Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-июну №359
«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 359 токтому
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79 жана 80-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кезексиз тартипте, кечиктирилбестен кароо суралсын.
4. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын экономика министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене. Бул Мыйзамдын максаттары
Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо иштин айрым түрлөрүн, операцияларды жүзөгө ашыруудан адамдардын өмүрүнө, саламаттыгына, курчап турган чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнү алдын алуу, ошондой эле лицензиялоо аркылуу чектелген мамлекеттик ресурстарды башкаруу максатында ишке ашырылат.
2-берене. Бул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Бул Мыйзам аткаруу бийлиги органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын ортосунда иштин айрым түрлөрүн, аракеттерди, операцияларды, анын ичинде чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу боюнча (мындан ары - иш) лицензиялоону жүзөгө ашырууга байланыштуу пайда болуучу мамилелерди жөнгө салат:
2. Бул Мыйзам лицензиялардын жана уруксаттардын толук тизмесин белгилейт.
3. Бул Мыйзамды колдонуу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) жеке жана (же) юридикалык жактардын; ортосунда түзүлгөн келишимдердин алкагында лицензия жана уруксат берүүгө байланыштуу жарандык-укуктук мамилелерге;
2) мамлекеттик каттоо системасына;
3) квалификацияны жана кесипкөйлүк көндүмдөрдү баалоо системасына;
4) техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө шайкештикти баалоо тармагына.
4. Бул Мыйзамда көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн лицензиялоонун тартиби бул Мыйзамга жана буга карама-каршы келбеген Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
3-берене. Лицензиялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Лицензиялоо жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана бул Мыйзамдан жана лицензиялоо чөйрөсүн жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардан турат.
4-берене. Бул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
арыз берүүчү - бул Мыйзамга ылайык лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн лицензия берүүчү органга кайрылган жеке же юридикалык жак;
лицензиялоо - лицензияны жана (же) уруксатты берүү, кайра тариздөө, токтотуу, кайра жаңыртуу жана жокко чыгаруу менен байланышкан процесс;
лицензия - бул Мыйзамга ылайык мамлекеттик лицензиялоо киргизилген ишти жүзөгө ашыруу укугун ырастоочу документ;
тышкы соода ишин жүзөгө ашыруудагы лицензия - белгилүү сандагы товарлардын өзгөчө түрлөрүнүн айрым түрлөрүнүн экспортуна жана (же) импортуна укукту ырастоочу документ;
лицензиар - бул Мыйзамга ылайык лицензиялоону жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген орган;
лицензиат - лицензия жана (же) уруксат алган жеке же юридикалык жак; лицензиялык контроль - иштин лицензиялануучу түрүнүн чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын лицензиялык талаптардын сакталышын текшерүү боюнча иши;
чектелген мамлекеттик ресурстар - мамлекетке таандык болгон ресурстар, анын ичинде конкреттүү мүнөздөмөлөргө ээ болгон, сан жагынан өлчөнүшү жана акчалай бааланышы мүмкүн болгон, чектелген же орду толгус жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттери, радио жыштык спектри;
уруксат - иш процессинде айрым бир аракеттерди жүзөгө ашыруу укугун тастыктоочу, мамлекеттик орган (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген каалаган башка юридикалык жак) тарабынан берилүүчү документ;
лицензиялардын жана уруксаттардын реестри - аларды кагаз жүзүндө жана электрондук форматта лицензиялоо жүргүзүлгөн иштин түрлөрү боюнча лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтар базасы;
тобокелдик - өзүнүн артынан адамдардын өмүрүнө, саламаттыгына, курчап турган чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүчү жагымсыз окуянын келип чыгуу ыктымалдыгы;
өз алдынча жөнгө салуучу уюм - өндүрүлүүчү товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) рыногунун же тармагынын бирдейлик белгиси боюнча ишкердик ишинин субъекттерин бириктирген же профессионалдык иштин бир түрүнүн субъекттерин бириктирүүчү ишкердик ишин өз алдынча жөнгө салуу максатында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм;
электрондук лицензия жана (же) уруксат - кагаз жүзүндөгү лицензия жана (же) уруксатка мааниси бирдей, маалыматтык технологияларды колдонуу менен таризделген жана берилген электрондук документ түрүндөгү лицензия жана (же) уруксат.
5-берене. Лицензиялоонун принциптери
1. Лицензиялоону киргизүүнүн принциптери:
1) лицензиялоону киргизүүнүн далилдүүлүгү;
2) лицензия же уруксат берилүүчү бирдиктүү ажырагыс процесске кирген иштин айрым түрлөрүнө же операцияларга лицензия же уруксат берүүгө тыюу салуу.
2. Лицензиялоонун негизги принциптери:
1) лицензиялоо жол-жоболорунун ачыктыгы, айкындуулугу;
2) менчигинин түрүнө карабастан, бардык жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар үчүн лицензияны жана (же) уруксатты берүүнүн бирдей негиздери жана шарттары;
3) бул Мыйзамда аныкталган иштин түрлөрү гана лицензияланууга тийиш;
4) лицензиарларга бул Мыйзамга ылайык лицензиялоого тийиш болгон ишке байланыштуу кошумча лицензияны жана (же) уруксатты берүүгө тыюу салуу;
5) лицензиаттын ак ниеттүүлүгүн таануу, эгер башкасы далилденбесе жана документтер менен негизделбесе;
6) лицензиялоо рыноктогу монополизмдин күчөшүнө, же ишкердик иштин эркиндигин чектөөгө көмөк көрсөтпөшү керек;
7) башка мамлекеттерден алынган лицензиялар жана (же) уруксаттар тиешелүү эл аралык келишимдердин шарттарында же бир тараптуу тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында жарактуу деп таанылат;
8) бул Мыйзамдын 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурлардан тышкары техникалык регламент күчүнө кирген учурдан тартып кабыл алынган техникалык регламенттин жөнгө салуу чөйрөсүнө кирген иштин түрүн лицензиялоо жокко чыгарылат;
9) иштин белгилүү түрүнө жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандырууну киргизүү иштин ушул түрү үчүн лицензиялоону жокко чыгарат;
10) ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык лицензиялоонун натыйжалуулугун мезгилдүү (ар бир беш жылда) баалоо;
11) лицензиялык контролдоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана жүргүзүлөт. Лицензиарларга лицензиялык контролдоону (мониторингди) лицензиаттын каражаттарынын жана мүлкүнүн эсебинен жүргүзүүгө тыюу салынат;
12) лицензиат менен эмгек келишиминин негизинде иштеген жеке жактарга өз алдынча лицензия алуу талап кылынбайт.
6-берене. Лицензияланууга тийиш болгон иштин түрлөрүн аныктоонун критерийлери
1. Лицензиялоо төмөнкү учурларда:
1) эгер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тобокелдиктерди баалоонун методикасынын негизинде ишти мамлекеттик жөнгө салуунун башка ыкмалары, бул ишти жүзөгө ашырууда адамдардын өмүрүнө, саламаттыгына, курчап турган чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнүн тобокелдигинин мүмкүн болгон чектүү деңгээлин төмөндөтпөй тургандыгы далилденсе;
2) чектелген мамлекеттик ресурстарды рационалдуу башкаруу үчүн киргизилет.
2. Лицензиялык жөнгө салууну киргизүүнүн зарылдыгынын негизделиши ушул беренеде аныкталган критерийлер менен түздөн-түз байланышта болууга тийиш.
7-берене. Лицензиялоону киргизүүнүн тартиби
1. Иштин айрым түрлөрүнө лицензиялоону киргизүү, же алып салуу бул Мыйзамда каралган лицензиялоо киргизилген иштин түрлөрүнүн тизмесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен гана мүмкүн болот.
2. Иштин айрым түрлөрү үчүн лицензиялоону киргизүү бул Мыйзамдын 5 жана 6-беренелеринде караштырылган принциптердин жана критерийлердин негизинде гана мүмкүн.
3. Эл аралык милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу иштин түрлөрүнөн тышкары иштин белгилүү бир түрлөрүнө лицензиялоону киргизүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методикага ылайык жөнгө салуучу таасирине милдеттүү талдоо жүргүзүлүшү керек.
8-берене. Жалпы лицензиялык талаптар
1. Лицензиялык талаптардын берилиши алардын мазмунунун бир түрдүү түшүнүүсүн камсыз кылышы керек. Талаптарды түшүнүүдөгү бардык күнөмдөр лицензиаттын пайдасына түшүндүрүлөт.
2. Лицензиялык талаптарга жалпысынан иштин тиешелүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо жөнүндө жалпы талаптар киргизилбейт.
3. Иштин лицензиялануучу түрлөрү боюнча лицензиялык талаптардын толук тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
9-берене. Лицензиялардын жана уруксаттардын типтери
Лицензиялар жана уруксаттар төмөнкү белгилер боюнча айырмаланат:
1. Колдонуу убактысы боюнча:
1) мөөнөтсүз - колдонуу мөөнөтү чектөөсүз берилген;
2) убактылуу - белгилүү бир мөөнөткө берилген. Лицензияны колдонуу мөөнөтүн чектөө чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдаланууга гана берилген лицензияларга карата уруксат берилет.
2. Колдонуунун аймактык чөйрөсү боюнча:
1) Кыргыз Республикасынын бардык аймагында, ошондой эле эл аралык келишимдердин негизинде республиканын чегинен тышкары колдонууга таркатылган;
2) Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында колдонуу менен чектелген жана чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдаланууга берилген лицензияларга гана карата, ошондой эле бул Мыйзамдын 17-беренесинин 9 жана 10-пункттарында караштырылган лицензияларга карата киргизилген.
3. Ээликтен ажыратуу боюнча:
1) ээликтен ажыратылбоочулар;
2) ээликтен ажыратылуучулар (чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдаланууга берилген лицензияларга гана карата киргизилет).
4. Формасы боюнча:
1) кагазда таризделген лицензия;
2) электрондук лицензия - электрондук документ түрүндө таризделген лицензия.
5. Иштин (товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо жана импорттоо учурунда) көлөмү боюнча:
1) башкы лицензиялар,
2) бир жолку лицензиялар.
10-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу
1. Ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны жана (же) уруксатты башка адамга берүүгө тыюу салынат.
2. Бул Мыйзамда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, жүзөгө ашырылышы үчүн лицензиясы жана (же) уруксаты болгон иш Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде караштырылган учурларда, Кыргыз Республикасынын аймагында берилген лицензияларды жана (же) уруксаттарды колдонуу башка мамлекеттердин аймактарына таркалат, ал эми башка өлкөлөрдүн аймагында берилген лицензияларды жана (же) уруксаттарды колдонуу Кыргыз Республикасынын аймагында таркалат.
Бул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасы бир таралтуу тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк лицензияларды жана (же) уруксаттарды колдонууну таанышы мүмкүн. Убактылуу лицензияны колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин ал лицензиаттын арызы боюнча узартылышы мүмкүн.
11-берене. Лицензиянын жана (же) уруксаттын мазмуну
1. Лицензияда жана (же) уруксатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) лицензиялоону органдын аталышы;
2) юридикалык жактын толук жана кыскартылган (эгер болсо) аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы жана уюштуруучулук-укуктук формасы, юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн номери;
3) жеке жактын аты-жөнү, анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин маалыматтары, жеке ишкерлер үчүн - жеке ишкердикти мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери;
4) иштин лицензиялануучу түрү;
5) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтү (эгер белгиленген болсо);
6) ишти жүзөгө ашыруунун аймагы (эгерде аймак чектелген болсо);
7) лицензия жана (же) уруксат берилген дата жана каттоо номери;
8) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.
2. Лицензия жана (же) уруксат лицензиар тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен формада, кагаз жүзүндө жана электрондук форматта таризделет.
3. Арыз жана ага тиркелген документтер, лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө, лицензияны жана (же) уруксатты берүүдөн баш тартуу жөнүндө, лицензияны жана (же) уруксатты кайрадан тариздөө, токтото туруу, кайрадан жаңыртуу же колдонууну токтотуу жөнүндө лицензиардын актылары жана башка документтер арыз берүүчүнүн же лицензиаттын лицензиялык ишин түзөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте лицензиарда сакталууга тийиш.
12-берене. Лицензиялардын жана уруксаттардын реестри
1. Лицензиялар жана уруксаттар лицензиялардын жана уруксаттардын реестрине (мындан ары - реестр) киргизилет. Реестрди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2. Реестрлер берилген лицензиялардын жана уруксаттардын болгондугун жана алардын укуктук макамын тастыктоочу жалгыз расмий булак болуп саналат.
3. Лицензиарлар иштин түрлөрү боюнча реестрлерди жүргүзүшөт, аларды лицензиялоо кагаз жүзүндө же электрондук форматта жүзөгө ашырылат.
4. Реестрде төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) юридикалык жактын толук жана кыскартылган (эгер болсо) аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы жана уюштуруучулук-укуктук формасы, юридикалык дареги;
2) жеке жактын аты-жөнү, анын жашаган жери, анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин маалыматтары, жеке ишкерлер үчүн - жеке ишкердикти мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери;
3) иштин лицензиялануучу түрү;
4) ишти жүзөгө ашыруу аймагы (эгерде аймак чектелген болсо);
5) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтү;
6) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
7) лицензия жана (же) уруксат берилген дата жана каттоо номери;
8) лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтото туруунун жана кайрадан баштоонун негизи жана мөөнөтү;
9) лицензияны жана (же) уруксатты токтотуунун негизи жана датасы;
5. Реестр лицензиарлардын расмий сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жетүүгө тыюу салынган маалыматтардан тышкары, анда камтылган маалыматтар менен кызыкдар болгон адамдардын таанышуусу үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп саналат.
13-берене. Лицензиялоо жөнүндө маалыматтардын ачыктыгы
1. Лицензиарлардын расмий сайтыңда ачык жетишүү үчүн төмөнкүлөр жайгаштырылат:
1) лицензиялоо маселелерин регламенттөөчү ченемдик укуктук актылардын тексттери;
2) лицензияларды жана уруксаттарды берүү, кайра тариздөө, токтотуу жөнүндө арыздардын формалары;
3) лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлери.
14-берене. Лицензиялоо чөйрөсүндөгү лицензиялоонун субъекттери
1. Лицензиялоо чөйрөсүндөгү субъекттер:
1) лицензиар:
- бул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан лицензиялоого ыйгарым укук берилген орган;
- өз алдынча жөнгө салуучу уюмдар (лицензиялоо боюнча ыйгарым укук берилген учурда);
2) лицензиаттар (менчигинин түрүнө карабастан, жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр).
2. Лицензиялар жана (же) уруксаттар лицензиардын борбордук органдары же аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилиши мүмкүн.
Өз алдынча жөнгө салуучу уюмдар лицензияларды жана (же) уруксаттарды башкаруунун борбордук органында гана берүүгө укуктуу.
15-берене. Лицензияланууга тийиш болгон иштин түрлөрү
Иштин төмөнкү түрлөрү лицензияланууга тийиш:
1) электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо жана импорттоо;
2) жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо жана импорттоо;
3) нефтини жана жаратылыш газын кайра иштетүү;
4) жаратылыш газын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу;
5) этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү;
6) алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу);
7) жеке медициналык мекемелер жана жеке ишкерлер тарабынан жүзөгө ашырылуучу медициналык иш (жеке медициналык мекемелерде же жеке ишкерлерде жалданып же эмгек келишими боюнча иштеген медицина кызматкерлеринин ишинен тышкары);
8) дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүү, даярдап чыгаруу жана сатуу;
9) адистештирилген ишканаларда вакциналарды жана сывороткаларды даярдап чыгаруу жана сатуу;
10) патогендиктин II тобундагы микроорганизмдер менен иштөө;
11) электр байланыш жаатында иштөө;
12) почта байланыш жаатында иштөө;
13) маалыматтарды берүү жаатында иштөө;
14) программаларды, берүүлөрдү түзүүнү жана аларды жайылтууну өзүнө камтыган телерадиоберүү;
15) шаар курулушу, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттарды жана курулуштарды (I, II, III категориядагы объекттерди) долбоорлоо-изилдөө иштери;
16) жеке турак үйлөрдү (I, II, III категориядагы объекттерди) куруудан тыш кары курулуш-монтаждык иштер;
17) аба транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана (же) жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруу;
18) учуп келүүдө же кетүүдө аэропорттордо (аэродромдордо) аба кемелерин жерде тейлөөнү жүзөгө ашыруу, аба кемелерин техникалык тейлөөнү жана/же оңдоону жүзөгө ашыруу боюнча иштен тышкары;
19) суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана (же) жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруу;
20) накталай чет өлкөлүк валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзүү боюнча банк операциялары;
21) баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү боюнча банк операциялары;
22) чет өлкөлүк валютада операцияларды жүргүзүү боюнча банк операциялары;
23) кредиттик союздун катышуучуларынан салымдарды (депозиттерди) тартуу боюнча кредиттик союздун иши;
24) микрофинансылык компаниялардын иши;
25) накталай чет өлкөлүк валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзүү;
26) маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөөлөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөө системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына, өзүнүн ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептерди жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүү боюнча иш;
27) ушул процессинг/клирингдик борбордун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептери боюнча финансылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштетүү жана берүү боюнча кызмат көрсөтүү;
28) тотализаторлордун жана букмекерлик кеңселердин бюросунун иши;
29) лотерея иши (кызыктыруучу лотереядан тышкары);
30) уулуу заттардын өндүрүш калдыктарын, анын ичинде радиоактивдүү заттардын өндүрүш калдыктарын ташуу (анын ичинде чек аралар аркылуу);
31) аскердик багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүнү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу;
32) өнөр жай багытындагы жарылуучу материалдарды өндүрүү, колдонуу жана жок кылуу;
33) жарылуучу (анын ичинде пиротехникалык) заттарды жана буюмдарды сатуу;
34) курал-жарак жана ок-дарыларды жасап чыгаруу, оңдоо жана сатуу;
35) баңги заттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгаруу, өндүрүү, даярдап чыгаруу, кайра иштетүү, сактоо, берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода жүргүзүү, бөлүштүрүү;
36) адвокаттык иш;
37) жеке нотариалдык иш;
38) камсыздандыруучу уюм тарабынан ишке ашырылуучу өмүрдү ыктыярдуу топтомо менен камсыздандыруу;
39) камсыздандыруучу уюм тарабынан ишке ашырылуучу өзүн ыктыярдуу камсыздандыруу;
40) камсыздандыруучу уюм тарабынан ишке ашырылуучу мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу;
41) камсыздандыруучу уюм тарабынан ишке ашырылуучу жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу;
42) камсыздандыруучу уюм тарабынан ишке ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү;
43) камсыздандыруу уюму тарабынан ишке ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кайра камсыздандырууга кирүүчүлөр;
44) мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун иши;
45) баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруу;
46) баалуу кагаздар рыногундагы брокердик иш;
47) баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү;
48) баалуу кагаздардын рыногундагы депозитардык иш;
49) баалуу кагаздар рыногундагы дилердик иш;
50) инвестициялык фонддун иши;
51) инвестициялык активдерди башкаруу;
52) аудитордук иш;
53) банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашыруучу администраторлордун иши;
54) өрткө каршы автоматика каражаттарын долбоорлоо, монтаждоо, ишке киргизүү жана оңдоо; жыгачтан курулган конструкцияларды жана күйө турган театралдык-экспозициялык жабдууларды оттон коргоо;
55) билим берүү иши (мектепке чейинки жана жалпы баштапкы, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик билим берүү мекемелеринен тышкары);
56) тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү өзгөчө товарлардын импорту, экспорту;
57) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукциясынын улуттук контролдук тизмесине киргизилген товарлардын импорту, экспорту, реэкспорту.
16-берене. Лицензияланууга тийиш болгон чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу боюнча иштин түрлөрү
Иштин төмөнкү түрлөрү лицензияланууга тийиш:
1) радиожыштык спектрин пайдалануу;
2) токой фондусунун жерлеринде дарактын Сөңгөктөрүн алуу (жыгач кыюу билети, жыгачты аз-аздан берүү ордери);
3) коммерциялык максаттарда өсүмдүктөр дүйнөсүн объекттерин ал коюу (өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин алып коюуга уруксат алуу жана токой билети);
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тизме боюнча аңчылык кылуу жана канаттууларды кармоо;
5) уулуу материалдардын жана заттардын, анын ичинде радиоактивдүү заттардын калдыктарын үтилдештирүү, сактоо, кемүү, жок кылуу;
6) жер казынасын пайдалануу укугуна байланыштуу иш (геологиялык-издөө иштерине жер казынасын пайдалануу укугу, геологиялык-чалгындоо иштери үчүн жер казынасын пайдалануу укугу, пайдалуу кем чыккан жерлерди иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугу, жер казынасын изилдөөгө жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө байланышпаган жер казынасын пайдалануу укугу);
7) жарылуучу аралашманы (күйүүчү, кычкылдандыруучу газдар жана баллондорду кысылган жана суюктукка айландырылган газдар менен толтуруу станциялары) пайда кылууга жөндөмдүү заттарды алуу, пайдалануу, кайра иштетүү, түзүү, сактоо, жок кылуу;
8) химиялык коркунучтуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу, жок кылуу.
17-берене. Иш процессинде колдонуунун түрлөрүнө карата уруксаттардын тизмеси
Уруксатты алууну талап кылган колдонуунун түрлөрү:
1) экинчи ирет пайдалануу максатында калдык катары, мурун колдонулган автомобиль шиналарын ташыш кирүү;
2) жардыруу иштерин жүргүзүү укугу;
3) тоо жумуштарын жүргүзүү;
4) өсүмдүктөрдөн алышуучу карантиндеги товарларды Кыргыз Республикасына алып кирүү;
5) маданий баалуулуктарды алып чыгуу укугу;
6) Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы квотанын негизинде иш берүүчүлөрдүн арыздары боюнча чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын иштөөсүнө уруксат;
7) Кыргыз Республикасынын жарандарын, анын чегинен тышкары жерлерде жумушка орноштуруу;
8) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал-жарактын жана аскердик техниканын транзити;
9) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу баңги заттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду алып келүү, алып чыгуу, транзити;
10) жарандык жана кызматтык курал-жарактарды жана алардын ок-дарыларын сатып алуу, сактоо, ташуу, алып жүрүү, коллекциялоо, экспонаттоо, алып кирүү, алып чыгуу;
11) таасири күчтүү уулуу заттарды сатып алуу, сактоо жана сатуу;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген атайын каражаттарды сатып алуу, сактоо, ташуу, алып жүрүү, алып кирүү, алып чыгуу;
13) балыктарды алып кирүү/алып чыгуу;
14) илимий максаттар үчүн балыктарды контролдук кармоону жүргүзүү;
15) CITES конвенциясынын таасиринде болбогон жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алып чыгуу;
16) CITES конвенциясынын таасиринде болгон жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарды Кыргыз Республикасынын чегине алып кирүү, алып чыгуу;
17) калдыктарды курчап турган чөйрөдө жайгаштыруу;
18) курчап турган чөйрөгө булгоочу заттарды агызып чыгаруу;
19) булгоонун стационардык булактары менен булгоочу заттарды атмосферага бүркүү;
20) эл аралык автомобилдик жүк ташууларды ишке ашырууда чет өлкөлүк мамлекеттин аймагы боюнча кирүү/чыгуу;
21) эл аралык автомобилдик Жүк ташууларды ишке ашырууда чет өлкөлүк мамлекеттин аймагынан транзиттик өтүү;
22) эл аралык автомобилдик жүк ташууларды ишке ашыруу;
23) эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашырууда үчүнчү өлкөлөргө (өлкөлөрдөн) жүктөрдү ташуу;
24) жүргүнчүлөрдү эл аралык ташуулар (туруктуу жана туруктуу эмес);
25) кооптуу жүктөрдү ташуу;
26) жардыруучу заттарды (анын ичинде пиротехникалык) жана буюмдарды сактоо укугу;
27) Кыргыз Республикасынын аймагына жардыруучу заттарды (анын ичинде пиротехникалык) жана буюмдарды ташып келүү;
28) жардыруучу материалдарды сатып алуу укугу;
29) Кыргыз Республикасынын аймагына радиоэлектрондук каражаттарды (РЭК) жана жогорку жыштыктагы каражаттарды - (ЖЖК), радиожыштыктык нурданууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электр-магниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарды ташып кирүүгө жол берүү;
30) радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна карата жыштыктарга ээлик кылуу;
31) Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн контролундагы жүктөрдү (товарларды) Кыргыз Республикасына алып келүү жана Кыргыз Республикасынан алып чыгуу;
32) Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн контролундагы жүктөргө (товарларга) карата транзиттик өлкөлөргө уруксатты суратуу жана Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзити;
33) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген товарлардын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзити.
18-берене. Лицензия жана (же) уруксат алууга керектүү документтер
1. Лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн арыз ээси тиешелүү лицензиарга төмөнкүлөрдү берет же маалыматтык технологиялар аркылуу жөнөтөт;
1) белгиленген формадагы арыз;
2) жеке жак үчүн - өзүн күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү;
3) юридикалык жак жана жеке ишкер үчүн-мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
4) арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсүн;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо каралган документтердин көчүрмөлөрүн.
2. Арыз ээси лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн маалыматтык технологиялар аркылуу кайрылган учурда, ал лицензиардын сайтында белгиленген формадагы арызды толтурат жана ошол эле убакта ушул беренеде каралган документтердин сканерден өткөрүлгөн түп нускаларын электрондук форматта тиркейт, Мындай учурда арыз ээси арызды жана электрондук форматта берилген документтердин тизмесин кабыл алуу датасын көрсөтүү менен документтердин кабыл алынгандыгы жөнүндө тастыктоону алат.
3. Арыз ээси лицензиарга электрондук лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө, бул тууралуу арызда көрсөтүү менен кайрыла алат.
4. Лицензиар тарабынан арыз ээсинен бул Мыйзамда жана ага каршы келбеген жагында Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралбаган документтерди сунуштоону талап кылууга тыюу салынат.
19-берене. Лицензиялык жыйымдар
1. Лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүүдө, кайра тариздөөдө жана лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүүдө бир жолку лицензиялык жыйым алынат, ал лицензиардын берилген документтерди кароо жана лицензияларды жана уруксаттарды тариздөө менен байланышкан администрациялык чыгымдарынан жана башка операциялык чыгымдарынан ашып кетпеши керек. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк мамлекеттин лицензиары тарабынан берилген лицензияны өз ара таануу жана бир тараптуу тартипте таануу жол-жобосу үчүн лицензиялык жыйым алынат, ал лицензияны таануу жөнүндө арызды кароого . байланышкан лицензиардын администрациялык чыгымдарынан ашпашы керек.
2. Арыз ээлеринен жана лицензиаттардан бул Мыйзамда каралбаган башка жыйымдарды алууга тыюу салынат.
3. Лицензиялык жыйымдардын бардык түрлөрү түздөн-түз республикалык бюджетке жөнөтүлөт.
20-берене. Арыздарды кароонун жана лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүүнүн мөөнөттөрү
1. Лицензиар Кыргыз Республикасына чектеш өлкөлөр менен эл аралык макулдашууну талап кылуучу радиожыштыктык спектрин пайдалануу укугуна лицензия берүү учурларын кошпогондо, бардык керектүү документтер менен арызды берген күндөн тартып 30 календардык күндөн кеч эмес лицензия жана (же) уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лицензиялоочу иштин түрлөрүнө карата арыздарды кароонун жана лицензияны жана (же) уруксатты берүүнүн мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын банктар жана банк иши жөнүндө мыйзамдары жана ошондой эле төлөм жана микрофинансылык иш-аракеттин чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен белгиленет.
Жер казынасын пайдалануу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган лицензиялоочу иш түрлөрүнө карата арыздарды кароо жана лицензияларды берүү мөөнөттөрү жер казынасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.
2. Лицензияны жана (же) уруксатты берүү же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим лицензиардын тиешелүү актысы менен таризделет.
3. Лицензиялоочу орган лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн белгиленген мөөнөттө арыз ээсине лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө чечимдин кабыл алынгандыгы же баш тартуу тууралуу кабарлоого милдеттүү.
Лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө же баш тартуу тууралуу кабар арыз ээсине жазуу жүзүндө жөнөтүлөт (тапшырылат).
4. Берилген лицензиялар жана (же) уруксаттар жөнүндө маалыматтар лицензиар тарабынан лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү жөнүндө тиешелүү чечимдин негизинде реестрге киргизилүүгө тийиш. Лицензия жана (же) уруксат ал жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилген датадан тартып расмий берилген болуп эсептелет. Лицензиар лицензияны алган күнү лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө маалыматты реестрге киргизет.
5. Лицензиар белгиленген мөөнөттөрдө арыз ээсине лицензияны жана (же) уруксатты берүүдөн баш тартылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлабаса, анда лицензия жана (же) уруксат берилген деп эсептелинет. Лицензиар лицензияны жана (же) уруксатты берүү үчүн мөөнөтү аяктаган датадан кийинки күндөн. кеч эмес лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизүүгө жана арыз ээсине суралып жаткан лицензияны жана (же) уруксатты берүүгө милдеттүү.
6. Арыз ээси белгиленген мөөнөттөрдө лицензияны жана (же) уруксатты берүүдөн баш тартууну албаган же лицензиялардын жана (же) уруксаттардын өзүн албаган учурда, отуз күндүк мөөнөттө лицензиарды өзү билдирген иштин түрүн жүзөгө ашырууну баштагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт.
21-берене. Лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартуу
1. Лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартууга төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) субъекттердин бул категориясы үчүн иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууга мыйзамдык тыюу салынган болсо;
2) арыз ээсине иштин ушул түрү менен алектенүүгө тыюу салган сонун чечиминин болушу;
3) арыз ээси тарабынан так эмес маалыматтын берилиши;
4) бул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга арыз ээси берген документтердин ылайыксыздыгы;
5) лицензияны жана (же) уруксатты кароо жана берүү үчүн лицензиялык жыйымдын төлөнбөшү.
2. Ушул берененин биринчи бөлүмүнүн 3, 4, 5-пункттарында көрсөтүлгөн баш тартуунун негиздери жокко чыгарылган учурда арыз экинчи ирет каралууга тийиш. Мында арызды кароонун жана лицензияны жана (же) уруксатты берүүнүн мөөнөтү экинчи ирет кароого арыз берилген күндөн тартып эсептеле баштайт.
3. Ушул беренеде каралбаган башка негиздер боюнча лицензияны жана (же) уруксатты берүүдөн баш тартууга тыюу салынат.
4. Лицензияны жана (же) уруксатты берүүдөн баш тартылган учурда лицензиар лицензияны жана (же) уруксатты берүү үчүн белгиленген мөөнөттөрдө лицензия жана (же) уруксат алуучуга баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу түрүндө кабарлоого милдеттүү.
22-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты берүүдөн баш тартууга даттануу жана негизсиз баш тартуунун натыйжасында зыяндын ордун толтуруу
1. Арыз ээси лицензиардын лицензияны жана (же) уруксатты берүүдөн баш тартуусуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
2. Лицензияны берүүдөн негизсиз баш тартуудан жана лицензиаттын укуктарын бузуудан келип чыккан зыяндын ордун тол туруу жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте ишке ашырылат.
23-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра тариздөө
1. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра тариздөөгө төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) юридикалык жакты кайра уюштуруу;
2) юридикалык жактын аталышынын өзгөрүүсү;
3) жеке жактын аты-жөнүнүн өзгөрүүсү;
4) лицензиянын ажыратылышы;
5) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтүнүн узартылышы.
2. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра тариздөө үчүн негиздер пайда болгон учурда лицензиат лицензияны жана (же) уруксатты кайра тариздөө жөнүндө арызы менен кайрылууга милдеттүү.
3. Тиешелүү өзгөртүүлөрдү тастыктоочу документтерди тиркөө менен, кайра тариздөөнүн негиздерин жана жаңы маалыматтарды көрсөтүү менен лицензияны жана (же) уруксатты кайра тариздөө жөнүндө арыз лицензиарга лицензиат тарабынан лицензияны жана (же) уруксатты кайра тариздөө үчүн негиздер пайда болгон күндөн тартып он беш жумушчу күндөн кечиктирилбестен берилет.
4. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра тариздөө лицензиар тарабынан тиешелүү арызды кабыл алынган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра тариздөөдө лицензиар реестрге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
5. Эгерде лицензия убактылуу болсо кайра таризделген лицензиянын мөөнөтү мурдагы лицензияда көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтүнөн ашпашы керек.
24-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө арызга тиркелүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарды өзгөртүү
1. Лицензиат бул Мыйзамдын 23-беренесинде каралган лицензияны жана (же) уруксатты кайра тариздөө үчүн негиз болуп саналбаган, лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө арызга тиркелүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын бардык өзгөрүүлөрү тууралуу лицензиарга кабарлоого милдеттүү.
2. Билдирүү өзгөрүүлөр пайда болгондон кийин он жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө көрсөтүлгөн өзгөрүүлөрдү тастыктоочу документтердин түп нускалары же алардын көчүрмөлөрү менен (текшерүү үчүн алардын түп нускаларын берүү менен) бирге берилет.
3. Лицензиар билдирүү келип түшкөн датадан тартып үч жумушчу күндүн ичинде реестрге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
25-берене. Убактылуу лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуу
1. Убактылуу лицензияны колдонуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн.
2. Убактылуу лицензияларды узартуунун негиздери жана тартиби Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо менен белгиленет.
3. Лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуудан баш тартылганда лицензиат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
26-берене. Лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликаттарын берүү
1. Лицензияны жана (же) уруксатты жоготкондо, бузуп алганда лицензиат лицензиарга жөнөтүлүүчү жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын алууга укуктуу. Лицензияны жана (же) уруксатты бузуп алган учурда арызга лицензиянын жана (же) уруксаттын бузулган бланкы да тиркелет.
2. Лицензиянын жана (же) уруксаттын жоготулган, бүлүнгөн бланкалары лицензиат тарабынан арыз берилген күндөн тартып жараксыз деп саналат.
3. Лицензиар арыз берилген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде лицензиянын жана (же) уруксаттын жогорку оц жак бурчунда «Дубликат» деген жазуусу бар дубликаттарды берет,
4. Лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүүдөн баш тартуусу тууралуу лицензиардын чечимине лицензиат мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
27-берене. Чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары берген лицензияларды таануу
1. Чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары берген лицензияларды Кыргыз Республикасынын аймагында таануу лицензияларды өз ара таануу тартибинде, эл аралык макулдашуулардын негизинде лицензияларды сөзсүз таануу тартибинде, ошондой эле бир тараптуу тартипте да жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан иштин айрым түрлөрүнө берилген лицензиялар лицензиялоонун кошумча жол-жоболорун жүргүзүүсүз жана улуттук лицензия берүүсүз (банк чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары) тиешелүү лицензиар тарабынан бул тууралуу маалыматтарды реестрге киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга жарактуу болуп таанылат.
3. Чет өлкөлүк мамлекетте берилген лицензиялар ушул лицензияларды Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү лицензиялардын тизмесине киргизүү шартында бир тараптуу тартипте таанылат.
Чет өлкөлүк мамлекеттердин лицензиарлары тарабынан берилген, лицензиялык талаптары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендерге окшош же жогору болгон гана лицензиялар, Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмесине киргизилет. Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмесинде лицензиялардын жана бул лицензияларды берген мамлекеттердин аталыштары көрсөтүлүшү керек.
Чет өлкөлүк мамлекеттин лицензиары тарабынан берилген лицензияны бир тараптуу таануу ушул беренеде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Лицензияны таануу жол-жобосу берилген лицензиялардын жана документтердин аныктыгын текшерүү жана лицензияны таануу жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизүү жол-жобосуна негизделет.
5. Чет өлкөлүк мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген лицензиянын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууну таануу жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизүү үчүн лицензиат төмөнкү документтерди берүү менен лицензияны таануу жөнүндө арыз менен тийиштүү лицензиарга кайрылат:
1) чет өлкөлүк мамлекеттин ыйгарым укуктуу жагы тарабынан берилген лицензиянын түп нускасын жана көчүрмөсүн;
2) субъекттин ишинин мыйзамдуулугун тастыктоочу документтерди (келип чыккан өлкөдөгү мамлекеттик каттоо).
Көрсөтүлгөн документтер мамлекеттик жана расмий тилдеги котормосу менен чет элдик расмий документтерди консулдук мыйзамдаштыруунун талаптарына ылайык күбөлөндүрүлөт же апостиль коюлат.
6. Лицензиар берилген документтерге үч жумушчу күндүн ичинде текшерүүнү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын аймагында аталган лицензиянын колдонулушун таануу жөнүндө маалыматты реестрге киргизет.
7. Чет өлкөлүк мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген лицензияны колдонуу мөөнөтү чектелген учурда, Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган лицензияны колдонуу тиешелүүлүгүнө жараша чет өлкөлүк мамлекет тарабынан берилген лицензияны колдонуу мөөнөтүнө чектелет.
8. Лицензиясы белгиленген тартипте таанылган лицензиат тарабынан лицензиялык жөнгө салынууга тийиш болгон иштин тиешелүү түрүн ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген лицензиялык талаптар бузулган учурда лицензиар лицензиат тарабынан лицензиялык талаптар сакталбаган учурда, лицензиар өзүнүн чечими менен бул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында аталган лицензияны колдонууну токтото алат же лицензиар лицензияны колдонууну токтоткон себептер жоюлбаган учурда лицензияны таануу жөнүндө чечим лицензиардын кайрылуусунун негизинде соттук тартипте жокко чыгарылышы мүмкүн.
9. Лицензиат таанылган лицензияны колдонууну токтото туруу жөнүндө лицензиардын чечимин соттук тартипте даттанууга укуктуу.
28-берене. Лицензиялык контролдоо
1. Лицензиялык контролдоо бул Мыйзамда жана иштин айрым түрлөрүн жөнгө салган ченемдик укуктук актыларда белгиленген лицензиялык талаптардын лицензиат тарабынан сакталышын текшерүү максатында тиешелүү лицензиар тарабынан жүргүзүлөт. Лицензиялык контролдоону жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2. Лицензиялык контролдоо лицензиат тарабынан лицензиялык талаптарды сактоосун лицензиялык текшерүү формасында жүргүзүлөт,
3. Лицензиялык текшерүүлөр лицензиар тарабынан бекитилген планга ылайык жүргүзүлөт.
4. Лицензиялык текшерүүнү жүргүзүүнүн предмети лицензиат тарабынан лицензиялык талаптардын аткарылышын текшерүү, мурдагы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган талаптарды бузуулардын лицензиат тарабынан жоюлушун текшерүү болуп саналат.
5. Лицензиялык талаптар аткарылбаган учурда лицензиатка төмөнкүдөй таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн:
1) эскертүү;
2) жазапул;
3) лицензияны же уруксатты колдонууну убактылуу токтото туруу;
4) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу тууралуу маселени караштыруу үчүн сот органдарына доо арыз берүү.
6. Лицензиялык талаптарды бир жолку одоно бузгандыгы үчүн лицензиар эскертүү берүү түрүндөгү таасир этүү чарасын колдонууга укуктуу;
7. Лицензиялык талаптарды кайталап одоно бузгандыгы үчүн лицензиар жазапул салуу түрүндөгү таасир этүү чарасын колдонууга укуктуу.
29-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтото туруу
1. Лицензиялык талаптарды үч жолку одоно бузуу үчүн лицензиар мурда эскертүү алган же жазапул салынган субъекттин лицензиясын жана (же) уруксатын колдонууну үч айга чейинки мөөнөткө токтото турууга укуктуу.
2. Лицензиат лицензияны жана (же) уруксатты убактылуу токтото турууга алып келген лицензиялык талаптарды бузууну жоюу жөнүндө лицензиарга жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
3. Лицензияны колдонуу мөөнөтү аны колдонуу токтотулуп турган мезгилге узартылбайт.
4. Эгерде белгиленген мөөнөттө лицензиат лицензияны жана (же) уруксатты токтото турууга алып келген лицензиялык талаптарды бузууну жойбосо, лицензия жана уруксат бул Мыйзамдын 31-беренесинде каралган тартипте жокко чыгарылат.
5. Лицензиат лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтото туруу жөнүндө чечимге соттук тартипте даттанууга укуктуу.
30-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну кайра жаңыртуу
1. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу лицензиат тарабынан лицензиялык бузуулар жоюлган шартта же лицензиат тарабынан лицензиялык талаптарды бузуу мөөнөтүнөн эрте жоюлган учурларда лицензия жана (же) уруксат убактылуу токтотулган мөөнөт аяктаганга чейин лицензия жана (же) уруксат токтотулган мөөнөт аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып лицензиар тарабынан кайра жаңыртылат.
2. Табылган лицензиялык талаптарды бузууларды мөөнөтүнөн эрте жойгон учурда лицензиат бул жөнүндө лицензиарга жазуу жүзүндө кабарлайт жана лицензиялык текшерүүнү демилгелейт.
3. Лицензиар табылган бузуулардын жоюлушуна лицензиялык текшерүүнү лицензиаттын бузууларды мөөнөтүнөн эрте жоюу жөнүндө билдирүүсүн алган күндөн тартып, отуз күндүк мөөнөттө же 5 жумушчу күндөн кеч эмес жүргүзөт жана текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча лицензиатка лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну кайра жаңыртуу, же тиешелүү негиздеме менен аны кайра жаңыртуудан баш тартуу жөнүндө чечимин жазуу жүзүндө жөнөтөт жана тиешелүү маалыматтарды реестрге киргизет.
4. Лицензия бул тууралуу маалымат реестрге киргизилген датадан тартып өз аракетин кайра жаңырткан болуп саналат.
5. Лицензиат лицензияны жана (же) уруксатты кайра жаңыртуудан баш тартуу жөнүндө лицензиардын чечимин мыйзам тарабынан белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
31-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу
1. Төмөнкү учурларда лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу токтотулат:
1) жеке жак тарабынан жеке ишкер катары иш токтотулганда;
2) юридикалык жак жоюлганда;
3) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
4) аларды ишке ашырууга берилген лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу операциялары толук көлөмдө аткарылганда;
5) лицензиат тарабынан иштин лицензиялануучу түрүн ишке ашыруу ыктыярдуу токтотулганда, лицензиаттын (лицензиаттын укук мураскеринин) арызы берилгенде;
6) иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн тизмесинен иштин айрым бир түрү алынып салынганда;
7) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу. жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
8) жеке жак каза болгон учурда.
2. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу токтотулганда лицензиар лицензияны жана (же) уруксатты токтотуу жөнүндө маалыматты реестрге киргизет. Маалыматтар реестрге киргизилген датадан тартып лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу токтотулган болуп таанылат.
Лицензиатта болгон кагаз жүзүндөгү лицензия жана (же) уруксат лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилген датадан баштап жараксыз деп саналат.
32-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу
1. Лицензиар лицензияны колдонууну токтотуп турган себептер жоюлбаган учурда лицензия жана (же) уруксат лицензиардын арызын кароонун негизинде соттун чечими менен жокко чыгарылат.
2. Иштин айрым түрлөрүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар менен лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруунун дагы башка негиздери каралышы мүмкүн.
Лицензияларды жана (же) уруксаттарды жокко чыгаруу (чакыртып алуу) бул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат,
33-берене. Бул Мыйзамды ишке киргизүүнүн тартиби
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
14-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун үчүнчү абзацы өз алдынча жөнгө салуучу уюмдар жөнүндө ченемдик укуктук акт кабыл алынгандан кийин күчүнө кирет.
2. Бул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., № 3,126-б.);
- «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин Тоо» гезити, 1998-жылдын 4-марты, № 26-27);
- «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин Тоо» гезити, 1998-жылдын 29-апрели, № 53-54);
- «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин-Тоо» гезити, 1998-жылдын 10-июлу, № 89-90);
- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 12-сентябрындагы № 121 Мыйзамынын 2-беренеси;
- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренеси («Эркин-Тоо» гезити, 1999-жылдын 10-декабры, № 97);
- «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин-Тоо» гезити, 2001-жылдын 31-январы, № 8);
- «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин-Тоо» гезити, 2001-жылдын 20-июну, № 44);
- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси («Эркин-Тоо». гезити, 2003-жылдын 25-февралы, № 14);
- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси («Эркин-Тоо» гезити, 2003-жылдын 28-февралы, № 15);
- «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасыньш Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин-Тоо» гезити, 2003-жылдын 18-марты, № 19);
- «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин-Тоо» гезити, 2003-жылдын 17-июну, № 44);
- «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2003-ж., № 11, 506-б);
- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2004-ж., № 3, 133-6);
- «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2005-ж., № 1);
- «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2006-ж., № 1, 23-б);
- «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2007-ж., № 4, 348-6);
- «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин-Тоо» гезити, 2008-жылдын 22-апрели, № 29);
- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси («Эркин-Тоо» гезити, 2008-жылдын 7-майы, № 32);
- «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин-Тоо» гезити, 2008-жылдын 6-июну, № 40-41);
- «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин- Тоо» гезити, 2008-жылдын 20-июну, № 45);
- «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин-Тоо» гезити, 2008-жылдын 4-июлу, № 48);
- «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин-Тоо» гезити, 2008-жылдын 4-ноябры, № 85);
- «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин-Тоо» гезити, 2008-жылдын 21-ноябры, № 88);
- «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин-Тоо» гезити, 2009-жылдын 8-сентябры, № 78);
- «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин-Тоо» гезити, 2009-жылдын 16-октябры, № 88);
- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси («Эркин-Тоо» гезити, 2011-жылдын 11-октябры, № 86);
- «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин-Тоо» гезити, 2011-жылдын 24-декабры, № 110);
- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренеси («Эркин- Тоо» гезити, 2012-жылдын 12-октябры, № 90);
- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренеси («Эркин-Тоо» гезити, 2012-жылдын 19-октябры, № 92);
- «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин- Тоо» гезити, 2012-жылдын 20-ноябры, № 102).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө:
1) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын бул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдарды бул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуш киргизсин;
3) бул Мыйзамдан келип чыккан финансылык, уюштуруучулук жана башка маселелерди чечсин.
4. Бул Мыйзамды колдонууга киргизүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында бул Мыйзамда каралбаган иштин түрлөрүн, аракеттерди, операцияларды лицензиялык жөнгө салуу токтотулат.
5. Бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген лицензиялар өздөрүнүн юридикалык күчүндө калат.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|