Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июнундагы № 317 токтому менен бекитилген |
1. Ушул Жобо Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган Баскынчылык же баскынчылык актысын жүргүзүү коркунучу пайда болгон учурда Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмуна мүчө мамлекеттерге аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнүн механизми жөнүндө Протоколду (мындан ары - Протокол) Кыргыз Республикасында ишке ашыруу тартибин аныктайт.
2. Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмуна (мындан ары - Уюм) мүчө мамлекетке аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан төмөнкү учурларда кабыл алынат:
а) Уюмдун Жамааттык коопсуздук уюмунун кеңеши тарабынан Уюмга мүчө мамлекеттердин бирине каршы баскынчылык актысын жүргүзүү коркунучу катары бааланган кырдаал пайда болгон учурда;
б) өтө шашылыш учурларда - Уюмга мүчө мамлекеттин башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылганда;
в) күн мурунтан аныкталган баскынчылыкка даярданууда, эл аралык терроризмдин ири масштабдагы актыларын пландоодо жана бир же бир нече Тараптардын коопсуздугуна, эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө башка тышкы коркунучтардын болушу мүмкүн болгондо;
г) баскынчылык, эл аралык терроризмдин ири масштабдагы актылары жасалганда жана бир же бир нече Тараптардын коопсуздугуна, эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө башка тышкы коркунучтар болгондо.
3. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - КР Коргоо министрлиги) Уюмдун мүчөсүнүн аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылуусу (мындан ары - кайрылуу) тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кечиктирбестен кабарлайт.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен биргеликте жана зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле коргонуу-өндүрүштүк ишканалардын-аскердик багыттагы продукцияларды чыгаруучулардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен аскердик-техникалык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн аныктоо, аскердик багыттагы продукциянын номенклатурасын, жеткирүүлөрдүн көлөмдөрүн, шарттарын жана ишке ашыруунун мөөнөттөрүн белгилөө максатында кайрылууну кароону уюштурат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды даярдайт.
Кайрылууну кароо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды даярдоо мөөнөтү кайрылуу келип түшкөн күндөн баштап беш күндөн ашпашы керек.
5. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан ушул Жобонун 4-пунктуна ылайык даярдалган сунуш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечиминин долбоору менен бирге белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорунда аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнүн мүнөзү, көлөмү, тартиби жана мөөнөттөрү, ошондой эле аны көрсөтүүнүн шарттары көрсөтүлүшү керек.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Уюмга мүчө мамлекетке аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө кабыл алынган чечим тууралуу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Уюмдун Башкы катчысына белгиленген тартипте маалымдайт, ал бул чечимди Уюмдун жамааттык коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө жеткирет.
7. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Уюмга мүчө мамлекетке аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө чечимдеринин аткарылышын контролдоону;
б) аскердик-техникалык жардам көрсөтүү менен байланышкан иштерди координациялоо максатында кызыкдар Уюмга мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы жана (же) Уюмдун Катчылыгы менен өз ара аракеттенүүнү.
8. Уюмга мүчө мамлекетке жеткирилүүчү аскердик багыттагы продукцияда камтылган мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Жеткирилүүчү аскердик багыттагы продукцияда камтылган мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды коргоо, ошондой эле Уюмга мүчө мамлекет алган аскердик багыттагы продукциянын максаттуу пайдаланылышын контролдоо эки тараптуу эл аралык макулдашууларга жана ушул мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
9. Чет мамлекеттердин аймактары боюнча жеткирилүүчү аскердик багыттагы продукцияны ташуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу, анын ичинде аэронавигациялык, аэродромдук-техникалык, транспорттук жана камсыздоонун башка түрлөрүнүн тартибин макулдашуу эл аралык макулдашууларга, аймагы боюнча ушул продукция ташылуучу мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен аскердик-техникалык жардам көрсөтүлүп жаткан Уюмга мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы менен түзүлгөн контракттарга (келишимдерге) ылайык ишке ашырылат.
10. Кыргыз Республикасы тарабынан Уюмга мүчө мамлекетке аскердик-техникалык жардамды жеткирүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды каржылоо ар бир учурда өзүнчө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен аныкталат.