Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-июлу № 431
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору (макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2004-ж., № 12, 529-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 3-статьяда:
1) 2-бөлүгүндөгү "Омбудсменинин (Акыйкатчысынын)" деген сөздөр "Акыйкатчысынын (Омбудсменинин)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "- мамлекеттик кызматка дайындоо, көтөрүү, бошотуу" деген сөздөр "- аталган кызматтарга дайындоо жана аталган кызматтардан бошотуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 12-статьянын 10-бөлүгүндөгү "регламенттештиришет, аны Кеңештин төрагасы бекитет" деген сөздөр "регламенттештирилет, аны Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 13-статьянын 1-бөлүгүндө:
1) төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- ушул Мыйзамдын 14-беренесине ылайык мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын кызмат ордуна талапкерлерди конкурстук негизде тандоо боюнча ишти уюштурат;";
2) алтынчы абзацтагы "белгилейт" деген сөз "иштеп чыгат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жетинчи абзацтагы "жана административдик" деген сөздөр алып салынсын;
4) он биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- мамлекеттик кызматчыларды окутуу, даярдоо, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана стажировкадан, анын ичинде чет өлкөлөрдө өткөрүүнүн мамлекеттик программалары боюнча мамлекеттик тапшырыкты түзүү жана жайгаштыруу маселелери боюнча башкаруунун бирдиктүү координациялоочу органы болуп саналат;".
4. 14-статьяда:
1) 6 жана 7-бөлүктөрдөгү "мамлекеттик органдын жетекчисинин макулдугу менен" жана "жана мамлекеттик органдын жетекчисинин макулдугу" деген сөздөр алып салынсын;
2) 10-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"Статс-катчыны аттестациялоону Кеңеш мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзөт. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аттестациялоону даярдоо жана жүргүзүү боюнча ишти уюштурат.";
3) 11-бөлүктөгү "Кеңеш" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Президенти" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) төмөнкү мазмундагы 12 жана 13 бөлүктөр менен толукталсын:
"Статс-катчынын кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзамда белгиленген тартипте полиграфта тесттен өтүүгө тийиш.
Статс-катчынын бош кызмат орду пайда болгон учурда статс-катчынын ордун убактылуу ээлөөгө же анын милдеттерин аткаруучу болуп дайындоого жол берилбейт.".
5. 17-статьянын 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Административдик мамлекеттик кызмат орундарына адистиги боюнча иш стажына жана тажрыйбасына төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:
- кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары - иш стажына талаптар коюлбайт;
- улук административдик мамлекеттик кызмат орундары - кенже кызматтарда кеминде бир жылдык мамлекеттик же муниципалдык кызмат стажы же адистиги боюнча кеминде үч жылдык иш стажы;
- башкы административдик мамлекеттик кызмат орундары - жыйындысы боюнча кенже жана улук кызматтарда кеминде үч жылдык мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же адистиги боюнча кеминде беш жылдык иш стажы;
- жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундары - жыйындысы боюнча улук жана башкы кызматтарда кеминде беш жылдык мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же адистиги боюнча кеминде жети жылдык иш стажы.".
6. 18-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"18-статья. Мамлекеттик кызматтын кадрлар резерви
Мамлекеттик кызматтын кадрлар резерви (мындан ары - кадрлар резерви) - бул мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө атайын түзүлгөн талапкерлердин тобу. Мамлекеттик кызматтын кадрлар резерви улуттук жана ички кадрлар резервинен турат.
Улуттук кадрлар резерви мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүдөй талапкерлердин арасында конкурстарды жүргүзүү аркылуу түзүлөт:
- мамлекеттик органдын статс-катчысынын (аппарат жетекчисинин) пикирин эске алуу менен мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча кызматка көтөрүлүүгө талапкер мамлекеттик кызматчылардын;
- жогорку билимге ээ болгон жана резервдер тобуна коюлуучу тиешелүү квалификациялык талаптарга туура келген Кыргыз Республикасынын жарандарынын.
Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан конкурстук негизде тандалган, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча магистрлик программалардын долбоорлорунун стипендиаттары резервдер тобуна коюлуучу квалификациялык талаптарга туура келген шарттарда, конкурс өткөрүлбөстөн улуттук кадрлар резервине киргизилет.
Улуттук кадрлар резерви төмөнкүлөрдү камтыйт:
- саясий мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин;
- башкы жана жогорку административдик кызмат орундарына кадрлар резервин.
Мамлекеттик органдын ички кадрлар резерви төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
- ушул мамлекеттик органда мамлекеттик административдик кызмат орундарын ээлеген жана аттестациялоонун натыйжасында кызматка көтөрүүгө сунуш кылынган мамлекеттик кызматчылардан;
- мекеме кайра уюштурулгандыгына, штат кыскаргандыгына, ден соолугунун абалы боюнча узакка созулган эмгекке жарамсыздыгына байланыштуу кызматтан бошотулган мамлекеттик кызматчылардан;
- бош кызмат орунун ээлөөгө конкурска катышып, жогорку натыйжага ээ болгон, бирок дайындоого сунушталбаган адамдардан.
Кадрлар резервинин курамына киргизүүнүн жана андан чыгаруунун башка шарттары жана тартиби, резервдеги адамдардын укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
7. 19-статьянын 3-бөлүгүндөгү "Кеңеш тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. Төмөнкү мазмундагы 19-1-статья менен толукталсын:
"19-1-статья. Мамлекеттик органдын персоналды башкаруу кызматы
Мамлекеттик органдын персоналды башкаруу кызматы мамлекеттик органдын кадрдык потенциалын түзүү, өнүктүрүү жана кесиптик өркүндөтүү максатында түзүлөт.
Персоналды башкаруу кызматы мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмчөсү болуп саналат.
Персоналды башкаруу кызматынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- мамлекеттик органдын кызматкерлерин окутуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштуруу;
- мамлекеттик кызматкерлердин иштеринин натыйжалуулугун баалоо боюнча ишти уюштуруу;
- мамлекеттик кызматкерлерге дем берүү системасын иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- мамлекеттик органдын ички кадрлар резервин түзүү;
- кадрдык иш кагаздарын өз учурунда жана туура жүргүзүүнү камсыз кылуу;
- эмгек жана эмгек тартиби жөнүндө мыйзамдарды сактоого ички ведомстволук контролдоону ишке ашыруу.
Мамлекеттик органдын персоналды башкаруу кызматы жөнүндө типтүү жобо мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
9. 20-статьяда:
1) 6-8-бөлүктөрү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик кызматчы дайындалгандан кийин 1 жыл өткөндө ээлеген кызматы боюнча аттестацияланууга тийиш. Андан ары ээлеген кызматы боюнча кезектеги аттестациялоо үч жылда бир жолудан ашык эмес өткөрүлөт.
Төмөнкү мамлекеттик кызматчылар кезектеги аттестациялоодон өтүүгө тийиш эмес:
- кош бойлуу аялдар (кош бойлуулук жөнүндө маалымкаты болсо);
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө, баланы багуу боюнча өргүүдө жүргөндөр;
- магистрлик программалар боюнча окууну бүтүргөндөн кийин өз милдеттерин аткарууга киришкен адамдар.
Аталган мамлекеттик кызматчыларды аттестациялоо жогоруда көрсөтүлгөн социалдык өргүүлөрдөн чыккандан, окууну бүтүргөндөн кийин бир жылдан эрте жүргүзүлбөйт.".
2) 9-бөлүктөгү "бир айдан кийин" деген сөздөр "бир ай өткөндөн кийин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 12-бөлүк төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Аттестациялоонун мөөнөтү мамлекеттик органды кайра уюштуруу мөөнөтүнө шайкеш келген учурда, эгерде мамлекеттик кызматчынын кызмат орду жана функционалдык милдеттери өзгөрүлбөсө, анда аттестациялоо мамлекеттик орган кайра уюштурулгандан кийин өткөрүлөт.".
10. 21-статьяда:
1) 2-бөлүк "демилгеси боюнча" деген сөздөрдөн кийин "окутуу муктаждыгын талдоого ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 4 жана 5-бөлүктөр төмөнкү редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бирден-бир тапшырыкчы катары окутуу программаларын жана билим берүү мекемелерин тандоону окутуунун жалпы багыттары боюнча конкурстун негизинде жүргүзөт. Мамлекеттик кызматчыларды жалпы багыттар боюнча окутууну жүргүзүү үчүн, окутууга мамлекеттик заказга ылайык, республикалык бюджеттен мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине финансылык каражаттар бөлүнөт.
Ведомстволук (тармактык) багыттар боюнча мамлекеттик кызматчыларды окутуу үчүн эмгек акы фондунан кеминде бир пайызынан кем эмес эсепте бюджеттен финансылык каражаттар мамлекеттик органдарга бөлүнөт. Окутуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен да жүргүзүлүшү мүмкүн.";
3) төмөнкү мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"Окутуу муктаждыгын талдоого ылайык, мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик кызматчыларды окутууга мамлекеттик заказды, ошондой эле мамлекеттик кызматтын кадрлар резервине киргизилген адамдардын тизмесин жыл сайын түзөт жана бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет.".
11. 23-статьянын 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик кызматтын кенже инспекторунун класстык чени кызмат орунунун категориясына ылайык мамлекеттик кызматтын кенже кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларга ыйгарылат.".
12. 24-статьяда:
1) 1-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"Административдик мамлекеттик бош кызмат орунун ээлөө үчүн жарандардын мамлекеттик кызматка кирүүсү конкурстун жыйынтыктары боюнча жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик кызматчы административдик мамлекеттик бош кызмат орунду конкурс боюнча, кызматтан көтөрүү же кадрлар резервинен которуу аркылуу ээлейт.";
2) 3-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
3) 5-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"Тийиштүү квалификациялык талаптар болгондо мамлекеттик кызматтын административдик кызмат ордун конкурстан тышкары ээлөөгө төмөнкүлөрдүн укугу бар:
- ошол эле мамлекеттик органдагы кызмат орундар тобунун бир категориясынын ичиндеги мамлекеттик кызматчылар;
- бир мамлекеттик органдан башка мамлекеттик органга ведомстволор аралык ротациялоо учурунда кызмат орундарынын тобунун бир категориясынын ичиндеги мамлекеттик кызматчылар;
- аттестациянын натыйжалары боюнча мамлекеттик кызмат орундарынын бир тобунун ичинде мурда ээлеген кызмат орунуна салыштырганда бир категорияга жогору кызматка көтөрүүгө сунуш кылынган, ошондой эле эгерде дайындоого чейин мамлекеттик кызматчы мурунку топтун акыркы категориясына кирген административдик мамлекеттик кызмат орунун ээлеген болсо, анда кийинки топтун биринчи категориясына киргизилген, жогоруда турган кызмат орунуна которууга сунуш кылынган мамлекеттик кызматчылар;
- Кыргыз Республикасы катышкан мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин чегинде кадрларды даярдоо программалары боюнча окутууга жөнөтүлгөн жана окууну аяктаган чет өлкөлүк жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү.";
4) 6-бөлүк "мамлекеттик кызматтын" деген сөздөрдөн кийин "жогорку," деген сөз менен толукталсын.
13. 25-статьяда:
1) 2-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"Административдик мамлекеттик бош кызмат орду пайда болгондо мамлекеттик орган тарабынан бош кызмат орду пайда болгондон кийин бир айдын ичинде расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле мамлекеттик органдын веб-сайтында конкурс өткөрүү тууралуу маалыматты жайгаштыруу жолу менен конкурс жарыяланат.";
2) 5-бөлүк төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Эгерде улуттук резервде турган адамдар конкурска катышуудан баш тартуунун натыйжасында конкурс өткөрүлбөй калса, же болбосо конкурстан өткөн адам кызмат ордуна дайындалбаса, анда ачык конкурс жарыяланат. Ачык конкурс өткөрүлгөн учурда, башка негиздер боюнча бош кызмат ордуна дайындоого жол берилбейт.";
3) 8, 9, 10-бөлүктөр түрдүү жөндөмөдөгү "көрмөжазуу" деген сөздөн кийин тийиштүү жөндөмөдө "же аудиожазуу" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 10-бөлүктөгү "тийиш" деген сөз "керек" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 13-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
6) төмөнкү мазмундагы 14-бөлүк менен толукталсын:
"Расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында, мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтында конкурс өткөрүү тууралуу маалыматты жайгаштыруу менен мамлекеттик органдын аталышы жана юридикалык дареги, административдик мамлекеттик бош кызмат ордунун аталышы, конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги, документтерди кабыл алуу убактысы жана орду көрсөтүлөт. Конкурсту өткөрүү жөнүндө кеңири маалымат мамлекеттик органдын сайтында жарыя жайгаштырылган учурда көрсөтүлөт.".
14. 28-статьяда:
1) аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү "(орун которуштуруу)" сөздөр алып салынсын;
2) 1-бөлүк төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөр менен толукталсын:
"Мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо - мамлекеттик кызматчылардын ордун горизонталдуу которуштуруу же мурда ээлеген кызмат ордуна салыштырганда кызмат орундарынын категориясы жана тобу боюнча бир маанидеги кызмат ордуна которуу. Муниципалдык кызматчыны иш берүүчүнүн демилгеси боюнча ошол эле уюмдагы башка туруктуу же убактылуу ишке которууга, башкача айтканда эмгек иш-милдеттерин же эмгек келишиминин колдонуудагы шартын өзгөртүү, ошону менен катар башка уюмдагы туруктуу ишке, болбосо уюм менен кошо башка жерге которууга анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет.";
3) 2-бөлүк төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Мамлекеттик кызматчынын ден соолугунун абалына карама-каршы келген ишке аны которууга жана ордун которуштурууга тыюу салынат.";
4) төмөнкү мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"Ротациялоону караган Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын тизмеги жана Мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Мамлекеттик кызматчыны которуу же ордун которуштуруу анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ишке ашырылат.".
15. 31-статьянын 1-бөлүгүнүн "г" пунктундагы "же квалификациялык сынактын" деген сөздөр алып салынсын.
16. 33-статьяда:
1) статьянын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"33-статья. Декларацияда көрсөтүлүүгө тийиш кирешелер, мүлк жана милдеттенмелер жөнүндө маалыматтар";
2) 1-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"Ушул Мыйзамдын 3-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар (мындан ары декларанттар) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларацияны (мындан ары - декларация) берүүгө милдеттүү.".
3) 2 жана 3-бөлүктөрдө түрдүү жөндөмөдөгү "жана анын адамын үй-бүлө мүчөлөрү" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө ", ошондой эле алардын жакын туугандары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 4-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Төмөндө көрсөтүлгөн булактардан улуттук жана чет өлкөлүк валюта түрүндө алынган мүлк жана суммалар декларацияны берген адамдын кирешелери болуп эсептелет:";
5) 6-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"Ушул Мыйзамга ылайык мамлекеттик кызматчынын (декларанттын) жакын туугандары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) жубайы, жашы жете элек балдары;
б) анын багуусунда же толук камкордугунда турган адамдар, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, декларант тарабынан багууга укугу бар адамдар;
в) жашы жеткен балдарынын, ата-энесинин, кыз жана эркек бир туугандарынын жашоосуна, билим алуусуна, саламаттыгын сактоого жана башка зарыл чыгымдарын жабууга декларант финансылык чыгым тарткан адамдар.";
6) 7-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
7) 8-бөлүктө:
- "Мүлк жана кирешелер жөнүндө" деген сөздөр алып салынсын;
- "анын үй-бүлө мүчөлөрүн" деген сөздөр "анын жакын туугандарын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
17. 34-статьяда:
1) 34-статьянын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"34-статья. Декларацияларды берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү. Декларацияларды текшерүү";
2) 1-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы "1-мартка чейин" деген цифра жана сөздөр "1-марттан кечиктирбестен" деген цифра жана сөздөргө алмаштырылсын;
3) 2-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"Декларациялар мамлекеттик орган тарабынан кийин салык кызмат органдарына жөнөтүү үчүн мамлекеттик кызматчынын иштеген жери боюнча берилет.".
18. 35-статьяда:
1) 1-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик кызматчы иштеген мамлекеттик орган отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-июнуна чейин күбөлөндүрүлгөн декларацияны салык кызматы органына берет.";
2) 2-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
3) 3-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте салык кызматынын мамлекеттик органы мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын декларацияларында камтылган маалыматтарга коомчулуктун жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ээ болушун камсыз кылат. Талап кылынган маалыматты берүүдөн мамлекеттик органдын баш тартышына административдик же сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.";
4) 4-бөлүктө:
"а" жана "б" пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:
"а) жашаган жери, телефон номери жана мамлекеттик кызматчы, анын жакын туугандары менен жеке карым-катнашты ишке ашыруу каражаттарына тиешеси бар башка маалыматтар жөнүндө;
б) декларацияда көрсөтүлгөн мүлктүн турган орду жөнүндө;";
5) "в" жана "г" пунктчалары күчүн жоготту деп табылсын;
6) 6-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
7) 7-бөлүктө "Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси" деген сөздөр "Салык кызматы органынын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
19. 44-статьянын 3-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Иштеген жылдары боюнча пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын стажы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте эсептелет. Мамлекеттик кызматтын стажын эсептөөдө мурдагы СССРдин партиялык, советтик, профсоюздук жана комсомолдук органдарынын аппараттарында, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын аппараттарында, союздук жана автономдук республикалардын штаттык кызмат орундарындагы иши, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү мөөнөттүү кызматы, туруктуу негизде депутаттык милдеттерин аткаруу, Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматы, ошондой эле мамлекеттик органдын жолдомосу жана сунуштамасы менен мамлекеттик башкаруунун адистештирилиши боюнча кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өтүү мезгили мамлекеттик кызмат катары эсептелет.".
20. 45-статьянын 2-бөлүгүндөгү "ушул Мыйзамдын 46-беренесинин талаптарын эске алуу менен" деген сөздөр жана цифра алып салынсын.
21. 47-статьяда:
1) 3-бөлүктүн 2-пункту "10" цифрасынан кийин "жумушчу" деген сөз менен толукталсын;
2) 4-бөлүктөгү "кадрлар резервине" деген сөздөр "ички кадрлар резервине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2004-ж., № 11, 514-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-статьянын 1-бөлүгүндө:
1) он алтынчы абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери;";
2) төмөнкү мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"иши мамлекеттик бюджеттен каржылануучу же уставдык капиталында мамлекеттик үлүшү (акциялары) бар мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери.".
2. 2-статьяда:
1) 1-бөлүктөгү "өздөрү менен жакын туугандарынын мүлкү жана кирешелери жөнүндө декларация" деген сөздөр "мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларация (мындан ары - декларация)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-бөлүктөгү "Мүлкү жана кирешелери жөнүндө" деген сөздөр алып салынсын.
3. 3-статьянын аталышы "болгон" деген сөздөн кийин "кирешелер," деген сөз менен толукталсын.
4. 5-статьянын 2-бөлүгүндөгү "кийинки эки жылдын" деген сөздөр "кийинки бир жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 6-статьяда:
1) 1-бөлүктүн "б" пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;
2) "г" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"г) декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтейт; зарыл болгондо декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын толуктугуна жана аныктыгына талдоо жүргүзүү үчүн мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалымат кармоочу мамлекеттик органдарга суроо-талап жиберет; мамлекеттик башкаруу органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардан жана жарандардан келип түшкөн, ушул Мыйзамдын колдонулушуна туура келген адамдардын кирешелерине, мүлкүнө жана милдеттенмелерине тиешелүү маалыматтарды иликтейт, зарыл болгон учурда декларанттар менен бирге декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды тактайт;";
3) "ж" пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2005-ж., № 2, 91-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 1-статьянын 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын, шаарлардын мэрлеринин жана башка шайлануучу кызматтардагы адамдардын укуктук макамы Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.".
3. 2-статьянын 3- жана 4-бөлүктөрү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Саясий муниципалдык кызмат орундарына кеңештердин төрагаларынын, шаарлардын мэрлеринин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундары кирет.
Административдик муниципалдык кызмат орундарына өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыктары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан дайындалуучу муниципалдык кызмат орундары кирет.".
4. 11-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"11-статья. Муниципалдык кызмат орундарынын классификациясы Административдик муниципалдык кызмат орундары жетекчилердин жана адистердин категорияларына, ошондой эле төмөнкү топторго бөлүнөт:
- жогорку кызмат орду;
- башкы кызмат орду;
- улук кызмат орду;
- кенже кызмат орду.
Административдик муниципалдык кызмат орундарынын категорияларынын жана топторунун курамы жана катышы муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.".
5. 12-статьянын 3-бөлүгү төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Мында саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеген муниципалдык кызматкерлердин муниципалдык же мамлекеттик кызматтагы стажы кеминде 5 жыл болушу керек.".
6. 16-статьянын 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:
- жогорку муниципалдык кызмат орундары үчүн - жогорку билим, башкы кызмат орундарындагы муниципалдык же мамлекеттик кызмат стажы кеминде беш жыл же адистиги боюнча иш стажы кеминде жети жыл;
- башкы муниципалдык кызмат орундары үчүн - жогорку билим, улук кызмат орундарындагы муниципалдык же мамлекеттик кызмат стажы кеминде үч жыл же адистиги боюнча иш стажы кеминде беш жыл;
- улук муниципалдык кызмат орундары үчүн - жогорку билим, кенже кызмат орундарындагы муниципалдык же мамлекеттик кызмат стажы кеминде эки жыл же адистиги боюнча иш стажы кеминде үч жыл;
- кенже муниципалдык кызмат орундары үчүн - орто кесиптик билим же орто билим, иш стажына талаптар коюлбайт.".
7. 18-статьянын 1-бөлүгүнүн 5-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын.
8. 22-статьяда:
1) аталышында жана 1-бөлүктө "(ордун которуу)" деген сөздөр алып салынсын;
2) 1-бөлүк төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Муниципалдык кызматчыны иш берүүчүнүн демилгеси боюнча ошол эле уюмдагы башка туруктуу же убактылуу ишке которууга, башкача айтканда эмгек иш-милдеттерин же эмгек келишиминин колдонуудагы шартын өзгөртүү, ошону менен катар башка уюмдагы туруктуу ишке, болбосо уюм менен кошо башка жерге которууга анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет.";
3) 2-бөлүктөгү "төрт" деген сөз "үч" деген сөзгө алмаштырылсын.
9. 23-статьяда:
1) 4-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"Катышуучуларга конкурстун жыйынтыктары ал аяктагандан кийин ошол замат билдирилет.";
2) 5-бөлүктөгү "эмгек келишимин (контрактын) түзүү" деген сөздөр алып салынсын;
3) төмөнкү мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"Биринчи кезекте конкурс ички резервде турган адамдардын ортосунда жүргүзүлөт. Эгерде ички резервде турган адамдар конкурска катышуудан баш тартуунун натыйжасында конкурс болбой калса, же болбосо конкурстан өткөн адам кызмат ордуна дайындалбаса, анда конкурс улуттук резервде турган адамдардын ортосунда жарыяланат.".
10. 24-статьяда:
1) 1-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"Муниципалдык кызматчы ээлеген кызмат ордуна, анын кесиптик деңгээлине ылайык келе тургандыгын, кызматынан өсүү келечегин аныктоо үчүн, класстык ченди ыйгаруу үчүн үч жылда бирден көп эмес аттестациядан өткөрүлүүгө тийиш.";
2) 3-бөлүк төмөнкү редакцияда жазылсын:
"Аттестациялоонун натыйжасында муниципалдык кызматчыга төмөнкүдөй баалардын бири берилет:
- кызматка көтөрүүгө сунуш кылынат;
- ээлеген муниципалдык кызмат ордуна ылайык келет;
- ээлеген муниципалдык кызмат ордуна ылайык келет жана биринчи же кезектеги класстык ченди ыйгарууга сунуш кылынат;
- 6 айдан кийин кайталап аттестациялоо менен анын кызматтык иши боюнча аттестациялык комиссиянын сунуштамаларын аткарган шартта ээлеген муниципалдык кызмат ордуна ылайык келет;
- ээлеген муниципалдык кызмат орунуна ылайык келбейт.";
3) төмөнкү мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Кезексиз аттестацияларды өткөрүүгө жол берилбейт.".
11. 27-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"27-статья. Муниципалдык кызматтын кадрлар резерви
Муниципалдык кызматтын кадрлар резерви (мындан ары - кадрлар резерви) - бул муниципалдык кызматтын муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө келечектүү жана атайын түзүлгөн талапкерлердин тобу. Муниципалдык кызматтын кадрлар резерви Улуттук жана ички кадрлар резервинен турат.
Улуттук кадрлар резерви мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүдөй талапкерлердин арасында тиешелүү конкурстарды жүргүзүү аркылуу түзүлөт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин сунушу боюнча кызматка көтөрүлүүгө талапкер болгон муниципалдык кызматчылар;
- жогорку билимге ээ болгон жана резервдин тобуна коюлуучу тиешелүү квалификациялык талаптарга туура келген Кыргыз Республикасынын жарандары.
Ички кадрлар резерви жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
аттестациялоонун натыйжасында "кызматка көтөрүүгө сунушталган" деген баа алган муниципалдык кызматкерлерден;
- конкурстан өтпөй калган, бирок конкурстук комиссия тарабынан сунушталган талапкерлерден;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун муниципалдык органынын штаты кыскаргандыгына, кайра уюштурулгандыгына байланыштуу ээлеген кызмат орундарынан бошотулган - мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар.".
12. 34-статьянын 2-бөлүгүндөгү "белгилүү бир мөөнөткө эмгек келишимин (контрактын) түзгөн" деген сөздөр алып салынсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 8, 396-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 3-статья төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Муниципалдык кызматчылардын класстык чендери төмөнкүлөргө бөлүнөт:
орто класстык чендер - муниципалдык кызматтын кенже инспекторунан тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспекторун кошо;
улук класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо;
жогорку класстык чендер - 3-класстагы жана андан жогорку муниципалдык кеңешчи.".
2. 5-1-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"5-1-статья. Класстык чен
Класстык чен - Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" жана "Муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдарында көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын жеке өзүнө ыйгарылуучу атайын наам.".
3. Төмөнкү мазмундагы 10-2-статья менен толукталсын:
"10-2-статья. Муниципалдык кызматчыларга ыйгарылуучу класстык
чендер
Муниципалдык кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчыларга төмөнкү класстык чендер ыйгарылат:
- муниципалдык кызматтын кенже инспектору;
- муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору;
- муниципалдык кызматтын 2-класстагы инспектору;
- муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспектору;
- муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;
- 3-класстагы муниципалдык кеңешчи;
- 2-класстагы муниципалдык кеңешчи;
- 1-класстагы муниципалдык кеңешчи.".
4. Кыргыз Республикасынын "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Мыйзамынын тиркемеси ушул Мыйзамдын тиркемесине ылайык берилсин.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2006-ж., № 4, 392-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 16-статья төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Конкурстук тандоонун натыйжасында административдик мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарына дайындоо тартиби мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.".
2. 62-статьянын 6-бөлүгү "эмгек укуктарынын ченемдерин камтыган" деген сөздөрдөн кийин "буга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен каралган учурлар кирбейт" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 67-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"67-статья. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта кызмат орунун
ээлөө тартиби
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта кызмат орунун ээлөө Конституция, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте дайындоо же шайлоо аркылуу ишке ашырылат.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өтөө тартиби мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте ишке ашырылат.".
4. 69-статьянын 3-бөлүгүндөгү "(которуунун)" деген сөз алып салынсын.
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
7-берене.
Бул Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 1-статьянын 3-бөлүгүнүн 3-пунктун, 17-бөлүгүнүн 3-пунктун жана 18-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттарын кошпогондо расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|