Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-июлу № 423
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, санитардык-эпидемиологиялык контролдоо жаатында иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 5-тиркемесинин эскертүүсү төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басарларынын бири Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы болуп саналат.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |