Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-июну № 364
"Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведомосттору, 1999-ж., № 10, 442-б.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-берене төмөнкү мазмундагы 25-абзац менен толукталсын:
"Тездетилген сотко чейинки өндүрүш - ушул Кодексте көрсөтүлгөн негиздер боюнча жана чоң коркунуч келтирбеген жана анча оор эмес кылмыштар боюнча алгачкы текшерүү органдары, тергөөчү жана прокурор тарабынан кыска мөөнөт ичинде жасалуучу жана кабыл алуучу процесстик амалдардын жана процесстик чечимдердин жыйындысы.".
2. 34-берененин 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"18) тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн протоколун бекитет;".
3. 38-берененин 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) ушул Кодексте көрсөтүлгөн тартипте тездетилген сотко чейинки өндүрүштү ишке ашырат.".
4. 41-берененин 1-бөлүгү "айыпкер катарында жоопко тартуу жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "же тездетилген сотко чейинки өндүрүш жөнүндөгү протоколду түзүү" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 42-беренеде:
1-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1) айыпкер катарында жоопко тартуу, экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдордун, тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн протоколунун көчүрмөсүн алууга;";
1-бөлүк төмөнкү мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13) тездетилген сотко чейинки өндүрүшкө макулдук берүү.".
6. 81-беренеде:
4-бөлүк төмөнкү мазмундагы 2-3-пункту менен толукталсын:
"2-3) тездетилген сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча ушул Кодекстин 45-1-главасынын эрежелерин бузуу менен алынган далилдер;".
7. 157-берене төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Алгачкы текшерүү органдары ушул Кодекстин 416-1-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган процесстик жана тергөө амалдарын жүргүзүүгө укуктуу.".
8. 162-берененин 1-бөлүгү "жеке айып койгон кылмыштар" деген сөздөрдөн кийин "жана тездетилген сотко чейинки өндүрүш" деген сөздөр менен толукталсын.
9. 251-берене төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Тездетилген сотко чейинки өндүрүштө тараптардын келиши тездетилген сотко чейинки өндүрүш жүргүзгөн органдар тарабынан камсыз кылынат.".
10. 259-берененин 3-бөлүгү "соттолуучунун келүүсүн камсыздоо" деген сөздөрдөн кийин ал эми тездетилген сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча сот тездетилген сотко чейинки өндүрүш жүргүзгөн органдарды процесстин катышуучуларынын келишин камсыздоону милдеттендирет" деген сөздөр менен толукталсын.
11. 328-1-беренеси төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"(3) Тездетилген сотко чейинки өндүрүш тартибинде аякталган кылмыш иштери ушул главанын эрежелерине ылайык каралат.".
12. Кодекс төмөнкү мазмундагы 45-1-главасы менен толукталсын:
"45-1-глава Тездетилген сотко чейинки өндүрүш.
416-1-берене. Тездетилген сотко чейинки өндүрүш тартиби
1. Чоң коркунуч келтирбеген жана анча оор эмес кылмыштар жөнүндө иштер боюнча тездетилген сотко чейинки өндүрүш кылмыш фактысы аныкталса, аны жасаган адам белгилүү болсо, өз күнөөсүн мойнуна алса, далилдер, кылмыш менен келтирилген зыяндын өлчөмү жана мүнөзү боюнча талаш-тартышы болбосо жана өзүнүн ишин тездетилген сотко чейинки өндүрүш тартибинде каралуусуна макул болгон учурда жүргүзүлөт.
Кылмышты жасаган адамдын тездетилген сотко чейинки өндүрүшкө макулдук берүүсү жактоочунун катышуусунда жүргүзүлөт.
Жактоочудан баш тартуу ушул Кодекстин 47-беренесинин талабын сактоо менен жүргүзүлөт жана иштин тездетилген сотко чейинки өндүрүш тартибинде каралуусуна тоскоол болбойт.
2. Тездетилген сотко чейинки өндүрүш тартиби ушул Кодексте көрсөтүлгөн жалпы эрежелер менен аныкталат, ушул глава менен белгиленгендерден тышкары.
3. Алгачкы текшерүү органдары, тергөөчү тездетилген сотко чейинки өндүрүш учурунда кылмыш ишин козгогонго чейин он сутканын ичинде окуя болгон жерди карап чыгууга, экспертиза дайындоого, арыз ээсинен, көргөн адамдардан жана кылмыш жасаган адамдан жазуу түрүндө түшүнүк алууга, документтерди жана башка материалдарды талап кылууга, соттолгондугу тууралуу маалым катты, мүнөздөмөнү, аудио жана видеотасма материалдарын алууга укуктуу.
Арыз ээси, көргөн адамдар жана кылмыш жасаган адам жасалган кылмыштын билинген жагдайлары жөнүндө түшүнүк беришет.
Түшүнүк берип жаткан адамдарга өзүнө, күйөөсүнө (жубайына) жана жакын туугандарына каршы түшүнүк бербөө укугу түшүндүрүлөт.
4. Кылмыш жасаган адамдан ушул Кодекстин 116-беренесине ылайык алгачкы текшерүү органдарынын, тергөөчүнүн жана соттун чакыруусу боюнча келип туруу жана жашаган жеринин өзгөрүүсү тууралуу билдирүү жөнүндө кол кат алынат. Алгачкы текшерүү органдарына, тергөөчүгө же болбосо соттук отурумга келбей койгон учурда, кылмыш жасаган адам айдап келүүгө дуушар болушу мүмкүн.
5. Тездетилген сотко чейинки өндүрүшүндө алгачкы текшерүү органдарынын, тергөөчүнүн, прокурордун аракеттерине жана чечимдерине Ушул кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
6. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн тергөө амалдарын жүргүзүү зарылчылыгы болгон учурда, иш тергөө жүргүзүүнүн жалпы эрежелери боюнча каралууга жатат.
416-2-берене. Тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтү
Тездетилген сотко чейинки өндүрүш алгачкы текшерүү органдарына, тергөөчүгө кылмыш жөнүндө арыз же билдирүү келип түшкөн күндөн баштап кылмыш ишинин сотко жиберилүүсү үчүн прокурорго жөнөтүлүшүнө чейин он суткадан кеч эмес мөөнөттө аякташ керек.
416-3-берене. Тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн аякталышы
1. Өндүрүш кылмыш жасаган адам, жактоочунун иштин материалдары менен таанышуусу жана тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн протоколун түзүү менен аяктайт.
2. Протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) анын түзүлгөн убактысы, орду, тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн протоколу ким тарабынан түзүлгөндүгү, тездетилген сотко чейинки өндүрүш протоколу кимге карата түзүлсө, ошол адамдын аты-жөнү, туулган жылы, айы, күнү жана туулган жери;
2) айыбы угузулган кылмыштын жасалган убактысы, орду жана ушул Кодекстин 82-беренесине ылайык далилдөөгө жаткан башка жагдайлардын баяндалышы;
3) бул кылмышка карата жоопкерчиликти кароочу кылмыш-жаза мыйзамы (берене, бөлүк, пункт);
4) адамдын өз күнөөсүн мойнуна алуусу;
5) тездетилген сотко чейинки өндүрүшкө макулдугу;
6) тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн материалдары менен таанышуу учурундагы арыздар жана өтүнүчтөр.
Протоколго бардык материалдар, ошондой эле сотко чакырылууга тийиш болгон адамдардын тизмеси тиркелет.
416-4-берене. Тездетилген сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча прокурордун иш-аракеттери
1. Тездетилген сотко чейинки өндүрүш тартибинде аякталган кылмыш иштери алгачкы текшерүү органдары, тергөөчү тарабынан келип түшкөн учурда прокурор жыйырма төрт сааттын ичинде ишти текшерип чыгып жана төмөнкү чечимдерден бирөөсүн кабыл алууга милдеттүү:
1) тездетилген сотко чейинки өндүрүш протоколун бекитип жана ишти сотко жиберүү;
2) тездетилген сотко чейинки өндүрүш протоколун бекитүүдөн баш тартуу жана кылмыш ишин козгоо, аны тергөөгө караштуулук боюнча жөнөтүү;
3) ушул Кодекстин 28-беренесинде көрсөтүлгөн негиздер болсо, тездетилген сотко чейинки өндүрүштөгү кылмыш ишин кыскартуу;
4) анча оор эмес кылмыштар боюнча тездетилген сотко чейинки өндүрүш ишин Кылмыш-жаза кодексинин 65-беренесинде көрсөтүлгөн негиздер болсо токтотуу жана ал материалдарды аксакалдар сотуна жөнөтүү.
2. Тездетилген сотко чейинки өндүрүш протоколунун прокурор тарабынан бекитилиши кылмыш ишинин козголгондугун жана кылмышты жасаган адамдын айыпкер деп табылышын билдирет.
416-5-берене. Тергөө жүргүзүү
1. Ушул Кодекстин 416-1-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштар жөнүндө кылмыш иштерин тергөө төмөнкү учурларда ушул Кодекстин жалпы эрежелери боюнча жүргүзүлөт:
1) иштин тездетилген сотко чейинки өндүрүш тартибинде каралуусуна кылмыш жасаган адамдын макулдугу болбогон учурда (күнөөнү мойнуна албоо);
2) эгерде кылмыштан мүлктүк зыян тарткан жеке же юридикалык жак анын ордун толтурууну талап кылса;
3) бир нече кылмыштардын каралуусунда, жок дегенде алардын бирөөсү оор же өзгөчө оор болгон учурларда;
4) кылмыш бир топ адамдар тарабынан жасалганда жана алардын ичинен жок дегенде бирөөсү күнөөсүн мойнуна албай же болбосо тездетилген сотко чейинки өндүрүш тартибинде иштин каралышына макул болбогон учурда;
5) эгерде кылмыш жашы жете элек өспүрүм тарабынан жасалса, ошондой эле өзүн коргоо укугун физикалык же болбосо психикалык жетишпестигине байланыштуу ишке ашыра албаган адамдар тарабынан жасалган учурда;
6) эгерде жети сутканын ичинде жасалган кылмыштын маанилүү жагдайларын тактоого мүмкүн болбосо;
7) тездетилген сотко чейинки өндүрүш тартибинде аякталган кылмыш ишинин прокурор тарабынан тергөө жүргүзүү үчүн кайтарылган учурунда.
2. Тергөө жүргүзүү ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө аяктоого тийиш.
416-6-берене. Келип түшкөн тездетилген сотко чейинки өндүрүш кылмыш иши боюнча соттун ыйгарым укуктары
1. Прокурордон келип түшкөн кылмыш иши боюнча сот даярдык көрүү аракетин жүргүзөт жана ушул Кодекстин 32-главасынын эрежелерине ылайык чечим кабыл алат.
2. Кылмыш иши боюнча чечим сотко келип түшкөн күндөн баштап, беш суткадан кеч эмес мөөнөттө кабыл алынууга тийиш.
416-7-берене. Тездетилген сотко чейинки өндүрүштөгү кылмыш ишинин соттук отурумда каралуусу
Тездетилген сотко чейинки өндүрүштөгү кылмыш иштеринин соттук отурумда каралышы ушул Кодекстин 36-1-главасынын талаптары боюнча жүргүзүлөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ