Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 9-июлу № 404
Аткаруу бийлигинин органдарынын чектеш функцияларды ишке ашыруу боюнча эриш-аркак иштешүүсүнүнтиптүү регламентин бекитүү тууралуу
Аткаруу бийлигинин органдарынын ортосундагы эриш-аркак иштешүүнү жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аткаруу бийлигинин органдарынын чектеш функцияларды ишке ашыруу боюнча эриш-аркак иштешүүсүнүн тиркелген типтүү регламенти (мындан ары - Типтүү регламент) бекитилсин.
2. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
- аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары менен бирдикте чектеш функцияларды ишке ашырууда Типтүү регламентти жетекчиликке алышсын;
- чектеш функцияларды ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык регламенттерди эки айлык мөөнөттө иштеп чыгышсын жана бекитишсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аткаруу бийлигинин тийиштүү мамлекеттик органдарын тейлеген түзүмдүк бөлүнүштөрүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |