Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-июлу № 417
"Салют компани" кыргыз-кытай биргелешкен жоопкерчилиги чектелген коомуна жер берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экономикасына түз инвестицияларды тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылдык аймагында жайгашкан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясындагы 12,5 га жер участогун "Салют компани" кыргыз-кытай биргелешкен жоопкерчилиги чектелген коомуна (мындан ары - "Салют компани" ЖЧК) 25 жылдык мөөнөткө ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү тууралуу Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын 2012-жылдын 14-июнундагы № 139-б буйругун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылдык аймагында жайгашкан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясындагы 12,5 га жер участогу 25 жылдык мөөнөткө ижара шартында жарылгыч заттарды чыгаруу боюнча заводду, кампаларды жана сыноо полигонун долбоорлоо жана куруу үчүн "Салют компани" ЖЧКга убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөндөгүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- электр өткөрүүнүн жогорку вольттогу линияларын которуу зарылдыгы болгон учурда ишти каржылоонун булагын жана тартибин аныктоону;
- белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарбалык өндүрүштүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын "Салют компани" ЖЧКнын төлөп берүүсүн;
- "Салют компани" ЖЧК менен Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогуна ижара келишимин түзүүсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |