Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-августу № 454
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Таткулов Таалай Жумалиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-б.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
310-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"310-статья. Документтерди алмаштыруу, өзгөртүү, кайра жасоо,
жасалмалоо, так отчеттуулук бланкаларынын сакталышын
камсыз кылбоо жана жоголгон учурлары жөнүндө
маалымат бербөө
Документтерди алмаштыруу, өзгөртүү, кайра жасоо, ошондой эле аларды жасалмалоо, жасалма жана товарсыз документтерди, анын ичинде КНС боюнча так отчеттуулуктагы эсептик фактуралардын бланктарын колдонуу, алардын сакталышын камсыз кылбоо, ошондой эле так отчеттуулуктагы бланктардын (КНС боюнча эсептик фактуралардын, накладнойлордун ж.б.) жоголгон же уурдалган учурлары жөнүндө өз учурунда эмес маалыматты берүү (бербөө) -
төмөнкү администрациялык айып салууга алып келет: жарандарга элүү эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эки жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө.
Эскертүү. Бул беренени колдонуу максатында терминдер жана аныктамалар төмөнкү мааниде колдонулат:
1. Жалган документ - кабыл алынуучу же берилүүчү документке ылайык келбеген же тиешелүү укуктук натыйжаны түзүүнү көздөбөгөн, көрсөтүү үчүн гана таризделген документ;
2. Товарсыз документ - толук көлөмдө жүргүзүлбөгөн операция чагылдырылган же болбосо жалган жана/же калп келишимди легалдаштыруу максатында таризделген документ.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 212-статьяда:
"(1) Жеке ишкердин салык жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын эсептөө үчүн документтерди бербөө же аларды жок кылуу аркылуу салык жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөөсү, мындай документтерге кирешелери жана чыгашалары жөнүндө бурмаланган маалыматтарды атайылап киргизүүсү же салык салуунун жана социалдык камсыздандыруунун башка объекттерин жашырып коюу, ошого барабар жасалма жана товарсыз документтерди, анын ичинде КНС боюнча так отчеттуулуктагы эсептик фактуралардын бланктарын колдонуу ири өлчөмдөгү зыянга алып келсе, -";
берененин эскертүүсү төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
Жалган документ - кабыл алынуучу же берилүүчү документке ылайык келбеген же тиешелүү укуктук натыйжаны түзүүнү көздөбөгөн, көрсөтүү үчүн гана таризделген документ;
Товарсыз документ - толук көлөмдө жүргүзүлбөгөн операция чагылдырылган же болбосо жалган жана/же калп келишимди легалдаштыруу максатында таризделген документ.".
2. 213-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"(1) Чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын эсептөө үчүн документтерди бербөө, салыктарды жана камсыздандыруу акыларын эсептөө үчүн документтерге кирешелери же чыгашалары жөнүндө бурмаланган маалыматтарды киргизүү же мындай документтерди жок кылуу жолу аркылуу салыктарды жана милдеттүү социалдык камсыздандыруу акыларын ири өлчөмдө төлөөдөн четтеши, ошого барабар жасалма жана товарсыз документтерди, анын ичинде КНС боюнча так отчеттуулуктагы эсептик фактуралардын бланктарын колдонуу ири өлчөмдөгү зыянга алып келсе -,".
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|