Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 463 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
1. Бул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана "Бишкек автовокзалы" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары Ишкана) ишин жөнгө салат.
2. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эсептелет (мындан ары - Министрлик).
3. Ишкана Министрликтин карамагында иштейт жана "Чүй автовокзалдар жана автостанциялар ишканасы" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп эсептелет.
4. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Бишкек автовокзалы" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде:
- государственное предприятие "Бишкекский автовокзал";
Ишкананын кыскартылган аталышы:
- "Бишкек автовокзалы" МИ;
- ГП "Бишкекский автовокзал".
5. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 720030, Бишкек шаары, Чимкент көчөсү, 1.
6. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине, ошондой эле ушул Уставга таянат.
7. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча чарбалык субъект болуп эсептелет.
8. Ишкана чарбалык башкаруу укугунда иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана жеке укуктарды алууга жана жоопкерчилик тартууга, соттордо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарап болуп катышууга укуктуу.
9. Ишкана юридикалык жак болуп эсептелет, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
Ишкананын өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибутикасы болот.
10. Ишкана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен биргелешкен ишканаларды түзүүгө, чарбалык коомдордун уюштуруучусу (кошо уюштуруучусу), катышуучусу болууга, чарбалык коомдордун уставдык капиталдарында үлүштөрүн (акцияларын) алууга укуктуу.
Ишкана менчик ээсинин макулдугу менен бирикмелерге, фонддорго, союздарга, ассоциацияларга жана иши Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык келген башка коммерциялык эмес уюмдарга катышканга укуктуу.
2. Ишкананын укуктары
11. Ишкана коюлган милдеттерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:
- башка юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө, анын ичинде акчалай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- финансылык-насыялык мекемелерде финансылык операцияларды жүргүзүүгө;
- уюштуруу-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактар менен, ошондой эле жеке жактар менен Ишкананын уставдык максаттарына, милдеттерине жана функцияларына ылайык бүтүмдөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү ээлөөгө, пайдаланууга жана тескөөгө;
- Ишкананын ишине байланыштуу маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сырткары иш боюнча байланыштарды ишке ашырууга, кызматкерлерди чет өлкөгө иш сапарга жиберүүгө жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдү кабыл алууга.
12. Ишканада менчик ээси менен макулдашуу боюнча бул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына каршы келбеген укуктары жана милдеттери да болушу мүмкүн.
3. Ишкананын милдеттери жана функциялары
13. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- автовокзалдын ишин болушунча камсыздоо үчүн керектүү материалдык-техникалык базаны түзүү;
- Ишкананын рентабелдүүлүгүн жана кирешелүүлүгүн арттыруу;
- автовокзалдын кызматкерлеринин эмгеги, алардын нормалдуу жана натыйжалуу иштеши үчүн, Ишкананын эмгек жамаатынын ар бир мүчөсүнүн социалдык жана экономикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн шарттарды түзүү;
- Ишкананын кызматтарынын иштерин өркүндөтүү, аймактардын, имараттардын, бөлмө-жайлардын абалын жакшыртуу, өндүрүштүк процесстерди башкаруунун заманбап технологияларын киргизүү;
- Ишкананын экономикалык стабилдүүлүгүн камсыздоо жана кирешелүүлүгүн арттыруу үчүн аймактарын, бөлмө-жайларын, инженердик коммуникацияларын натыйжалуу пайдалануу;
- башка шаарлардын автовокзалдары жана автостанциялары менен өндүрүштүк байланыштарды камсыз кылуу.
14. Ишкана өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкү функцияларды аткарат:
- автовокзалдын ишин шаардын жанындагы жана эл аралык катнаштагы, республиканын ичиндеги жана андан сырттагы да катнаштардагы автобустарды пайдалануучу жүргүнчүлөр үчүн болушунча ыңгайлуу шарттар түзүлгүдөй кылып уюштуруу, ошондой эле белет сатуу боюнча иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо, бул кызматтарды жүргүнчүлөр көп болуучу жайларга болушунча жакындатуу жана маршруттагы туруктуу каттаган автобустардын ишине диспетчердик контролду ишке ашыруу;
- туруктуу маршруттарда жүрүүчү автобустарга белеттерди касса аркылуу өз убагында жана толук сатууну ишке ашыруу жана контролдоо, ошондой эле автобус менен ташууну уюштуруунун баардык маселелери жөнүндө жүргүнчүлөргө кеңири маалымдоо;
- жүргүнчүлөрдүн жана Ишкананын керектөөлөрүн канааттандыруу жана камсыздоо үчүн керектүү коммерциялык ишти уюштуруу;
- жүргүнчүлөрдүн учурдагы агымын талдоо жана Министрликке жаңы туруктуу жана сезондук маршруттарды ачууга байланыштуу автобустардын жүрүшүнүн ырааттамасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- автобустук маршруттарда ырааттамаларга жана жүрүү графиктерине жараша жүргүнчүлөрдү тейлөө;
- автобустардын рейстен өз убагында келүүсүн жана рейске өз убагында чыгышын контролдоо;
- жаңы автовокзалды куруу жана пайдалануудагы автовокзалды, ошондой эле көмөкчү кызматтарды кеңейтүү жана кайра конструкциялоо, өндүрүштүк процесстерге автоматташтыруу жана механикалаштыруу каражаттарын киргизүү;
- ачык тендерлердин жеңүүчүлөрү болгон ташуучулар менен алардын менчигинин түрүнө карабастан, колдорунда болгон транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен контрактынын негизинде келишимдерди түзүү;
- автобустарды күн сайын рейс алдындагы техникалык текшерүүнү (кыймылдын коопсуздугун камсыздоочу тетиктерди жана агрегаттарды текшерүү), айдоочуларды медициналык кароодон өткөрүүнү, рейске чыгаруу алдында автобустардын тышкы жана ички абалын текшерүүнү уюштуруу.
15. Ишкана монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча өз алдынча белгилөөчү баалар жана тарифтер боюнча, көрсөтүлүүчү кызматтын иш жүзүндөгү чыгымдарына жараша, ишкананын кызыкчылыгын эске алуу менен же кардар менен түзүлгөн келишимдин негизинде ар кандай кызматтарды көрсөтөт.
16. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, жүргүзүү үчүн атайын уруксат - лицензия керек болгон иш аны алган учурдан тартып, же анда көрсөтүлгөн мөөнөттө башталат жана эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, лицензиянын жарактуулук мөөнөтү бүткөндөн кийин токтотулат.
4. Ишкананы башкаруу
17. Ишкананын ишин Министрлик жалпы жетектейт жана координациялайт.
18. Ишкананын кирешелер жана сарптоолор сметасы, штаттык ырааттамасы Министрликтин буйругу менен бекитилет жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.
19. Ишкананы министрдин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындоочу жана бошотуучу башкы директор башкарат.
20. Ишкананын башкы директору кызматка эки жылдык мөөнөткө дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте укуктары, милдеттери болот жана жоопкерчилик тартат, ушул Уставдын жана Министрлик менен түзүлүүчү эмгектик келишимдин негизинде иштейт.
21. Башкы директордун эки орун басары болот, алардын бирөө биринчи орун басар болот.
Башкы директордун орун басарларын кызматка министр башкы директордун сунушу боюнча дайындайт жана бошотот.
Башкы директордун орун басарлары:
- Ишкананын компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга катышат, директор менен анын орун басарларынын ортосунда милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык аларга тапшырылган ыйгарым укуктарынын чегинде жоопкерчиликтин өздөрүнө тиешелүү участоктору боюнча ишкананын ишине жетекчилик кылышат.
Башкы директор жокто анын функцияларын башкы директордун биринчи орун басары бул жөнүндө башкы директордун тиешелүү буйругунун негизинде жана ошол буйрукта көрсөтүлгөн убакыттын ичинде аткарат.
Башкы директор жокто Ишкананын финансылык документтерине кол коюу укугу башкы директордун бул жөнүндөгү тиешелүү буйругунун негизинде башкы директордун биринчи орун басарына берилет.
22. Ишкананын башкы директору:
- Министрликке отчет берет жана Ишкананын алдына коюлган маселелердин аткарылышы жана ишинин жыйынтыгы үчүн жеке жоопкерчиликте болот;
- уюштуруучунун жана Министрликтин чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
- Ишкананын атынан ишеним катсыз аракеттенет, республиканын баардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыгынын атынан чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерди ачат, банктык, финансылык документтерге жана келишимдерге кол коет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Ишкананын баардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына текшерүүнү уюштурат;
- башкы директордун орун басарларынын, башкы бухгалтердин, Ишкананын ведомствого таандык бөлүнүштөрүнүн жетекчилеринин ыйгарым укуктарын аныктайт;
- ведомствого таандык бөлүнүштөр жөнүндө жоболорду, иштин режимин жана Ишкананын кызматкерлерине сыйлык берүү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Ишкананын кызмат орундарынын номенклатурасын бекитет, Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине сыйлык берүү жана тартиптик таасир этүү чараларын колдонот;
- мыйзамдарда, базар конъюнктурасында, эмгек шарттарында ж.б. өзгөрүүлөр болгон учурда Министрликке ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
- жылдык финансылык-чарбалык планды, жылдык бюджетти, жылдык балансты, финансылык-чарбалык иш жөнүндө отчетторду Министрликтин кароосуна жана бекитүүсүнө белгиленген тартипте киргизет, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25-күнүнө чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашат;
- Министрликке финансылык отчеттун, болжолдуу финансылык-чарбалык көрсөткүчтөрдүн жана башка керектүү маалыматтардын өз убагында берилишин камсыз кылат;
- бекитилген жылдык финансылык-чарбалык пландардын жана көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылат;
- Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн керектүү башка иштерди жүргүзөт.
23. Башкы бухгалтер кызматка министр тарабынан дайындалат жана бошотулат.
24. Ишкананын башкы директору жана башкы бухгалтери эсептин тууралыгы, Ишкананын финансылык каражаттарынын жана мүлкүнүн максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчиликте болушат.
25. Зарыл өндүрүштүк, финансылык, социалдык-экономикалык жана тиричиликтик маселелердин тез жана туура каралышы, кабыл алынуучу чечимдердин ачык-айкындыгын камсыз кылуу үчүн Ишканада башкы директордун буйругу менен коллегиялуу орган - Ишкананын кеңеши түзүлөт, анын курамына төмөнкүлөр кирет:
- башкы директор;
- башкы директордун орун басарлары;
- башкы инженер;
- башкы бухгалтер;
- башкы экономист;
- профсоюздук комитеттин төрагасы;
- кадрлар бөлүмүнүн инспектору.
26. Ишкананын кеңешинин төрагасын жана катчысын Ишкананын кеңешинин мүчөлөрү өздөрүнүн ичинен жөнөкөй көпчүлүк добуш менен шайлашат.
27. Ишкананын кеңешинин чечими токтом түрүндө таризделет жана сунуш мүнөзүндө болот.
5. Ишкананын мүлкү, каражаты жана кирешесинин бөлүштүрүлүшү
28. Ишкананын мүлкү ага ишкердик жүргүзүү үчүн бекитилип берилген.
29. Ишкананын мүлкү негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттардан турат жана Ишканага чарбалык башкаруу укугу менен бекитип берилген.
30. Ишканада чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон өзүнчө мүлкү болот, өзүнүн милдеттенмелери боюнча ушул мүлкү менен жооп берет, өзүнүн атынан мүлктүк, мүлктүк эмес жеке укуктарды жана милдеттенмелерди ала алат, сотто доочу жана жоопкер боло алат.
31. Ишкана бекитилип берилген мүлккө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жана уюштуруучу тарабынан белгиленген чектерде ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын ишке ашырат.
32. Ишкана мүлктү иштин уставдык максаттарына жана предметине ылайык, экономикалык зарылдыкты жана уюштуруучунун кызыкчылыгын эске алуу менен пайдаланат.
33. Ишкана өзүнө чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары салууга же уюштуруучунун макулдугусуз бул мүлктү башкача жол менен тескөөгө укугу жок.
34. Ишкананын финансылык-чарбалык ишинен же башка булактардан түшкөн кирешенин эсебинен курулган же алынган мүлк мамлекеттик менчикке түшөт жана ага чарба жүргүзүү укугунда бекитип берилет.
35. Ишкана квартал сайын Министрликке бюджеттин аткарылышы жөнүндө жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчет берет.
36. Жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча Ишкананын таза кирешесинин 50 пайыздан кем эмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алыш-бериш эсебине которулуп, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке кириштелүүгө тийиш.
6. Ишканадагы эсеп, пландоо жана отчеттуулук
37. Ишкана өзүнүн ишин өзү иштеп чыккан иш пландардын негизинде жүргүзөт. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсеп жана статистикалык отчет жүргүзөт.
Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик контролдоочу органдары тарабынан ишке ашырылат.
7. Ишкананы өзгөртүп түзүү жана жоюу
38. Ишкананы өзгөртүп түзүү жана жоюу уюштуруучунун чечими боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте сот тарабынан ишке ашырылат.
39. Ишкана өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган учурда бошотулуучу кызматкерлерге компенсация төлөнөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет.
40. Ишкананын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.