Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 638 токтомунун редакциясына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-июлу № 393
"Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри жана Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
"Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1991-ж., № 22, 692-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
4-беренесинин экинчи бөлүгү төмөнкү мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар деп таанылгандарга.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|