Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-июлу № 428
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 24-статьяда:
төмөнкү мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Кыргыз Республикасында чыгарылган, алынып келинген жана пайдаланылып жаткан жерде жүрүүчү бардык транспорт каражаттары "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын Техникалык регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.".
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Төмөнкүдөй бардык автомобилдер, автомобиль сүйрөгүчтөрү, мотоциклдер, мотоколяскалар, моточаналар, мопеддер каттоодон өтүүгө тийиш:
- кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 50 куб.смдан кем эмес;
- максималдык конструктивдик ылдамдыгы саатына 50 кмдан ашкан;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн арналган электр кыймылдаткычы бар жүк көтөрүмдүүлүгү 500 кгдан ашкан.
Тракторлор, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар, транспорт каражаттары менен сүйрөлүүчү чиркемелер, жарым чиркемелер да каттоодон өтүүгө тийиш.";
4-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлигинин Мамлекеттик техникалык инспекциясынын" деген сөздөр "транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 25-статьясынын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу төмөнкүлөргө берилет:
- кыймылдаткычынын кубаттуулугу 25,7 кВтга чейинки казтамандуу жана дөңгөлөктүү тракторлорду ("А" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;
- кыймылдаткычынын кубаттуулугу 25,7 кВтдан 77,2 кВтга чейинки дөңгөлөктүү тракторлорду ("Б" категориясы) - "А" графасында уруксат берилген белгиси бар он жети жашка чыккан адамдарга;
- кыймылдаткычынын кубаттуулугу 77,2 кВтдан жогору дөңгөлөктүү тракторлорду ("В" категориясы) - "А", "Б" графаларында уруксат берилген белгиси жана бир жылдык үзгүлтүксүз иш стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- кыймылдаткычынын кубаттуулугу 25,7 кВтдан жогору казтамандуу тракторлорду ("Г" категориясы) - "А" графасында уруксат берилген белгиси жана бир жылдык үзгүлтүксүз иш стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- өзү жүрүүчү айыл чарба машиналарга ("Д" категориясы) - "А", "Б" графаларында уруксат берилген белгиси бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- мелиорациялык, жер казуучу, жол-курулуштук машиналарды, анын ичинде сузгучунун көлөмү 2 куб. мга чейинки эксковаторлорду жана жүктөгүчтөрдү ("Е" категориясы) - "А", "Б", "В" графаларында уруксат берилген белгилери жана бир жылдык үзгүлтүксүз иш стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- мелиорациялык, жер казуучу, жол-курулуштук машиналарды, анын ичинде сузгучунун көлөмү 2 куб.мдан жогору эксковаторлорду жана жүктөгүчтөрдү ("Е1" категориясы) - "А", "Б", "В", "Е" графаларында уруксат берилген белгилери жана үзгүлтүксүз бир жылдык иш стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.смдан жана максималдык кубаттуулугу 11 кВтдан ашпаган мотоциклдерди (жеңил мотоциклдер) ("А1" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;
- кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.смдан жана максималдык кубаттуулугу 11 кВтдан ашкан мотоциклдерди ("А" категориясы) - он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- мотордоштурулган трициклдерди жана квадроциклдерди ("В1" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;
- уруксат берилген максималдык массасы 3500 кгдан ашпаган жана айдоочунун орундугунан тышкары, сегизден көп эмес орундугу бар автомобилдерди ("А" категориясына кирген транспорт каражаттарын кошпогондо) ("В" категориясы) - он жети жашка чыккан адамдарга;
- "D" категориясына кирген автомобилдерден тышкары, уруксат берилген максималдык массасы 3500 кгдан ашкан, бирок 7500 кгдан ашпаган автомобилдерди ("С1" категориясы) - он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- "D" категориясына кирген автомобилдерден тышкары, уруксат берилген максималдык массасы 7500 кгдан ашкан автомобилдерди ("С" категориясы) - бир жылдан кем эмес айдоочулук стажы бар жыйырма жашка чыккан адамдарга;
- жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун орундугунан тышкары, сегизден он алтыга чейинки орундугу бар автомобилдерди ("D1" категориясы) - үч жылдан кем эмес айдоочулук стажы бар жыйырма жашка чыккан адамдарга;
- жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун орундугунан тышкары, он алтыдан көп орундугу бар автомобилдерди ("D" категориясы) үч жылдан кем эмес айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
- чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдык массасы 750 кгдан жана жүгү жок автомобилдин массасынан ашкан "В" категориясындагы автомобилдерди жана чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдык массасы 750 кгдан ашкан, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдык массасы 3500 кгдан ашкан "В" категориясындагы автамобилдерди ("ВЕ" категориясы) - бир жылдан кем эмес айдоочулук стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдык массасы 750 кгдан ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдык массасы 12000 кгдан ашпаган "С" категориясындагы автомобилдерди ("С1Е" категориясы) - бир жылдан кем эмес айдоочулук стажы бар жыйырма жашка чыккан адамдарга;
- чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдык массасы 750 кгдан ашкан, "С" категориясындагы автомобилдерди ("СЕ" категориясы) үч жылдан кем эмес айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
- чиркеме чиркелген, жүргүнчүлөрдү ташууга арналбаган, уруксат берилген максималдык массасы 750 кгдан ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдык массасы 12000 кгдан ашпаган "D1" категориясындагы автомобилдерди ("D1Е" категориячасы) - үч жылдан кем эмес айдоочулук стажы (эл аралык ташуулар үчүн - беш жылдан кем эмес) бар жыйырма жашка чыккан адамдарга;
- чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдык массасы 750 кгдан ашкан "D" категориясындагы автомобилдерди ("DЕ" категориясы) - үч жылдан кем эмес айдоочулук стажы (эл аралык ташуулар үчүн - беш жылдан кем эмес) бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга.
Троллейбус айдоого жыйырма бир жашка чыккан адамдарга уруксат берилет.
"С" же "D" категорияларындагы айдоочунун күбөлүгү бар аялдарга жүк көтөрүмдүүлүгү жана жүргүнчү сыйымдуулугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдерден ашпаган жүк ташуучу автомобилдерди же автобустарды айдоого жол берилет.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Төмөнкү мазмундагы 224-1-статья менен толукталсын:
"224-1-статья. Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо
эрежелеринин алардын ээлери тарабынан бузулушу
Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо эрежелерин бузганда жана аны өз убагында каттоодон өткөрбөгөндө, -
жарандарга - беш, кызмат адамдарына - он эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндө административдик айып салынат.".
2. Төмөнкү мазмундагы 546-4-статья менен толукталсын:
"546-4-статья. Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо жана
эсепке алуу органдары
Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо жана эсепке алуу органдары ушул Кодекстин 224-1-статьясында каралган административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди карашат.
Административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана административдик жаза берүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоочу мамлекеттик органдардын жетекчилери жана алардын орун басарлары;
- транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоочу мамлекеттик органдын облустук, райондук жана шаардык бөлүмдөрүнүн, секторлорунун жетекчилери.".
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|