Редакцияот 26.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 26-июлу № 421

Автомашинаны мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин автомашинага болгон керектөөсүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы БУУнун Кыргыз Республикасындагы качкындардын иштери боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын арызынын негизинде 2003-жылы чыгарылган "Тойота Лэндкрузер" маркасындагы кузовунун № JTECB01J801011820, кыймылдаткычынын № НZ0420791, Кыргыз Республикасындагы техникалык паспортунун № 0002914 автомашинаны бажылык тариздөө мамлекеттин пайдасына баш тартылган бажылык режимде жүргүзсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:

- 2003-жылы чыгарылган "Тойота Лэндкрузер" маркасындагы кузовунун № JТЕСВ01J801011820, кыймылдаткычынын № НZ0420791, Кыргыз Республикасындагы техникалык паспортунун № 0002914 автомашинаны мамлекеттин менчигине кабыл алсын;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинанын наркына баалоо жүргүзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинаны ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинанын баасын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эске алсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев