Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы N 102 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тууралуу ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы N 506, 2016-жылдын 23-августундагы № 454, 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 618 токтомдорунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын атайын эсебинин (мындан ары - атайын эсеп) каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (мындан ары - Кызмат), анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн, ишканаларынын тийиштүү материалдык-техникалык базасын түзүү, алардын иштеши үчүн зарыл шарттарды камсыздоо, ошондой эле Кызматтын кызматкерлерин социалдык коргоо жана кепилдик берүү максатында калыптандырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Атайын эсептин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кызматтын, ошондой эле анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана ишканаларынын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана чыңдоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык ресурстарын түзүү, калыптандыруу, тейлөө жана интеграциялоо;
- Кызматтын кызматкерлерин социалдык коргоону камсыздоо, алардын өндүрүштүк иштерине дем берүү.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы N 506, 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 618 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
II. Түзүү булактары
3. Атайын эсептин каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- өзүнүн ишин чарбалык эсеп принцибинде жүргүзгөн Кызматтын ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан алынган пайдага салыкты төлөгөндөн кийин калган пайданын суммасынын 10 пайызынан кем эмес өлчөмүндөгү чегерүүлөрдөн;
- Кызмат тарабынан персонификацияланган документтерди даярдоого контракттык нарктын өлчөмүнөн 10 пайыз өлчөмдөгү чегерүүлөрдөн;
- Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтардан;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келбеген башка түшүүлөрдөн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы N 506 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби
4. Фондду тескөөчү болуп Кызматтын жетекчиси саналат, ага бюджеттик акча каражаттарын тескөө укугу берилет.
5. Атайын эсептин каражаттарын чыгымдоо учурдагы жылга Кызматтын жетекчиси тарабынан бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылган сметага ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы N 506 токтомунун редакциясына ылайык)
5-1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 454 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кызматтын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен макулдашылган Кызматтын ведомстволук бөлүмдөрүнүн атайын эсептерине жана ишканаларынын эсептерине которуу жолу менен атайын эсептин каражаттары борборлоштурулуп пайдаланылат, төмөнкүлөргө чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык:
- компьютердик, көбөйтүү техникасын, байланыш каражаттарын, транспорттук каражаттарды жана аларга запастык бөлүктөрдү сатып алууга жана жаңыртууга, жабдууларды, материалдарды, программалык продуктуларды, материалдык эмес активдерди (лицензияларды, патенттерди) жана башкаларды сатып алууга;
- өндүрүштүк максаттар үчүн имараттарды, курулмаларды курууга, сатып алууга жана жер участогун сатып алууга, ошондой эле капиталдык жана учурдагы оңдоо жүргүзүүгө;
- имараттардын ижарасына, өкүлчүлүк чыгымдарга, расмий делегацияларды тосууну уюштурууга жана чыгымдар сметасы боюнча бюджеттик акча каражаттары жок болсо же жетишпесе башка чыгымдарга төлөөгө;
- командировкалык чыгымдардын ордун толтурууга, Кызматтын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу максатында семинарларды, "тегерек столдорду" уюштурууга жана өткөрүүгө, социалдык, ден соолук чыңдоо жана кайрымдуулук иш-чараларга;
- келишимдик негизде тартылган адистердин кызматына төлөөгө;
- белгиленген тартипте Кызматтын кызматкерлерин сыйлоого, нормаланбаган жумуш күнү үчүн үстөк белгилөөгө, Кызматтын кызматкерлерине, ошондой эле иштебеген пенсионерлерге жана Кызматтын кызматкерлери пенсияга чыгып жатканда бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
- Кызматтын кызматкерлери үчүн деп соолукту чыңдоо мекемелерине жолдомонун наркын жарым-жартылай компенсациялоого бөлүгүн жана тамактануунун наркын, шаардын, райондун чегимдеги коомдук транспортто жүрүү акысын компенсациялоого;
- кайра кайтаруу негизинде Кызматтын кызматкерлерине пайызсыз ссудаларды берүүгө;
- Кызматтын ведомстволук бөлүмдөрүнө жана ишканаларына кийин кайтарып берүү менен финансылык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле алардын ишин жакшыртууга багытталган башка иш-чараларга.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы N 506, 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 618 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
IV. Эсепке алуу тартиби жана отчеттуулук
7. Кызмат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каражаттардын түшүү жана пайдалануу эсебин жүргүзөт жана белгиленген мөөнөттөрдө аларды пайдалануу жөнүндө отчет берет.
8. Финансылык жылдын аягына чейин пайдаланылбаган атайын эсептин каражаттарынын калдыгы баштапкы баланс катары кийинки финансылык жылга өтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы N 506 токтомунунредакциясына ылайык)
9. Атайын эсептин аудити Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы N 506 токтомунун редакциясына ылайык)