Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-июлу № 426
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2013-жылга иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2013-жылга иш-чаралар планында:
- 8-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "август" деген сөз "октябрь" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 53-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "июль" деген сөз "сентябрь" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 54-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- 55-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "июль" деген сөз "сентябрь" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ж.Сатыбалдиев |