Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-июлу № 398
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 1992-жылдын 16-январындагы № 14 "Республиканын жарандарынын айрым категорияларына жалпы пайдалануудагы жүргүнчүлөр транспортунда жол киреге жеңилдиктерди алып салуу тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын жана жаза-аткаруу системасынын кызматкерлеринин коомдук транспортто жүрүүсүнө мүмкүндүк түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине жана "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 1992-жылдын 16-январындагы № 14 "Республиканын жарандарынын айрым категорияларына жалпы пайдалануудагы жүргүнчүлөр транспортунда жол киреге жеңилдиктерди алып салуу тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардык транспорттун бардык түрлөрүндө (такси жана маршруттук таксиден тышкары), айыл жергесинде болсо жалпы пайдалануудагы автомобилдик транспортто (такси жана маршруттук таксиден тышкары) акысыз жүрүүсү каралган ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын жана жаза-аткаруу системасынын кызматкерлеринин чыгымдарын төлөө жогоруда аталган органдардын атайын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөөрү белгиленсин.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |