр "Техникалык регламенттерге жана башка ченемдик укуктук актыларга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 277-беренедеги "мамлекеттик стандарттарга, техникалык шарттарга" деген сөздөр "Техникалык регламенттерге жана башка ченемдик укуктук актыларга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 286-берененин аталышы жана биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"286-берене. Азык-түлүк товарларды санитардык талаптар боюнча
техникалык регламенттерди жана башка ченемдик укуктук
актыларды бузуу менен сатуу
Азык-түлүк товарларды санитардык талаптар боюнча техникалык регламенттерди жана башка ченемдик укуктук актыларды бузуу менен же керектөөчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуздугун ырастаган документтерсиз сатуу, -".
10. 287-берененин аталышы жана биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"287-берене. Техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарына
ылайык келбеген продукцияны чыгаруу, жөнөтүү, сатуу,
шайкештиги милдеттүү ырасталууга тийиш болгон
продукцияны шайкештигин ырастабастан (шайкештик
сертификатысыз же шайкештиги жөнүндө декларациясыз)
сатуу
Техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарына ылайык келбеген продукцияны чыгаруу, жөнөтүү, сатуу, шайкештиги милдеттүү ырасталууга тийиш болгон продукцияны шайкештигин ырастабастан (шайкештик сертификатысыз же шайкештиги жөнүндө декларациясыз) сатуу, -".
11. 288-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "эсептөөдө алдоо" деген сөздөрдөн кийин "таңгактоонун бардык түрлөрүндө таңгакталган товарлардын санын азайтуу" деген сөздөр менен толукталсын, "сапаты" деген сөздөн кийин "жана коопсуздугу" деген сөздөр менен толукталсын, "өткөрүүнү" деген сөздөн мурда "таңгактоону жана" деген сөздөр менен толукталсын.
12. 289-берененин аталышы жана биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"289-берене. Шайкештикти баалоо боюнча техникалык регламенттердин
талаптарын бузуу, анын ичинде аккредитациялоо
органдарынын, продукцияны сертификациялоо боюнча
органдардын, сапатты жана персоналды тескөө
тутумундагы органдардын, сыноо лабораторияларынын
бузушу
Шайкештикти баалоо боюнча техникалык регламенттердин талаптарын бузуу, анын ичинде аккредитациялоо органдарынын, продукцияны сертификациялоо боюнча органдардын, сапатты жана персоналды тескөө тутумундагы органдардын, сыноо лабораторияларынын бузушу, -".
13. 290-1-берененин аталышындагы жана биринчи абзацындагы "стандартташтыруу жана метрология органдары текшербеген" деген сөздөр "метрология кызматы белгилеген тартипте текшерилбеген" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
14. 296-берененин аталышы жана биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"296-берене. Продукциянын шайкештигин ырастабастан аны техникалык
регламенттерге шайкештик жөнүндө мыйзамсыз маркалоо
Продукциянын шайкештигин ырастабастан аны техникалык регламенттерге шайкештик жөнүндө мыйзамсыз маркалоо, -".
15. 307-берененин аталышы жана биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"307-берене. Шайкештиги милдеттүү ырасталууга тийиш болгон чет
импорт продукцияны шайкештик сертификатысыз же
шайкештик жөнүндө декларациясыз берүү жана сатуу
Шайкештиги милдеттүү ырасталууга тийиш болгон чет импорт продукцияны шайкештик сертификатысыз же шайкештик жөнүндө декларациясыз берүү жана сатуу, -".
16. 412-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"412-берене. Өлчөө каражаттарын жүгүртүүгө чыгарууда өлчөөлөрдүн
бирдейлигин камсыз кылуу тармагындагы техникалык
регламенттердин жана ченемдик укуктук актылардын
талаптарын бузуу
Өлчөө каражаттарын жүгүртүүгө чыгарууда өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу тармагындагы техникалык регламенттердин жана ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу:
1) өлчөө каражаттарын ташууда, сактоодо жана пайдаланууда (эксплуатациялоодо) техникалык регламенттердин талаптарын бузуу, эгерде бул продукциянын бузулушуна же ченемден ашык жоготууларга алып келсе;
2) тибин бекитүү жол-жобосунан же метрологиялык аттестациядан өтпөгөн, ошондой эле текшерилбеген өлчөө каражаттарын жүгүртүүгө чыгаруу, -
кызмат адамдарына - бештен жыйырмага чейинки, юридикалык жактарга - жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга жана жасалма өлчөө каражаттарын конфискациялоого кириптер кылат.".
17. 453-берененин аталышы жана биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"453-статья. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана
конструкцияларын өндүрүүдө, ташууда техникалык
регламенттердин талаптарын бузуу
Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүдө, ташууда техникалык регламенттердин талаптарын бузуу, -".
18. 540-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"540-берене. Аткаруу бийлигинин өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо
боюнча талаптардын аткарылышын текшерүүчү мамлекеттик
органы
Аткаруу бийлигинин өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча талаптардын аткарылышын текшерүүчү мамлекеттик органы ушул Кодекстин 289, 290, 290-1, 296, 410, 412-беренелеринде каралган администрациялык эреже бузуулар жөнүндө иштерди карайт.
Администрациялык эреже бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык айыптарды салууга төмөнкүлөр укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын өлчөөлөрдүн бирдейлиги камсыздалышын көзөмөлдөө боюнча башкы мамлекеттик инспектору жана анын орун басары;
- өлчөөлөрдүн бирдейлиги камсыздалышын көзөмөлдөө боюнча аймактык органдардын башкы мамлекеттик инспекторлору жана алардын орун басарлары.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|