Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-августу № 443
Орозо айт жана Курман айт күндөрү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында:
- 2013-жылдын 8-августу Орозо айтты майрамдоо күнү;
- 2013-жылдын 15-октябры Курман айтты майрамдоо күнү деп жарыялансын.
2. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жумасы графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2013-жылдын 9-августундагы жана 14-октябрындагы иш күндөрү тиешелүү түрдө 2013-жылдын 17-августундагы жана 12-октябрындагы дем алыш күндөрүнө которулсун.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |