Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-ноябры № 804
Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 392, 2014-жылдын 23-июнундагы № 348 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу, акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун чыгымдарын оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия туруктуу негизде төмөнкүлөр боюнча иш алып барсын:
- иштеп жаткан мамлекеттик ишканалардын тизмегин тактоо боюнча;
- министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилери тарабынан берилген маалыматтын негизинде акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун профилдик эмес активдеринин - экономикалык иштин негизги түрүнө кирбеген, чектеш жана көмөкчү өңдүрүштөрдө пайдаланылбаган мүлктүн, анын ичинде чарбакер коомдордун уставдык капиталдарындагы акциялардын жана катышуу үлүштөрүнүн максатка ылайык пайдаланылышын талдоо боюнча;
- мамлекеттик ишканалардын ишинин натыйжалуулугун комплекстүү талдоо боюнча;
- жыл сайын, 31-декабрга чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна төмөнкү маселелер боюнча сунуштарды киргизсин:
натыйжасыз мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу, жоюу;
акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканаларды жана акционердик коомдорду башкарууну андан ары өркүндөтүү, анын ичинде алардын уюштуруу түзүмдөрүн оптималдаштыруу;
министрликтердин жана ведомстволордун карамагында турган түзүмдөрдүн ишине алардын юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр катары иштөө зарылдыгына жараша талдоо жүргүзүү;
акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун профилдик эмес активдерин андан ары натыйжалуу башкаруу, анын ичинде аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатуу.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 348 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ведомстволор аралык комиссияга министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин, көз каранды эмес эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд аныкталсын.
6. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилери Ведомстволор аралык комиссиянын ишине бардык керектүү маалыматтарды берүү менен көмөк көрсөтүшсүн.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагындагы мамлекеттик ишканаларга карата колдонулбайт.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы Коомдук байкоо кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
коммерциялык эмес уюмдардын өкүлү (макулдашуу боюнча);
бизнес-жамааттын өкүлү (макулдашуу боюнча);
көз карандысыз эксперттер (2 адам, макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Момуналиев |
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-ноябры № 804
Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 392, 2014-жылдын 23-июнундагы № 348, 2016-жылдын 14-ноябрындагы № 577 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу, акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун чыгымдарын оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык
- Ведомстволор аралык комиссия үчүн мамлекеттик ишканаларды иштетүүнүн экономикалык максатка ылайыктуулугун аныктоо боюнча методикалык сунуштама 3-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-ноябрындагы № 577 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ведомстволор аралык комиссия туруктуу негизде төмөнкүлөр боюнча иш алып барсын:
- иштеп жаткан мамлекеттик ишканалардын тизмегин тактоо боюнча;
- министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилери тарабынан берилген маалыматтын негизинде акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун профилдик эмес активдеринин - экономикалык иштин негизги түрүнө кирбеген, чектеш жана көмөкчү өңдүрүштөрдө пайдаланылбаган мүлктүн, анын ичинде чарбакер коомдордун уставдык капиталдарындагы акциялардын жана катышуу үлүштөрүнүн максатка ылайык пайдаланылышын талдоо боюнча;
- мамлекеттик ишканалардын ишинин натыйжалуулугун комплекстүү талдоо боюнча;
- жыл сайын, 31-декабрга чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна төмөнкү маселелер боюнча сунуштарды киргизсин:
натыйжасыз мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу, жоюу;
акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканаларды жана акционердик коомдорду башкарууну андан ары өркүндөтүү, анын ичинде алардын уюштуруу түзүмдөрүн оптималдаштыруу;
министрликтердин жана ведомстволордун карамагында турган түзүмдөрдүн ишине алардын юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр катары иштөө зарылдыгына жараша талдоо жүргүзүү;
акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун профилдик эмес активдерин андан ары натыйжалуу башкаруу, анын ичинде аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатуу.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 348 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ведомстволор аралык комиссияга министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин, көз каранды эмес эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд аныкталсын.
6. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилери Ведомстволор аралык комиссиянын ишине бардык керектүү маалыматтарды берүү менен көмөк көрсөтүшсүн.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагындагы мамлекеттик ишканаларга карата колдонулбайт.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-ноябрындагы № 577 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун Коомдук кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
коммерциялык эмес уюмдардын өкүлү (макулдашуу боюнча);
бизнес-коомдоштуктун өкүлү (макулдашуу боюнча);