Редакцияот 29.08.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 29-августу № 472

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын Институттук өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Жеке секторду өнүктүрүүнүн потенциалын күчөтүү" долбоору боюнча макулдашуу-катты бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын Институттук өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Жеке секторду өнүктүрүүнүн потенциалын күчөтүү" долбоору боюнча макулдашуу-каттын ченемдеринде каралган мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын Институттук өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Жеке секторду өнүктүрүүнүн потенциалын күчөтүү" долбоору боюнча Макулдашуу-кат бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аталган Макулдашуу-катты аткарууга жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Дүйнөлүк банкка билдирсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев