Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 446 токтому менен бекитилген |
Мунайзаттарды кабыл алууда, сактоодо, сатууда жана ташууда табигый азаюунун ченемдерин колдонуу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Табигый азаюунун ченемдери мунайзатты кабыл алуучу, сатуучу, сактоочу жана ташуучу бардык ишканаларда колдонулат.
2. Мунайзаттардын табигый азаюусу деп мунайзаттардын физикалык-химиялык касиеттеринин, метеорологиялык факторлордун таасиринин натыйжасы болуп саналган жоготуулар (ченемдик документтердин талаптарынын чегинде сапатты сактоодо массанын азайышы) түшүнүлөт.
3. Табигый азаюуга стандартташтыруу боюнча документтердин талаптарын, техникалык пайдалануу жана сактоо эрежелерин бузуудан улам келип чыккан мунайзаттардын жоготуулары кирбейт.
4. Табигый азаюунун ченеми деп түздөн-түз товардык-унаалык кырдаалдарда аларды коштоочу физикалык процесстердин натыйжасынан болуучу мунайзаттардын кайтарымсыз жоготууларынын, ошондой эле колдонулуучу технологиялык жабдуулардын абалынын учурдагы деңгээлинде болтурбай коюуга мүмкүн болбогон жоготуулардын (соркыскычтарды жана жылдырмаларды сальниктик тыгындоо аркылуу бардык сыйымдуулуктардан бууга айлануудан улам жоготуулар, жабышуудан улам болгон жоготуулар ж.б.) жол берилген чоңдугу түшүнүлөт.
5. Табигый азаюунун ченемдерине резервуарларды, өткөрмө түтүктөрдү оңдоо жана тазалоо менен байланышкан мунайзаттардын жоготуулары, лупингдерди жана коймолорду кескендеги жоготуулар, авариялык жоготуулардын бардык түрлөрү, ошондой эле кампа ичиндеги кайра сордуруудагы жоготуулар киргизилген эмес.
6. Табигый азаюунун ченемдери чектелүү болуп саналат жана мунайзаттар иш жүзүндө жетишпеген учурларда гана колдонулат. Мунайзаттарды табигый азаюу ченеминин чегинде жетишпегендигинин фактысы аныкталганга чейин эсептен чыгарууга тыюу салынат.
7. Физикалык-химиялык касиеттерине жараша бардык мунайзаттар 7 топко бөлүнөт:
1-топ:
- бардык маркадагы автомобиль бензиндери;
2-топ:
- кайноо температурасы 50 град. Цельсиядан 100 град. Цельсияга чейин болгон бардык маркадагы мунай эриткичтери;
- бардык маркадагы авиация бензиндери;
- Т-2 реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отун;
- нефрас - С 50/70, А 65/65 жана А 63/75;
- ВМ-3 вакуум майы;
3-топ:
- кайноо температурасы 100 град. Цельсия жана андан жогору болгон бардык маркадагы мунай эриткичтери;
- реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн (Т-2ден башка) отун;
- техникалык максаттар үчүн керосин;
4-топ:
- бардык маркадагы жарыктандыруучу керосиндер;
- күңүрттөнүү (коюулануу) температурасындагы же минус 10 град. Цельсиядан төмөн температурада чыпкалануучулуктун чектүү температурасындагы дизель жана кеме отуну - "Кышкы";
- ПО-1 көбүктөндүргүч;
5-топ:
- күңүрттөнүү (коюулануу) температурасындагы же минус 10 град. Цельсия жана андан жогору температурада чыпкалануучулуктун чектүү температурасындагы дизель жана кеме отуну;
- "Кышкыдан" тышкары орто жүгүртмө жана чакан жүгүртмө дизелдер үчүн мотор отуну;
- тиричилик мештеринин отуну;
6-топ:
- бардык маркадагы майлоочу майлар;
- бардык маркадагы мазуттар;
- мунайлык суюк кара чайыр;
- башка суюк мунайзаттар;
7-топ:
- бардык маркадагы майлоочу майлар;
- катуу кара чайыр;
- түрдүү пасталар;
- церезин;
- түрдүү катуу мунайзаттар.
8. Мунайзаттардын табигый азаюусунун ченемдерин колдонуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагы 3 климаттык зонага бөлүнөт: түштүк (Ош, Баткен, Жалал-Абад), орто (Чүй, Талас) жана түндүк (Нарын, Ысык-Көл).
9. Мунайзаттардын табигый азаюусунун ченемдери күзгү-кышкы (1-октябрдан тартып 31-мартка чейин) жана жазгы-жайкы (1-апрелден 30-сентябрга чейин) деп жылдын эки мезгили үчүн, ошондой эле резервуардын түрүн, анын сыйымдуулугун жана технологиялык операциянын түрүн (кабыл алуу, сактоо, сатуу, ташуу) эске алуу менен белгиленген.
10. Табигый азаюунун ченемдери эсеп боюнча кабыл алынган жана өткөрүлүп берилген (фасовкаланган мунайзаты), ташылуучу же термикалык идиште сакталган (жылчыксыздандыргычтарды, тыгындоолорду ж.б. колдонуу менен каңдалган), ошондой эле басымы жогору болгон резервуарларда сакталган мунайзаттарга жайылтылбайт.
11. Тереңдетилген резервуарларга 0,2 метрден ашык калыңдыкта топурак менен көмүлгөн темир-бетон жана болот резервуарлар кирет.
2. Мунайзаттарды кабыл алуудагы табигый азаюунун ченемдери
12. Мунайзаттарды кабыл алуудагы табигый азаюу тийиштүү ченемди резервуарга тонна менен кабыл алынган мунайзаттын массасына көбөйтүү аркылуу аныкталат.
13. Мунайзаттарды кабыл алуудагы табигый азаюунун ченемдери мунайзаттарды инвентаризациялоонун же кабыл алуунун жыйынтыгында жетпегендик аныкталган учурда колдонулат.
14. 1, 2-топтордогу мунайзаттарды кабыл алуудагы табигый азаюу резервуардын түрүнө жана сыйымдуулугуна жараша 1, 2-топтордогу мунайзаттарды резервуарларга кабыл алууда табигый азаюунун ченемдерине ылайык эсептелет.
3, 4, 5 жана 6-топтордогу мунайзаттарды кабыл алуудагы табигый азаюу мунайзатты жеткирген транспорт каражатынын түрүнө жараша 3, 4, 5, 6-топтордогу мунайзаттарды резервуарларга кабыл алууда табигый азаюунун ченемдерине ылайык эсептелет.
15. Жылытылган мунайзаттарды кабыл алуудагы табигый азаюу анын жылытылган температурасына жараша эсептелет.
Жыл мезгилине карабастан табигый азаюу жазгы-жайкы мезгилдин ченемдери боюнча төмөнкүлөргө көбөйтүү менен эсептелет:
- 1,5 эсеге - мунайзаттарды 21 ден 30 градус Цельсийге чейин жылытканда;
- 2 эсеге - 31 ден 50 градус Цельсийге чейин жылытууда;
- 3 эсеге - 50 градус Цельсийден жогору жылытууда;
Күзгү-кышкы мезгилде 11ден 20 градус Цельсийге чейин жылытууда күзгү-кышкы мезгилдин тийиштүү ченеми 1,5 эсеге көбөйтүлөт.
3. Мунайзаттарды сактоонун биринчи айында табигый азаюунун ченемдери
16. 1, 2, 3 жана 4-топтордогу мунайзаттардын табигый азаюусу резервуардын түрүнө жана сыйымдуулугуна, климаттык зонага, жыл мезгилине жараша 1, 2, 3, 4-топтордогу мунайзаттарды 1 айга чейин сактоодо табигый азаюунун ченемдерине ылайык аныкталат.
17. 5, 6-топтордогу мунайзаттардын табигый азаюусу 5, 6-топтордогу мунайзаттарды резервуарларда 1 айга чейин сактоодо табигый азаюунун ченемдерине ылайык учурдагы айдын ичинде кабыл алынган продуктунун массасына тийиштүү ченемди (тонна менен) көбөйтүү аркылуу аныкталат.
4. Мунайзаттарды бир айдан ашык сактоодо табигый азаюунун ченемдери
18. Бир айдан ашык сактоодогу табигый азаюу тийиштүү таблица боюнча (бир айга килограмм менен) - резервуардын сыйымдуулугуна жана түрүнө, сакталган мунайзаттын тобуна, климаттык зонага жана жыл мезгилине жараша мунайзаттарды бир айдан ашык сактоодо табигый азаюунун ченемдерине ылайык аныкталат.
19. Эгерде мунайзаттар бир ай ичинде резервуарга келип түшпөсө жана андан сордуруп алынбаса, бир айдан ашык убакыт сактоодогу табигый азаюу болуп эсептелет.
5. Мунайзаттарды транспорт каражаттарына куюудагы табигый азаюунун ченемдери
20. Транспорт каражаттарына куюудагы табигый азаюу мунайзаттарды транспорт каражаттарына куюудагы табигый азаюунун ченемдерине ылайык жүктөлгөн мунайзаттын массасына (тонна менен) тийиштүү ченемди көбөйтүү менен аныкталат.
21. 1, 2, 3, 4-топтордогу мунайзаттарды куюудагы табигый азаюу жүктөлүп жаткан транспорт каражатынын түрүнө жараша аныкталат.
5-топтогу мунайзаттарды куюудагы табигый азаюу бул мунайзаттарды резервуарларда сактоодогу жоготууларга киргизилет жана өзүнчө эсептелбейт.
6-топтогу мунайзаттарды куюудагы табигый азаюу жүктөлүп жаткан резервуардын түрүнө жараша аныкталат.
6-топтогу мунайзаттарды жылытуу менен куюуда ушул Тартиптин 15-пунктуна ылайык азаюу ченеми колдонулат.
22. Мунайзаттарды жөнөтүүчү уюм эгерде жүктөлгөн мунайзаттын массасы транспорт каражаттарындагы ченөөлөр боюнча аныкталса, аны куюудагы табигый азаюуну эсептейт.
Эгерде жүктөлгөн мунайзаттын массасы жеткирүүчү-уюмдун резервуарлары же эсептегичтери боюнча аныкталса, анда куюудагы табигый азаюуну кабыл алуучу эсептейт.
6. Автомай куюучу станциялардагы жана май куюучу пункттардагы мунайзаттардын табигый азаюусунун ченемдери
23. Автомай куюучу станциялар менен май куюучу пункттар үчүн мунайзаттардын табигый азаюусунун ченемдерине мунайзаттарды ташуудагы, транспорт каражаттарынан кабыл алуудагы, резервуарларда сактоодогу жана таратуучу колонкалар аркылуу сатуудагы табигый азаюу кирет.
24. Мунайзаттардын табигый азаюусу кабыл алынган мунайзаттын массасына (тонна менен) тийиштүү ченемди автомай куюучу станцияларда жана май куюучу пункттарда мунайзаттарды кабыл алууда, сактоодо, сатууда табигый азаюунун ченемдерине ылайык көбөйтүү аркылуу аныкталат.
25. Эгерде мунайзат автомай куюучу станцияга өткөрүүчү түтүк боюнча келсе жана автомай куюучу станциянын резервуарларындагы ченөөлөр боюнча кабыл алынса, ченемдин 50%ын автомай куюучу станция жана 50%ын мунай сатуучу - жеткирүүчү уюм эсептейт.
7. Катуу мунайзаттардын табигый азаюусунун ченемдери
26. Катуу мунайзаттардын табигый азаюусунун ченемдерине кабыл алуудагы, ташуудагы жана сактоодогу табигый азаюу кирет.
27. Катуу мунайзаттардын табигый азаюусу 7-топтогу мунайзаттардын табигый азаюусунун ченемдерине ылайык кабыл алынган же берилген (тонна менен) мунайзаттын санына тийиштүү ченемди көбөйтүү аркылуу аныкталат.
8. Мунайзаттарды темир жол менен ташуудагы табигый азаюунун ченемдери
28. Мунайзаттарды темир жол менен ташуудагы табигый азаюунун ченемдерине мунайзаттардын майда фракцияларынын буулануусунан улам жоготуулары киргизилген.
29. Мунайзаттарды темир жол менен ташуудагы табигый азаюу темир жол менен ташуудагы табигый азаюунун ченемдерине ылайык ишкана иш жүзүндө кабыл алган мунайзаттардын жалпы санына бир тонна жүктөгү тийиштүү ченемди, мунайзаттарды темир жол цистерналарынын чендери боюнча көбөйтүү аркылуу аныкталат.
|
|