Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-августу № 470
Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып, окуу жайдын материалдык-техникалык базасын андан ары чыңдоо, маданият, искусство, кинематография, маалымат жана телеберүү мекемелери үчүн адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институту Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине кайра өзгөртүлүп түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин уставын бекитсин жана юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон кайра өткөрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте эки айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |