Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-августу № 461
Кесиптик майрамды - Кыргыз Республикасынын Ветеринария кызматынын кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, эпизоотиялык бейпилдикти камсыздоо жана элди жугуштуу оорулардан сактоо ишиндеги ветеринардык кызматтын коомдук-социалдык маанисин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Апрелдин акыркы ишембиси жыл сайын белгиленүүчү кесиптик майрам - Кыргыз Республикасынын Ветеринария кызматынын кызматкерлеринин күнү болуп белгиленсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |