Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 310 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Катчылыкты түзүүнүн максаттары жана ишинин предмети
3. Катчылыктын ишин уюштуруу
4. Катчылыктын жумушчу органдары
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин (мындан ары - Кеңеш) катчылыгы - Электрондук башкаруунун мамлекеттик борборунун (мындан ары - Катчылык) статусун белгилейт жана ишинин негизин регламенттейт.
2. Катчылык аткаруу бийлиги органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын "Электрондук Өкмөттү" жана электрондук башкарууну ишке киргизүү боюнча иштерин координациялоо жана оптималдаштыруу максатында коомдук башталышта өз ишин жүргүзүүчү Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (мындан ары - МКТ) боюнча кеңештин жумушчу органы болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого ылайык аракеттенет.
2. Катчылыкты түзүүнүн максаттары жана ишинин предмети
3. Катчылыкты түзүүнүн негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана "Электрондук Өкмөт" чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууда мамлекеттик органдардын ишин стратегиялык пландаштыруу жана координациялоо;
- Кыргыз Республикасында МКТны жана "Электрондук Өкмөттү" өнүктүрүү боюнча аракеттердин стратегияларынын жана пландарынын долбоорлорун иштеп чыгуу бөлүгүндө Кеңеш үчүн сунуштарды даярдоо.
Жогоруда аталган максаттарга жетүү үчүн Катчылык төмөнкү негизги милдеттерди аткарат:
- Кыргыз Республикасынын калкы жана бизнес коомчулуктары үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматта берүү максатында жалпы телекоммуникациялык инфраструктураны жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын түзүү менен мамлекеттик башкаруу системасын инновациялык кайра түзүүгө өбөлгө болуучу "Электрондук Өкмөттүн" бирдиктүү архитектурасын түзүүнү иштеп чыгуу жана координациялоо;
- мамлекеттик ведомстволор жана уюмдар тарабынан МКТ жаатында жүргүзүлүүчү сатып алууларды уюштуруу жана координациялоо жолу менен мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында пайдаланылган тиркемелерди долбоорлоо жана борборлоштуруп башкаруу;
- мамлекеттик маалыматтык системанын коопсуздугун жана маалыматты сактоону уюштуруу;
- колдонуудагы ченемдик укуктук базага жана тиешелүү жааттагы чечимдерди кабыл алуу процесстерине ылайык өкмөттүк веб-ресурстарды, электрондук документ жүгүртүүнүн бирдиктүү системасын, электрондук почта, мамлекеттик башкаруу органдарында аутентификация жана санариптик кол тамга системасын, кадрларды эсепке алуунун, финансылык башкаруу жана ушул сыяктуулардын бирдиктүү мамлекеттик системасын өнүктүрүү жана башкаруу боюнча иш чараларды координациялоо.
4. Катчылык Кеңештин бекитип берүүсү үчүн МКТ боюнча ар жылдык иш планын өз алдынча түзөт жана аларды аткарууну уюштурат.
5. Катчылык аталган максаттарга жетүү жана милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- МКТ жаатындагы мамлекеттик мекемелерде кадрдык саясатка карата МКТ боюнча кеңешке сунуштарды иштеп чыгууга;
- өз милдеттерин аткарууда зарыл болгон маалыматтарды жана башка материалдарды мамлекеттик бийлик органдарынан суроого жана белгиленген тартипте алууга;
- зарыл болгон адистерди жана эксперттерди ишке тартуу менен белгиленген тартипте убактылуу жумушчу топторду түзүүгө;
- колдонуудагы мыйзамга каршы келбеген башка ар кандай ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.
3. Катчылыктын ишин уюштуруу
6. Катчылыкты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары жетектейт, ал Катчылыктын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин жооптуу катчысы жана маалыматташтыруу боюнча мамлекеттик жетекчи болуп саналат.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы - Катчылыктын жетекчисинин орун басары болуп эсептелет.
8. Катчылыктын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын орун басарлары кирет, алар Катчылыкта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобонун жана ушул Жобонун негизинде өз иштерин аткарышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын орун басарлары электрондук башкарууну ишке киргизүү чөйрөсүндөгү тейлеген мамлекеттик органдардын ишин координациялайт, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдойт жана бул чөйрөдө сунуштарды киргизет.
9. Катчылыктын жетекчиси:
- Катчылыктын ишин жетектейт, анын ишин уюштурат жана Катчылыкка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жооптуу болот;
- мамлекеттик органдарда, эл аралык жана башка уюмдарда Катчылыктын атынан чыгат;
- Катчылыктын компетенциясына кирген бардык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
10. Министрликтерге, мамлекеттик комитетке жана ведомстволорго "Электрондук өкмөттү" киргизүү үчүн жооптуу аткаруучулар болуп жетекчинин аныктоосу боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарлары же статс-катчылары саналышат.
4. Катчылыктын жумушчу органдары
11. Катчылыктын жумушчу органдары болуп төмөнкүлөр эсептелишет:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, анын милдеттерине "Электрондук Өкмөт" жана электрондук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү саясатты, ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, МКТ боюнча кеңештин отурумдарына документтерди даярдоо, маалыматтык-талдоочу материалдар менен камсыздоо, берилген материалдарды иштеп чыгуу жана жалпылаштыруу, МКТ боюнча кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоо кирет;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, анын милдеттерине "Электрондук өкмөт" жана электрондук документ жүргүзүү системасын программалык камсыздоону каржылоо жана киргизүү, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү техникалык коштоо жана камсыздоо, ошондой эле бирдиктүү стандарттарды, маалымдамаларды жана техникалык регламенттерди иштеп чыгуу маселелери кирет;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, анын милдеттерине "Электрондук Өкмөттүн" иштөөсү үчүн IT-инфраструктураларын түзүү, өнүктүрүү жана тейлөө кирет;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, анын милдеттерине маалыматтуулукту жана киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо кирет.
Эскертүү: IT-инфраструктура - заманбап ишкананын автоматташтырылган маалымат технологияларынын комплекстүү жана өз ара байланышта иштөө системасы.