Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-июлу № 413
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген түрдөгү экспертизаларды (укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык) жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жеке адамдарды жана юридикалык жактарды аккредиттөө жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинде каралган ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген түрдөгү экспертизаларды (укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык) жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу адамдардын компетенциясын белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген түрдөгү экспертизаларды (укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык) жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жеке адамдарды жана юридикалык жактарды аккредиттөө жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген түрдөгү экспертизаларды жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган болуп саналаары аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги эки айлык мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген түрдөгү экспертизаларды жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жеке адамдарды жана юридикалык жактарды аккредиттөө бөлүгүндө оңдоолорду киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |