Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-июлундагы № 374 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-июлу № 429
Каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого ачык сынактарды өткөрүү жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жыдын 7-июлундагы № 374 токтомунун редакциясына ылайык)
Байма-бай автобустук каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун жана тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого ачык сынактарды өткөрүү жөнүндө убактылуу жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого ачык сынактарды өткөрүүнү регламенттөөчү транспорт жаатындагы ченемдик укуктук базаны өнүктүрүү максатында, 2013-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого ачык сынактарды өткөрүү жөнүндө убактылуу жобо 2014-жылдын 1-апрелине чейин, бирок ушул токтомдун 2-пунктунда кабыл алынуусу каралган ченемдик укуктук актылар күчүнө киргенге чейин колдонулаары белгиленсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |