Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2006-жылдын 9-февралы № 85
"Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алуу үчүн акы төлөөнү системалаштырууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрүнө төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Юридикалык мааниси бар документтерди берүү жана башка аракеттерди жасоо үчүн төмөнкүдөй өлчөмдөрдө мамлекеттик пошлина алынат:
┌────────────────────────────────────────────┬────────────────────────┐
│а) Кыргыз Республикасынын жаранынын │ │
│паспортун берүү үчүн: │ │
│- Кыргыз Республикасынын 16 жашка │Минималдуу эмгек акынын │
│ чыккан жарандарына; │нөлдүк ставкасы │
│- биринчи жолу паспорт алгандарга, │30 сом │
│ ошондой эле фамилиясын, атын, атасынын │ │
│ атын, жашаган жерин же улутун өзгөртүүгө │ │
│ байланыштуу алмаштыруу боюнча; │ │
│- жоголгон же жараксыз болуп калгандын │100 сом │
│ ордуна; │ │
│б) Кыргыз Республикасынын жаранына жалпы │60 сом │
│жарандык паспорт берүү үчүн; │ │
│в) жоголгондун же жараксыз болуп калгандын │200 сом │
│ордуна Кыргыз Республикасынын жаранына │ │
│жалпы жарандык паспорт берүү үчүн; │ │
│г) фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган │100 сом │
│жерин же улутун өзгөртүүгө байланыштуу │ │
│Кыргыз Республикасынын жаранына жалпы │ │
│жарандык паспорт берүү үчүн; │ │
│д) Кыргыз Республикасынан чыгууга │ │
│байланыштуу документтерди тариздөө үчүн: │ │
│- убактылуу жашоого │минималдуу эмгек акынын │
│ │бир эсе ставкасы │
│- туруктуу жашоого │эмгек акынын он эсе │
│ │ставкасы │
│е) Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган │ │
│чет өлкөлүк жаранга жана жарандыгы жок │ │
│адамга Кыргыз Республикасынын чегинен │ │
│сырткары чыгууга виза (күбөлүк) берүү үчүн │ │
│же визанын (күбөлүктүн) колдонулуш мөөнөтүн │ │
│узартуу үчүн; │ │
│ж) Кыргыз Республикасына убактылуу келген │ │
│чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга │ │
│чет өлкөлүк паспортуна же аны алмаштыруучу │ │
│документине виза берүү же анын колдонулуш │ │
│мөөнөтүн узартуу үчүн: │ │
│- Кыргыз Республикасынан чыгуу жана кийин │минималдуу эмгек акынын │
│ Кыргыз Республикасына кирүү; │эки эсе ставкасы │
│- Кыргыз Республикасынын чегарасынан бир │минималдуу эмгек акынын │
│ нече ирет өтүү; │үч эсе ставкасы │
│з) Кыргыз Республикасына башка │минималдуу эмгек акынын │
│мамлекеттерден адамдарды, Кыргыз │бир эсе ставкасы │
│Республикасынын жаранын, чет өлкөлүк │ │
│жаранды жана жарандыгы жок адамдарды │ │
│чакыруу жөнүндө мурда берилип жоготулган же │ │
│болбосо бузулган документтердин ордуна берүү│ │
│үчүн; │ │
│и) Кыргыз Республикасынан чыгуу жана анын │минималдуу эмгек акынын │
│аймагына кирүү үчүн мурда берилген │бир эсе ставкасы │
│документке кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү │ │
│(колдонулуш мөөнөтүн узартуудан башка) │ │
│киргизүү үчүн; │ │
│к) чет өлкөлүк жаранга жана жарандыгы жок │минималдуу эмгек акынын │
│адамдарга жашоого укук берүү, колдонулуш │эки эсе ставкасы │
│мөөнөтүн узартуу, ошондой эле мурда берилип │ │
│жоголгон же болбосо бузулган документтин │ │
│ордуна берүү үчүн; │ │
│л) чет өлкөлүк паспортту же аны алмаштыруучу│минималдуу эмгек акынын │
│документти каттоо же каттоонун колдонулуш │ставкасынын 50 проценти │
│мөөнөтүн узартуу үчүн; │ │
│м) Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу, │минималдуу эмгек акынын │
│Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына │ставкасынын 20 проценти │
│келтирүү жана Кыргыз Республикасынын │ │
│жарандыгынан чыгуу жөнүндө аларды каттоо │ │
│тартибинде, жарандыкка таандуулугун аныктоо │ │
│жөнүндө арыздан; │ │
│н) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл │минималдуу эмгек акынын │
│алуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан │ставкасынын 50 проценти │
│чыгуу жөнүндө өтүнүч каттан; │ │
│о) жашаган жери боюнча каттоо (прописка) │минималдуу эмгек акынын │
│үчүн: │ставкасынын 5 проценти │
│п) пропуска берүү үчүн; │5 сом │
│р) мамлекеттик карызкорлорду издөө боюнча │150 сом │
│кызматтар үчүн (ишканалардан, мекемелерден, │ │
│уюмдардан алынат); │ │
│с) даректик маалыматтарды берүү үчүн; │3 сом │
│т) аңчылык, балыкчылык жана Кыргыз │ │
│Республикасынын мыйзамдары менен аныкталуучу│ │
│башка иштер боюнча укукка уруксаттарды берүү│ │
│үчүн: │ │
│- жеке адамдар үчүн; │минималдуу эмгек акынын │
│ │ставкасынын 10 проценти │
│- юридикалык жактар үчүн │минималдуу эмгек акынын │
│ │бир эсе ставкасы │
└────────────────────────────────────────────┴────────────────────────┘
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:
- "Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 1994-жылдын 10-декабрындагы № 854;
- "Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 1994-жылдын 10-декабрындагы № 854 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 1997-жылдын 3-мартындагы № 119;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 1999-жылдын 9-декабрындагы № 673;
- "Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 2005-жылдын 23-июлундагы № 303.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ф.Кулов |