Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-августу № 467
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун айрым жоболорун колдонууну токтотуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан оор жүктүү автотранспорт каражаттарынын өтүүсү менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунда:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн арналган транспорттук каражаттардын максималдык жалпы салмагы, октук салмак басымы, ченемдери жана башка линиялык параметрлеринде:
1.3-пункттун 1.3.1-пунктчасынын алтынчы абзацын колдонуу 2013-жылдын 1-октябрына чейин токтотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен ушул токтомдон келип чыккан өзгөрүүлөр жөнүндө Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын компетенттүү органдарына белгиленген тартипте билдирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |