Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-июлундагы № 401 токтому менен бекитилген |
Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун ТАРТИБИ
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 25-марты № 153, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 204 токтомдун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга таандыктыгына жана менчигинин формасына карабастан ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн, укукту узартуунун жана кайра алып коюунун тартибин белгилейт.
2. Метрология боюнча улуттук органда тийиштүү эталондор жок болсо ченөөлөрдүн айрым түрлөрү боюнча ченөөнүн бирдейлигин камсыздоочу мамлекеттик органдын чечими менен ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында курамында метрологиялык кызматтар (мындан ары - метрологиялык кызматтар) иштеген юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүгө болот.
3. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук иштин айтылган тармактарында ченөө каражаттарын жасоо, импорттоо, сатуу жана оңдоо боюнча иштерди аткарбоочу метрологиялык кызматтарга берилет.
2. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук алууга талапкер метрологиялык кызматтарга карата талаптар
4. Метрологиялык кызматтардын иши Кыргыз Республикасынын ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоочу мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
5. Метрологиялык кызматта бул иш үчүн керектүү төмөнкүдөй шарттары болууга тийиш:
- жабдуулар жана жайлар;
- квалификациялуу персонал;
- пайдаланылуучу эталондордун жана ченөө каражаттарынын байкоодо болушу.
6. Метрологиялык кызмат ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органга жана метрология боюнча улуттук органга өзүнүн иши жөнүндө маалыматты жыл сайын берүүгө тийиш.
7. Иштин тийиштүү түрдө аткарылбаганы жана Кыргыз Республикасынын "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамынын ченемдеринин талаптары аткарылбаганы үчүн жоопкерчилик юридикалык жактын жетекчисине жүктөлөт.
3. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында метрологиялык кызматка ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүү
8. Метрологиялык кызмат ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органга төмөнкү документтерди тапшырат:
- ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык формада арыз;
- ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүчү метрологиялык кызматтын ишинин түрү жөнүндө маалымат, ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча;
- типти бекитүү максатында стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоочу метрологиялык кызматтын ишинин түрү жөнүндө маалымат, ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча;
- метрологиялык кызмат жөнүндө маалыматтар, 4-тиркемеге ылайык форма боюнча.
9. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик орган эксперттик комиссия түзөт. Эксперттик комиссиянын курамы ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
10. Эксперттик комиссиянын курамына ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын, метрология боюнча улуттук органдын өкүлдөрү, иштин тапшырылган тармагындагы ченөөлөрдүн түрлөрү боюнча техникалык эксперттер киргизилет. Комиссиянын төрагасы ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын ичинен дайындалат.
11. Ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик орган метрологиялык кызмат тапшырган документтерди метрология боюнча улуттук органга экспертизага берет.
12. Метрология боюнча улуттук орган тапшырылган документтерди экспертизалайт, документтерди тариздөөнүн тууралыгын жана толуктугун аныктайт. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча корутундуну тариздейт.
13. Экспертизанын жыйынтыгы канааттанарлык болбосо документтер метрологиялык кызматка толуктап иштеп чыгууга жиберилет.
14. Экспертизанын жыйынтыгын канааттанарлык эмес деп эсептөө үчүн негизги критерийлер төмөнкүлөр:
- жумуштарды аткарууга арыздарды анализдөөнүн, анын ичинде метрологиялык кызматтын мүмкүнчүлүктөрүн жана ресурстарына анализдин жол-жобосун толук баяндабагандык;
- метрологиялык кызматтын уюштуруу жана башкаруу структурасын толук баяндабагандык;
- иштин ыкмасын толук баяндабагандык.
15. Метрология боюнча улуттук органдын документтерди кароосунун жана экспертиза жасоосунун мөөнөтү документтерди алган күндөн баштап 10 иш күндөн ашык эмес.
16. Метрология боюнча улуттук органдын корутундусу эксперттик комиссияга жиберилет.
17. Корутундунун жыйынтыгы боюнча эксперттик комиссия метрологиялык кызматка жеринде текшерүү жүргүзөт.
18. Эксперттик комиссия метрологиялык кызматтын өзүндө төмөнкүлөрдү текшерет:
- техникалык жабдылышын (жабдуулар, ченөө каражаттары);
- жайлардын жана тийиштүү шарттардын болушун (температура, басым, нымдуулук ж.у.с);
- сыноолорду жүргүзүү үчүн колдонулуучу эталондордун жана ченөө каражаттарынын байкоодо болушу камсыздалганын (текшерилгени/калибровкасы жөнүндө күбөлүк);
- персоналдардын квалификациясын (иш тажрыйбасы, ченөө каражаттарын текшерүүчүнүн күбөлүгү бар экенин).
19. Эксперттик комиссия ченөө каражаттарын салыштырууну жана/же текшерүүнү уюштурат.
20. Эгерде метрологиялык кызматта иштин аткарылуучу тармагында аккредитациялык аттестаты бар болсо, эксперттик комиссия метрологиялык кызматты жеринде текшербестен ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүү тууралуу чечим чыгарат.
21. Метрологиялык кызматты текшерүүнүн жыйынтыгында эксперттик комиссия ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык форма боюнча актыны тариздейт.
22. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүү жөнүндө корутундуну эксперттик комиссия актынын негизинде 1 жыл мөөнөткө чыгарат.
23. Эксперттик комиссиянын корутундусу ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын чечими менен таризделет.
24. Текшерүүдө терс жыйынтык болгон учурда эксперттик комиссия 7 иш күндүн ичинде метрологиялык кызматка ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүдөн баш тартылганы жөнүндө маалымдайт.
25. Документтерди кароонун, экспертиза жасоонун жана метрологиялык кызматты жеринде текшерүү менен эксперттик комиссиянын чечим чыгаруусунун мөөнөтү метрология боюнча улуттук органдын корутундусун алган күндөн баштап 50 иш күндөн ашпайт.
4. Метрологиялык кызматтын ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укугун узартуу
26. Метрологиялык кызмат ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органга төмөнкү документтерди тапшырат:
- ушул Тартиптин 7-тиркемесине ылайык формадагы арыз;
- тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүчү метрологиялык кызматтын ишинин түрү жөнүндө маалымат, ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык формада;
- тибин бекитүү максатында стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоочу метрологиялык кызматтын ишинин түрү жөнүндө маалымат, ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык формада;
- иштеген тармактагы аккредитациянын аттестаты.
27. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укукту узартуу жөнүндө чечимди чыгаруу үчүн ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик орган эксперттик комиссия түзөт. Эксперттик комиссиянын курамы ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
28. Эксперттик комиссиянын курамына ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын, метрология боюнча улуттук органдын өкүлдөрү киргизилет. Комиссиянын төрагасы ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын ичинен дайындалат.
29. Эксперттик комиссиянын документтерди кароо мөөнөтү документтер кабыл алынган күндөн тартып 20 иш күндөн ашык эмес.
30. Эксперттик комиссия тапшырылган документтердин негизинде ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укукту узартуу жөнүндө чечим чыгарат.
31. Эксперттик комиссиянын корутундусу ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын чечими менен таризделет.
32. Метрологиялык кызматка ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук 4 жыл мөөнөткө узартылат.
33. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укугу узартылган метрологиялык кызмат ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органга аккредитация боюнча улуттук орган жүргүзгөн инспекциялык контролдоонун жыйынтыктарын жыл сайын берүүгө тийиш.
5. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укукту метрологиялык кызматтан кайра алуу
34. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укукту метрологиялык кызматтан кайра алуу төмөнкүдөй учурларда болот:
- өз иши тууралуу жылдык маалыматты бербегенде;
- аккредитация боюнча улуттук орган жүргүзгөн инспекциялык контролдоонун жыйынтыгын учурдагы календардык жылдын акырына чейин бербегенде;
- пайдаланылчу эталондорго жана ченөө каражаттарына байкоо жок болгондо.
35. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укукту метрологиялык кызматтан кайра алуу жөнүндө корутундуну метрологиялык кызматка ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берген эксперттик комиссия чыгарат.
36. Эксперттик комиссиянын корутундусу ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын чечими менен таризделет.
37. Ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик орган 10 иш күндүн ичинде метрологиялык кызматка кабыл алынган чечим тууралуу маалыматты жиберет.
38. Ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын чечимине даттануу "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген административдик (сотко чейинки) тартипте ишке ашырылат. Арыз берүүчү ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын аттестациялык комиссиясынын административдик даттануу боюнча чечимине макул болбогон учурда ал сотко кайрылууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 204 токтомунун редакциясына ылайык)
| Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибине 1-тиркеме |
Форма
_____________________
_____________________
АРЫЗ
__________________________________________________________________
юридикалык жактын аталышы
_______________________________________________________________________
_____________________________________________ укугун берүүнү суранабыз. укук тармагында аткарылуучу иштин
түрү (түрлөрү)
Жетекчинин
аты-жөнү _________________________________________________________
Дареги,
телефону _________________________________________________________
Тиркеме: паспорт, иштин түрү жөнүндө информация жана метрологиялык кызмат жөнүндө маалымат.
Жетекчи ________________ ________________________________________
колу аты-жөнү
М.О.
| Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибине 2-тиркеме |
Форма
Иштин түрү жөнүндө
МААЛЫМАТ
______________________________________________________
юридикалык жактын аталышы
_____________________________________________________________ укук
иштин түрү (түрлөрү)
┌───┬────────────┬──────────────────┬────────────────────────┬────────┐
│ № │ Ченөөнүн │ Сыналуучу жана │ Метрологиялык │Эскертүү│
│ │ түрү │ (же) │ мүнөздөмөлөр │ │
│ │ │ текшерилүүчү ├─────────┬──────────────┤ │
│ │ │ ченөө │ Ченөө │ Тактык классы│ │
│ │ │ каражаттарынын │диапазону│ (ТК), ката │ │
│ │ │ тобунун │ │ (К) │ │
│ │ │ аталышы, тиби │ │ │ │
├───┼────────────┼──────────────────┼─────────┼──────────────┼────────┤
│ │ │ │ │ │ │
└───┴────────────┴──────────────────┴─────────┴──────────────┴────────┘
Эскертүү: Ченөөлөрдүн түрү ченөө каражаттарынын тобунун кодификатору боюнча аныкталат (МИ 2314-2000).

| Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибине 3-тиркеме |

Типти бекитүү максатында стандарттык үлгүлөрдү
аттестациялоо укугуна
┌───┬───────────────────┬────────────────┬────────────────┬───────────┐
│ № │ Стандарттык │ Коду: заттын │ Аталышы: заттын│ Эскертүү │
│ │үлгүлөрдүн түрлөрү:│санынын/ченөөнүн│санынын/ченөөнүн│ │
│ │ курамдын │ түрүнүн │ түрүнүн │ │
│ │ стандарттык │ категориясы │ категориясы │ │
│ │үлгүлөрү/касиетинин│ │ │ │
│ │ стандарттык │ │ │ │
│ │ үлгүлөрү │ │ │ │
├───┼───────────────────┼────────────────┼────────────────┼───────────┤
│ │ │ │ │ │
└───┴───────────────────┴────────────────┴────────────────┴───────────┘

| Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибине 4-тиркеме |
Форма
Метрологиялык кызмат жөнүндө
МААЛЫМАТ
1. Информациялык маалыматтар
Курамында метрологиялык кызмат
иштеген юридикалык жактын аталышы
жана юридикалык дареги ___________________________________________ _______________________________________________________________________
Телефону, факсы, e-mail __________________________________________

2. Сыналуучу жана (же) текшерилүүчү ченөө каражаттары жөнүндө маалымат
┌──┬────────────────────────┬────────────────────────┬──────────┬─────┐
│№ │ Сыналуучу жана (же) │ Сыноолорду жана (же) │ Ченөө │ Эс- │
│ │ текшерилүүчү ченөө │ текшерүүнү жүргүзүү │ каражат- │ кер-│
│ │ каражаттары │ үчүн каражаттар │ тарын │ түү │
│ ├────────┬───────────────┼────────┬───────────────┤сыноо жана│ │
│ │ Ченөө │ Метрологиялык │ Ченөө │ Метрологиялык │ (же) │ │
│ │ каража-│ мүнөздөмөлөр │ каража-│ мүнөздөмөлөр │ текшерүү │ │
│ │ тынын ├──────┬────────┤ тынын ├──────┬────────┤методдору-│ │
│ │аталышы,│ Ченөө│ Тактык │аталышы,│ Ченөө│ Тактык │ на карата│ │
│ │ тиби │диапа-│ классы │ тиби │диапа-│ классы │ ченемдик │ │
│ │ │ зону │ (ТК), │ │ зону │ (ТК), │ документ-│ │
│ │ │ │ разряд │ │ │ разряд │ тердин │ │
│ │ │ │ (Р), │ │ │ (Р), │ аталышы │ │
│ │ │ │ката (К)│ │ │ката (К)│ │ │
├──┼────────┼──────┼────────┼────────┼──────┼────────┼──────────┼─────┤
│ 1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │
└──┴────────┴──────┴────────┴────────┴──────┴────────┴──────────┴─────┘
Эскертүү:
1. Форма ченөөнүн ар бир түрү үчүн эталондук үлгүдөн тартып ченөөнүн иш каражаттарына чейин толтурулат.
2. Ченөө каражаттарына сыноо жана (же) текшерүү жүргүзүү үчүн каражаттарда ченөө каражаттарын сыноого жана (же) текшерүүгө ченемдик документтер боюнча керектүү, ченөө каражаттарына сыноолорду жана (же) текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн бардык болгон эталондор жана каражаттардын комплектилөөчүлөрү көрсөтүлөт.
3. Эталондор менен жабдылышы
┌──┬─────────┬─────────┬──────────────────────┬───────┬────────┬──────┐
│№ │Эталондун│Өндүрүүчү│ Метрологиялык │ Текше-│ Текше- │Текше-│
│ │ аталышы,│ишкананын│ мүнөздөмөлөр │ рүү │ рүү │ рүү │
│ │ тиби │аталышы, ├──────┬───────┬───────┤ схема-│ жери, │жөнүн-│
│ │ │эталондун│ Ченөө│ Тактык│Ченөө- │ сына │ уюмдун │ дө │
│ │ │заводдук │диапа-│ классы│ нүн │ карата│ аталышы│ күбө-│
│ │ │ номери, │ зону │ (ТК) │ анык │ ченем-│ │лүктүн│
│ │ │чыгарыл- │ │ ката │ эмес- │ дик │ │ номе-│
│ │ │ ган │ │ (К) │ тиги │ доку-│ │ ри, │
│ │ │ жылы │ │ разряд│(маалы-│ мент-│ │ анын │
│ │ │ │ │ (Р) │маттары│ терди│ │жарак-│
│ │ │ │ │ │ болсо │ белги-│ │туулук│
│ │ │ │ │ │ │ лөө │ │мөөнө-│
│ │ │ │ │ │ │ │ │ тү │
├──┼─────────┼─────────┼──────┼───────┼───────┼───────┼────────┼──────┤
│ 1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │
└──┴─────────┴─────────┴──────┴───────┴───────┴───────┴────────┴──────┘
4. Сыноочу жана көмөкчү жабдуулар менен жабдылышы (типти бекитүү максатында стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоодо)
┌──┬────────┬────────┬────────┬────────┬────────┬────────┬───────┬────┐
│№ │ Стан- │ Стан- │ Сыноо │Өндүрүү-│ Негизги│Пайдала-│ Сыноо │Эс- │
│ │ дарттык│ дарттык│ жабдуу-│ чү │техника-│ нууга │жабдуу-│кер-│
│ │үлгүлөр-│үлгүлөр-│ сунун │ (өлкө, │ лык │киргизүү│ сун │түү │
│ │ дүн │ дүн │ (СЖ) │ ишкана,│мүнөздө-│ жылы │аттес- │ │
│ │ түрлөрү│ катего-│аталышы,│ фирма, │ мөлөр, │ │тация- │ │
│ │ │ рияла- │ тиби │чыгарыл-│ченөөдө-│ │ лоо │ │
│ │ │ рынын │(марка),│ ган │ гү │ │туура- │ │
│ │ │ аталышы│заводдук│ жылы) │ катала-│ │ луу │ │
│ │ │ │ жана │ │ рын │ │ доку- │ │
│ │ │ │ инвен- │ │көрсөтүү│ │менттин│ │
│ │ │ │ тардык │ │ менен │ │ күнү │ │
│ │ │ │ номери │ │ │ │ жана │ │
│ │ │ │ │ │ │ │номери,│ │
│ │ │ │ │ │ │ │ ким │ │
│ │ │ │ │ │ │ │тарабы-│ │
│ │ │ │ │ │ │ │ нан │ │
│ │ │ │ │ │ │ │берил- │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ ген, │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ анын │ │
│ │ │ │ │ │ │ │жарак- │ │
│ │ │ │ │ │ │ │туулук │ │
│ │ │ │ │ │ │ │мөөнөтү│ │
├──┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼───────┼────┤
│ 1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │
└──┴────────┴────────┴────────┴────────┴────────┴────────┴───────┴────┘
Эскертүү: Таблица бөлүмдөр боюнча толтурулат:
1. Жалпы өнөр жайлык пайдалануу үчүн серия түрүндө чыгарылуучу сыноо жабдуусу.
2. Тармактык пайдалануунун серия түрүндө чыгарылуучу сыноо жабдуусу.
3. Жеке иштеп чыгуунун стандарттык эмес сыноо жабдуусу.
4. Көмөкчү жабдуу.
5. Сыноолордун бирдей эле түрлөрүндө, бирок продукциянын ар кандай түрлөрүндө пайдаланылуучу сыноолук жана көмөкчү жабдуу 1 жолу көрсөтүлөт.
5. Стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоо үчүн ченөө каражаттары менен жабдылышы
┌──┬─────────┬────────┬────────┬────────┬───────────────┬────────┬────┐
│№ │Стандарт-│ Ченөө │Өндүрүү-│Пайдала-│ Метрологиялык │ Ченөө │Эс- │
│ │ тык │каражат-│ чү │ нууга │ мүнөздөмөлөр │каражаты│кер-│
│ │ үлгүнүн │ тын │ (өлкө, │киргизүү├──────┬────────┤ текше- │түү │
│ │ катего- │аталышы,│ ишкана,│ жылы, │ Ченөө│Ченөөнүн│ рилгени│ │
│ │риясынын │ тиби │ фирма, │ инвен- │диапа-│ тактык │ жөнүндө│ │
│ │ аталышы │ (марка-│чыгарыл-│ тардык │ зону │ классы │ доку- │ │
│ │ │ сы), │ ган │ номери │ │ же │ менттин│ │
│ │ │заводдук│ жылы) │ │ │ катасы,│ күнү │ │
│ │ │ номери │ │ │ │ бөлүү │ жана │ │
│ │ │ │ │ │ │ баасы │ номери,│ │
│ │ │ │ │ │ │ │ ким │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ тарабы-│ │
│ │ │ │ │ │ │ │ нан │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ берил- │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ ген, │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ анын │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ жарак- │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ туулук │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ мөөнөтү│ │
└──┴─────────┴────────┴────────┴────────┴──────┴────────┴────────┴────┘
Эскертүү: Жумуштардын бирдей эле түрлөрүндө, бирок продукциянын ар кандай түрлөрүндө пайдаланылуучу сыноолук жана көмөкчү жабдуу 1 жолу көрсөтүлөт.
6. Аналитикалык контролдоодо стандарттык үлгүлөр менен жабдылышы (типти бекитүү максатында стандарттык үлгүнү аттестациялоодо)
┌──┬────────┬────────┬──────┬─────────────────────┬──────┬──────┬─────┐
│№ │ Стан- │ Стан- │ Арна-│ Метрологиялык │Пайда-│ Стан-│Стан-│
│ │ дарттык│ дарттык│ лышы │ мүнөздөмөлөр │ лануу│ дарт-│дарт-│
│ │ үлгүнүн│ үлгүнү │(гра- ├──────┬───────┬──────┤тарти-│ тык │ тык │
│ │ аталы- │ иштеп │ дуи- │Аттес-│Аттес- │Кошум-│ бине │ үлгү │үлгү-│
│ │ шы, │ чыгуучу│ровка)│тация-│тация- │ ча │ жана │ чыга-│ нүн │
│ │ тиби, │ │ │ланган│ланган │маалы-│ шарт-│рылган│ жа- │
│ │ номери │ │ │маани-│маани- │маттар│тарына│ күн │рак- │
│ │ жана │ │ │ нин │ нин │ │карата│ │ туу │
│ │ катего-│ │ │аталы-│катасы │ │ченем-│ │ лук │
│ │ риясы │ │ │ шы │ │ │ дик │ │мөө- │
│ │ │ │ │ │ │ │ доку-│ │нөтү │
│ │ │ │ │ │ │ │ мент-│ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ тер │ │ │
├──┼────────┼────────┼──────┼──────┼───────┼──────┼──────┼──────┼─────┤
│ 1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │ 10 │
└──┴────────┴────────┴──────┴──────┴───────┴──────┴──────┴──────┴─────┘
7. Метрологиялык кызматтын өндүрүштүк жайларынын абалы
┌───────┬───────┬─────┬───────┬──────┬──────┬─────┬─────┬──────┬──────┐
│ Ченөө │Атайын │Аянт,│Темпе- │ Иш │Чаңдын│ Ызы-│Жол- │Атайын│ Жайды│
│ кара- │ же │кв.м │ратура,│ орун-│ же │ чуу-│ тоо │ жаб- │метро-│
│жатта- │ылайык-│ │град.С,│дардын│ газ- │ нун│дең- │ дуу- │логия-│
│ рына │ташты- │ │нымдуу-│жарык-│дардын│ дең-│гээли│ нун │ лык │
│сыноону│рылган │ │ лук, │ тыгы,│ дең- │ гээ-│ │ бар │ кыз- │
│ жана │ │ │ % │лк/КЕО│гээли,│ ли,│ │болушу│ матка│
│ (же) │ │ │ │ % │ мг/ │ дБ │ │ (вен-│пайда-│
│текше- │ │ │ │ │куб.м │ │ │ тиля-│лануу-│
│ рүүнү │ │ │ │ │ │ │ │ ция- │ га │
│жүргү- │ │ │ │ │ │ │ │ лык, │ урук-│
│ зүү │ │ │ │ │ │ │ │ жол- │ сат │
│ үчүн │ │ │ │ │ │ │ │тоодон│берүү-│
│жайдын │ │ │ │ │ │ │ │коргоо│ чү │
│арналы-│ │ │ │ │ │ │ │ ж.б.)│ доку-│
│ шы │ │ │ │ │ │ │ │ │ мент │
├───────┼───────┼─────┼───────┼──────┼──────┼─────┼─────┼──────┼──────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │ 10 │
└───────┴───────┴─────┴───────┴──────┴──────┴─────┴─────┴──────┴──────┘
8. Метрологиялык кызматтын кадрдык курамы
┌──┬────────┬───────┬─────────┬──────────┬───────────┬─────────┬──────┐
│№ │Аты-жөнү│Кызматы│ Билими,│ Укук │ Курамына │Квалифи- │Эскер-│
│ │ │ │ адистиги│ тармагына│метрология-│ кацияны │ түү │
│ │ │ │ │ ылайык │лык кызмат │жогорула-│ │
│ │ │ │ │ кызмат- │ кирген │ туу │ │
│ │ │ │ │ чылар │ уюмда │ жөнүндө │ │
│ │ │ │ │ тарабынан│кызматкер- │күбөлүк- │ │
│ │ │ │ │ аткары- │ лерди │ түн │ │
│ │ │ │ │ луучу │аттестация-│ номери │ │
│ │ │ │ │ жумуштар-│ лоо │ жана │ │
│ │ │ │ │ дын │протоколу- │ алган │ │
│ │ │ │ │ түрлөрү │ нун күнү │ күнү │ │
│ │ │ │ │ │ жана │ │ │
│ │ │ │ │ │ номери, │ │ │
│ │ │ │ │ │аттестация-│ │ │
│ │ │ │ │ │ нын │ │ │
│ │ │ │ │ │мезгилдүү- │ │ │
│ │ │ │ │ │ лүгү │ │ │
├──┼────────┼───────┼─────────┼──────────┼───────────┼─────────┼──────┤
│ 1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │
└──┴────────┴───────┴─────────┴──────────┴───────────┴─────────┴──────┘
9. Жүргүзүлүүчү иштерге талаптарды белгилөөчү ченемдик документтердин тизмеси
┌──┬────────────┬────────────┬─────────────┬─────────────────┬────────┐
│№ │ Ченемдик │ Ченемдик │ Ченемдик │ Өзгөртүүлөрдүн │Эскертүү│
│ │ документти │ документтин│ документ │ номерлери, │ │
│ │ белгилөө │ аталышы │ колдонууга │ киргизүү күнү │ │
│ │ │ │ киргизилген │ │ │
│ │ │ │ күн жана │ │ │
│ │ │ │ ченемдик │ │ │
│ │ │ │ документтин │ │ │
│ │ │ │ жарактуулук │ │ │
│ │ │ │ мөөнөтү │ │ │
├──┼────────────┼────────────┼─────────────┼─────────────────┼────────┤
│ 1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │
└──┴────────────┴────────────┴─────────────┴─────────────────┴────────┘
| Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибине 5-тиркеме |
Форма
Метрология боюнча улуттук органдын
КОРУТУНДУСУ

_____________________________________________ жүргүзүү укугуна талапкер
иштин түрү (түрлөрү)
документтерде берилген маалыматтарды талдоонун негизинде төмөнкү корутунду чыгарылды:
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________

Күнү 201_-ж. ___________
| Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибине 6-тиркеме |
Форма
Метрологиялык кызматты текшерүүнүн
АКТЫСЫ

Юридикалык жактын аталышы
201_-ж. "__" __________ тартып "__" __________ чейин
Төмөнкү курамдагы комиссия:
комиссиянын
төрагасы _________________________________________________________
аты-жөнү, кызматы, иштеген жери
комиссиянын
мүчөлөрү _________________________________________________________

укук берүү максатында текшерүүнү жүргүздүм

текшерүүдө аныкталды:
┌───┬──────────────────────────────────────────────┬──────────────────┐
│ № │ Баалоо критерийлери │ Корутунду │
│ │ │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│1 │Текшерүү жүргүзүү учурунда ишкананын статусу, │ │
│ │уюштуруу структурасы, администрациялык баш │ │
│ │ийүүчүлүгү __________________________________ │ │
│ │ иштин түрүн (түрлөрүн) │ │
│ │ишке ашыруу үчүн керектүү ресурстардын бар │ │
│ │болушу │ │

│2 │_____________________________________________ │ │
│ │ иштин түрүн (түрлөрүн) │ │
│ │аткаруу үчүн каражаттар менен жабдылышы жана │ │
│ │алардын абалы │ │

│3 │Эталондорго байкоо жүргүзүүнүн камсыздалышы │ │

│4 │_____________________________________________ │ │
│ │ иштин түрү (түрлөрү) │ │
│ │үчүн лабораториялык жайлардын абалы │ │

│5 │ченөө бирдейлигин камсыздоо боюнча документтер│ │
│ │менен, анын ичинде │ │
│ │_____________________________________________ │ │
│ │ иш түрү (түрлөрү) │ │
│ │жаатында ишти регламенттөөчү расмий басылмалар│ │
│ │менен камсыздалышы. │ │
│ │Аны актуалдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү. │ │
│ │Документтердин абалы жана жүргүзүлүшү. │ │

│6 │_____________________________________ жаатында│ │
│ │ иш түрү (түрлөрү) │ │
│ │персоналдын квалификациясы жана иш тажрыйбасы.│ │
│ │Квалификацияны жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп │ │
│ │жаткан иштин абалы. │ │

│7 │Каттоо жана жыйынтыктарды сактоо системасынын │ │
│ │абалы жана иштеши. │ │

│8 │Кызматтарды көрсөтүү системасынын абалы жана │ │
│ │иштеши. │ │

│9 │Байкоо алдында салыштыруунун же текшерүүнүн │ │
│ │жыйынтыктары. │ │
└───┴──────────────────────────────────────────────┴──────────────────┘
Комиссия сунуш кылат:

комиссиянын сын-пикирлери жана дооматтары
Корутунду:

укукту берүүгө карата комиссиянын рекомендациясы,
мөөнөтү менен
Комиссиянын төрагасы ___________ ________________________________
колу аты-жөнү
комиссиянын мүчөлөрү ___________ ________________________________
колу аты-жөнү
___________ ________________________________

Акты менен тааныштым
Уюмдун жетекчиси ____________ ___________________________________
колу аты-жөнү
| Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибине 7-тиркеме |

Тиркеме: иштин тармагы боюнча маалымат, аккредитациялоо аттестаты.

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 464 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-июлундагы № 401 токтому менен бекитилген