КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-июлу № 399
Кишинев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган, Чоңдорго билим берүү жана билимди таркатуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө 1997-жылдын 17-январындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: Кишинев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган, Чоңдорго билим берүү жана билимди таркатуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө 1997-жылдын 17-январындагы Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |