Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-июлу № 432
"Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аны кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2012-жылдын 17-августу, № 73-74) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-беренеде:
- төмөнкүдөй мазмундагы жаны он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Кен казуучу тармактардын ачык-айкындык демилгеси - (мындан ары ААД) өнөр жайдагы кен казуучу тармактардын ишинен алынуучу кирешенин ачык-айкындыгын камсыздоого шарт түзүүчү, компаниялардын төлөмдөрүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алуучу кирешелердин салыштырылышын жана кеңири коомчулукка такай маалымдоону караштыруучу глобалдуу эл аралык стандарт.";
- кырк сегизинчи абзацында "конкурстук объекттер" деген сөздөр "геологиялык изилдөө же иштетүү стадиясындагы конкурстук объекттер, ошондой эле иштетүү стадиясындагы жер казынасынын башка объекттери" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 18-беренеде:
- 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Геологиялык маалыматтык ресурстарды берүүнүн жана пайдалануунун тартибин, аларды алгандык үчүн акынын өлчөмүн, алардын наркын, ошондой эле алынган каражаттарды сарптоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.";
- 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Геологиялык маалыматтык ресурстардын оригиналдары менен Мамлекеттик геологиялык маалыматтык фондусунун бөлмөлөрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте иштөөгө болот.".
3. 23-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Эгер түздөн-түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде берилген объектке биринчи арыз берилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде дагы бир же андан ашык арыз түшсө, анда ал объект аукционго коюлат.".
4. 24-берененин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда "жер бөлүндүсүн" деген сөздөр "убактылуу пайдалануу укугун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 27-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7. Эгер лицензиат Жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кен чыккан жерлердин тизмесине киргизилген, конкурс боюнча бөлүштүрүлүүчү объекттер боюнча төмөнкүдөй эреже бузуулардын бирине эле жол берсе:
- конкурстук объект боюнча жер казынасын пайдалануу укугун алгандык үчүн каралган баардык төлөмдөр төлөнбөсө же өз убагында төлөнбөсө;
- социалдык пакеттин шарттары аткарылбаса;
- тапшыруу мөөнөтү бир жолу узартылгандан кийин техникалык долбоор өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коруу тармагындагы эксперттик оң корутундулары менен кайрадан тапшырылбаса.".
6. 35-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Жер казынасын пайдалануучулар Кен казуучу тармактардын ачык-айкындык демилгесин (мындан ары - ААД) ишке ашыруунун алкагында жыл сайын жер казынасын пайдалануучу кассалык негизде төлөгөн баардык салыктар жана төлөмдөр жөнүндө отчетторду беришет. Жер казынасын пайдалануучулардын ААД боюнча отчетторун көз каранды эмес аудитордук компания мамлекеттик органдардын ААД боюнча отчеттору менен салыштырып текшерүүгө тийиш. Жер казынасын пайдалануучулардын финансылык ишинин ачык-айкындыгын камсыздоо максатында салыштырып текшерүүнүн жыйынтыгы бөлөк-бөлөк (өз-өзүнчө) милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш. Отчетторду берүүнүн тартибин, алардын формаларын жана отчеттуулуктун индикаторлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.".
7. 39-беренеде:
- 1 жана 2-бөлүктөрдөгү "Жер бөлүндүсү жана жер участогун убактылуу" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "жана жер бөлүндүсү" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) жердин бүтүндүгү бузулган учурда - токой фондунун айыл чарбалык өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун эсебин.".
8. 47-берененин 1-бөлүгү "аткарылат жана пайдалуу кен чыккан жерлерди" деген сөздөрдөн кийин "геологиялык чалгындоонун же" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бул Мыйзам күчүнө кирген учурдан баштап алты ай бою Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда айтылган жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу үчүн негиз, лицензиат жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу маселеси каралганга чейин бонусту жана (же) лицензиялык төлөмдөрдү жана (же) роялтини толук төлөгөн учурда колдонулбастыгы белгиленсин.
Бул Мыйзам күчүнө кирген учурдан баштап алты ай бою Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда айтылган жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу үчүн негиз, лицензиат жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу маселеси каралганга чейин лицензияны узартуу же трансформациялоо жөнүндө арыз берген учурда колдонулбайт.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|