Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-июлу № 436
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Төрт-Гүл айылдык аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Төрт-Гүл айылдык аймагынын Чоң-Талаа, Ак-Турпак, Чоң-Кара жана Зарташ айылдарынын тургундарынын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын 2012-жылдын 22-майындагы № 13-7/72 токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Төрт-Гүл айылдык аймагында жайгашкан, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун көп жылдык бак-дарак ээлеген 27,0 га жери жеке турак үйлөрдү курууга жарандарга берүү үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты:
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторуна шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү камсыздасын;
- жогорку вольттуу электр берүү чубалгыларын чыгаруу же куруу зарыл болгон учурда каржылоо булагын жана тартибин аныктасын;
- жер участокторун максаттуу бөлүштүрүүнү кезектүүлүккө ылайык катуу сактоону камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |