Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγнγ
2015-жылдын 16-ноябры № 771
токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-августу № 469
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 "4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана
салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Салык төлөөчүлөргө мүлк салыгын төлөө боюнча ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 332-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 "4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктундагы "20-августунан" деген цифралар жана сөз "1-сентябрынан" деген цифрага жана сөзгө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 4-топтогу мүлк объекттерине салык төлөө мөөнөтүнүн өзгөртүлгөндүгү жөнүндө салык төлөөчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |