Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-июлу № 419
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу жана жүктү автомобилдик ташуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн арналган транспорттук каражаттардын максималдык жалпы салмагы, октук салмак басымы, ченемдери жана башка линиялык параметрлеринин 1.3-пунктунун 1.3.1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- үч октуу сүйрөгүч үч октуу жарым прицеби менен - 44 т.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы салмак габарит контролдоо пункттарынын (СГКП) тизмесинде:
3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"
┌──┬──────┬──────────────────────┬─────────────┬───────────┬──────────┐
│3 │ЭМ-07 │Бишкек-Нарын-Торугарт │Чүй │Бишкек- │"Кемин" │
│ │ │ │облусу, │Нарын- │ │
│ │ │ │Кемин │Торугарт │ │
│ │ │ │району │101-чакыры-│ │
│ │ │ │ │мы │ │
└──┴──────┴──────────────────────┴─────────────┴───────────┴──────────┘
";
4-пунктундагы "Ош-Сары-Таш-Эркештам автожолунун 184-чакырымы, Сары-Таш айылы" деген сөздөр жана цифралар "Сары-Таш-Комсомолабад автожолунун 5-чакырымы" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;
5-пунктундагы "99" цифрасы "91,6" цифрасына алмаштырылсын;
7-пунктундагы "637" цифрасы "629" цифрасына алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 8-17-пункттар менен толукталсын:
"
┌──┬──────┬──────────────────────┬─────────────┬───────────┬──────────┐
│8 │ЭМ-14 │Суусамыр-Талас-Тараз │Талас облусу,│Тараз- │"Кызыл- │
│ │ │ │Манас району │Талас- │Адыр" │
│ │ │ │ │Суусамыр │ │
│ │ │ │ │автожолунун│ │
│ │ │ │ │49-чакырымы│ │
├──┼──────┼──────────────────────┼─────────────┼───────────┼──────────┤
│9 │ЭМ-07 │Бишкек-Нарын-Торугарт │Нарын облусу,│Бишкек- │"Ат-Башы" │
│ │ │ │Ат-Башы │Нарын- │ │
│ │ │ │району │Торугарт │ │
│ │ │ │ │автожолунун│ │
│ │ │ │ │400-чакыры-│ │
│ │ │ │ │мы │ │
├──┼──────┼──────────────────────┼─────────────┼───────────┼──────────┤
│10│ЭМ-13 │Ош-Баткен-Исфана │Баткен │Ош-Баткен- │"Көк-Та- │
│ │ │ │облусу, │Исфана │лаа" │
│ │ │ │Кадамжай │автожолунун│ │
│ │ │ │району │108-чакыры-│ │
│ │ │ │ │мы │ │
├──┼──────┼──────────────────────┼─────────────┼───────────┼──────────┤
│11│ЭМ-13 │Ош-Баткен-Исфана │Ош облусу, │Ош-Баткен- │"Ноокат" │
│ │ │ │Кара-Суу │Исфана │ │
│ │ │ │району │автожолунун│ │
│ │ │ │ │7-8-чакыры-│ │
│ │ │ │ │мы │ │
├──┼──────┼──────────────────────┼─────────────┼───────────┼──────────┤
│12│М-076 │"Кербен-Ала-Бука- │Жалал-Абад │Кербен- │"Кербен" │
│ │ │Чаткал" │облусу, Аксы │Ала-Бука- │ │
│ │ │ │району │Чаткал │ │
│ │ │ │ │автожолунун│ │
│ │ │ │ │6-чакырымы │ │
├──┼──────┼──────────────────────┼─────────────┼───────────┼──────────┤
│13│М-076 │Таш-Көмүр-Кербен- │Жалал-Абад │Таш-Көмүр- │"Кум-Бу- │
│ │ │Ала-Бука │облусу, Аксы │Кербен- │луң" │
│ │ │ │району │Ала-Бука │ │
│ │ │ │ │автожолунун│ │
│ │ │ │ │7-чакырымы │ │
├──┼──────┼──────────────────────┼─────────────┼───────────┼──────────┤
│14│ЭМ-07 │Нарын-Баетов │Нарын облусу,│Нарын- │"Нарын" │
│ │ │ │Нарын шаары │Баетов │ │
│ │ │ │ │автожолунун│ │
│ │ │ │ │10-чакырымы│ │
├──┼──────┼──────────────────────┼─────────────┼───────────┼──────────┤
│15│ЭМ-16 │Кочкор-Арал-Төө-Ашуу │Нарын облусу,│Кочкор- │"Кочкор" │
│ │ │ │Кочкор району│Арал- │ │
│ │ │ │ │Төө-Ашуу │ │
│ │ │ │ │автожолунун│ │
│ │ │ │ │0-чакырымы │ │
├──┼──────┼──────────────────────┼─────────────┼───────────┼──────────┤
│16│ЭМ-16 │Кочкор-Арал-Төө-Ашуу │Чүй облусу, │Кочкор- │"Суусамыр"│
│ │ │ │Жайыл району │Арал- │ │
│ │ │ │ │Төө-Ашуу │ │
│ │ │ │ │автожолунун│ │
│ │ │ │ │217-чакыры-│ │
│ │ │ │ │мы │ │
├──┼──────┼──────────────────────┼─────────────┼───────────┼──────────┤
│17│ЭМ-06 │Балыкчы-Бөкөнбаев- │Ысык-Көл │Балыкчы- │"Балыкчы" │
│ │ │Каракол │облусу, Тоң │Бөкөнбаев- │ │
│ │ │ │району │Каракол │ │
│ │ │ │ │автожолунун│ │
│ │ │ │ │0-чакырымы │ │
└──┴──────┴──────────────────────┴─────────────┴───────────┴──────────┘
";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын периметри боюнча жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы салмак - габарит контролдоо пункттарынын (СГКП) тизмесинде:
3, 5 жана 7-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен ушул токтомдон келип чыккан өзгөртүүлөр жөнүндө Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын компетенттүү органдарына белгиленген тартипте билдирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |