Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-августу № 460
Автомашиналарды мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун арызынын негизинде 2004-жылы чыгарылган, кузовунун № КА24152019А "Ниссан-Террано маркасындагы автомашинаны мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы режиминде тариздөөнү жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинаны мамлекеттик менчикке кабыл алсын;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинанын наркын баалоону жүргүзсүн жана аны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүн наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эске алсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |