Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-августу № 441
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 257-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Майыптар үчүн адистештирилген товарлардын тизмеси төмөнкү позициялар менен толукталсын:
"
┌────────────────┬────────────────────────────────────────────────────┐
│8471 80 000 0 │8530 10 000 0 товардык позициядан азиз жөө │
│ │жүрүүчүлөр үчүн үндүк коштоо түзүлүшүнө │
│ │радиоадаптер <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│8530 10 000 0 │Азиз жөө жүрүүчүлөр үчүн үндүк коштоо түзүлүшү <1> │
└────────────────┴────────────────────────────────────────────────────┘
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |