Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 102 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (мындан ары - Кызмат) атайын жабык эсеби Кыргыз Республикасынын Борбордук казыначылыгында "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарына паспортторду сатуудан алынган акча каражаттардын түшүүсүнүн, бөлүштүрүлүшүнүн жана пайдаланылышынын ачык-айкындыгын камсыздоо, паспорттордун буклеттерин даярдагандыгы жана бергендиги үчүн даярдоочу-ишкана менен өз убагында эсептешүү жана аларды персонификациялоо жана берүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына паспорт бергендиги жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен бөлүнгөн акча каражаттардан сырткары, Кыргыз Республикасынын калкына көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызматтардын бекитилген тизмесине ылайык Кызмат тарабынан мамлекеттик кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн мамлекеттик алымдын түшүү эсебинин ачык-айкындыгын камсыздоо максатында түзүлгөн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгындагы Кызматтын атайын жабык эсебинин каражаттары Кыргыз Республикасынын жарандарынын даярдалган жана персонификацияланган паспортторун сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын дипломатиялык паспорту;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын кызматтык паспорту;
анын ичинен Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынан төмөнкүлөрдү берүү үчүн алынган мамлекеттик алымдан:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун, ошондой эле кирешелердин эсебинен:
- Кызматтын акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүлөрүнөн;
- иштерди аткаруудан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн же иштин башка түрлөрүн жүргүзүүдөн;
- так отчеттуулук бланктарын сатуудан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбеген башка булактардан.
3. Каражаттарды чегерүү үчүн Кызмат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгында атайын жабык эсебин ачат.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгындагы Кызматтын атайын жабык эсебинин тескөөчүсү болуп Кызматынын жетекчиси саналат, ага бюджеттик акча каражаттарын тескөө укугу берилет.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгындагы Кызматтын атайын жабык эсебине түшкөн каражаттар бекитилген сметага ылайык төмөнкүлөр менен байланышкан чыгымдарды жабууга жумшалат:
- Кызматтын даярдоочу-ишкана менен макулдашкан берүү графигине ылайык Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун, Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун, Кыргыз Республикасынын жаранынын дипломатиялык паспортунун, Кыргыз Республикасынын жаранынын кызматтык паспортунун буклеттерин, так отчеттуулук бланкаларын жана аларга чыгымдоо материалдарын даярдоо жана берүү үчүн даярдоочу-ишканага төлөөгө;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун, Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун, Кыргыз Республикасынын жаранынын дипломатиялык паспортунун, Кыргыз Республикасынын жаранынын кызматтык паспортунун буклеттерин жана аларга чыгымдоо материалдарын берүүгө байланышкан салыктык жана бажылык төлөмдөргө төлөөгө;
- жабдууларды, уюштуруу техникасын, инвентарь жана аларга чыгымдоо материалдарын, документтерди автоматташтырып персонификациялоо системасына (мындан ары - ДАПС) жана программалык-техникалык комплексине (мындан ары - ПТК) байланышкан кеңсе буюмдарын сатып алууга;
- программалык продуктуну иштеп чыгуу, ДАПС жана ПТКны ишке киргизүү, ошондой эле документтерди тариздөө жана персонификациялоо үчүн контрактык негизде тартылган адистердин эмгегине төлөөгө;
- курьердик кызматка, колдонулган электр энергиясына, телефондук, атайын байланыш кызматтарына жана коммуналдык кызматтарга төлөөгө;
- Кызматтын имаратын оңдоого төлөөгө;
- Кызматтын имаратын кайтаруу кызматына төлөөгө;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алууда мамлекеттик алымды төлөөгө жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларына жеңилдик берүүгө;
- автоматташтырылган маалыматтык системага байланышкан кызматтарга жана иштерге төлөөгө, анын ичинен электрондук архивге жана электрондук документ жүгүртүүгө жана башка автоматташтырылган программалык продуктуларга;
- Кызматтын Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондусуна чегерүүгө.
6. Кызмат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын жабык эсепте топтолгон Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгындагы каражаттардын түшүү жана пайдалануу эсебин жүргүзөт жана белгиленген мөөнөттөрдө аларды пайдалануу жөнүндө отчет берет.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгында финансылык жылдын аягына чейин пайдаланылбаган Кызматтын атайын жабык эсебиндеги каражаттардын калдыгы баштапкы баланс катары кийинки финансылык жылга өтөт.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгындагы Кызматтын атайын жабык эсебинин аудити Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.