Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-августу № 473
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Мамбетсеитов А.Б. аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Кодекс төмөнкү мазмундагы 272-1, 272-2, 272-3-статьялар менен толукталсын:
"272-1-статья. Маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына алып кирүү жана/же анын чегинен тышкары алып чыгуу эрежелерин бузуу
Маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына алып кирүү жана/же анын чегинен тышкары алып чыгуу эрежелерин бузуу, -
жеке жактарга - элүүдөн алтымышка чейинки, юридикалык жактарга үч жүздөн үч жүз элүүгө чейинки, кызмат адамдарына - элүүдөн алтымышка чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып салууга алып келет.
272-2-статья. Маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды иштеп чыгуу жана/же чыгаруу, жана/же сатуу, жана/же сатып алуу, жана/же тастыктамалоо эрежелерин бузуу
Маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды иштеп чыгуу жана/же чыгаруу, жана/же сатуу, жана/же сатып алуу, жана/же тастыктамалоо эрежелерин бузуу, -
жеке жактарга - алтымыштан жетимишке чейинки, юридикалык жактарга - үч жүз элүүдөн төрт жүзгө чейинки, кызмат адамдарына - алтымыштан жетимишке чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып салууга алып келет.
272-3-статья. Мыйзамсыз изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү, маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды сактоо жана/же пайдалануу
Мыйзам менен ыйгарым укук берилбеген жеке жана юридикалык жактар тарабынан изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө, маалыматты жашыруун алууга арналган атайын жана башка техникалык каражаттарды сактоого жана/же пайдаланууга белгиленген тыюуну бузуу, -
жеке жактарга - маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды конфискациялоо менен, жетимиштен жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды конфискациялоо менен, төрт жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып салууга алып келет.".
2. 508-статьянын биринчи бөлүгү "271," цифраларынан кийин "272-1 272-3-статьялар," деген цифралар жана сөз менен толукталсын.
3. 556-1-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи пунктунун отуз биринчи абзацы "390-статьянын экинчи бөлүгү" деген цифралардан жана сөздөрдөн мурда "272-1 - 272-3-статьялар," деген цифралар жана сөз менен толукталсын.
4. VI бөлүм төмөнкү мазмундагы жүз он экинчи абзац менен толукталсын:
"Маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттар - мүнөздөмөсү, функциялары, конструкциялык өзгөчөлүктөрү жана касиеттери маалыматты жашыруун алууга жарактуулугун жана багытталгандыгын билдирген бардык техникалык каражаттар, аппаратура, приборлор, түзүлүштөр жана башка буюмдар (анын ичинде турмуш-тиричилик буюму катары жасалгалангандар), добушту, виброакустикалык, акустикалык, электромагниттик тоскоолдуктарды пайда кылуучу, өткөргүчсүз байланыштын белгилерин жана акустикалык маалыматтарды басуу үчүн, маалыматты жашыруун алуу каражаттарын издөө, пеленгациялоо жана табуу үчүн арналган техникалык каражаттар, түзүлүштөр, жабдуулар, кошумча электрмагниттик нурланууларды жана каратууларды өлчөөнүн жана табуунун автоматташтырылган комплекстери, бекитилүүчү түзүлүштөрдү ачуу үчүн түзүлүштөр.".
2-берене.
"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 79-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
7-статья төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына алып кирүүнүн жана анын чегинен тышкары алып чыгуунун, ошондой эле аны иштеп чыгуунун, чыгаруунун, тастыктамалоонун, сатуунун, сатып алуунун жана пайдалануунун белгиленген эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет".
3-берене.
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., № 3, 78-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 15-статья төмөнкү мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:
"14-1. Маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына алып кирүүнү, анын чегинен тышкары алып чыгууну, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп чыгууну, чыгарууну, сатууну, сатып алууну жана пайдаланууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте контролдойт.".
2. 16-статьянын 1-бөлүгүнүн 3-пункту "жайгаштырыш үчүн" деген сөздөрдөн кийин "убактылуу кармоочу изоляторлорду жана" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 19-статьяда:
2-бөлүгүндөгү "Өкмөтү тарабынан белгиленет" деген сөздөр "ченемдик укуктук актылары менен аныкталат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11-бөлүгүндөгү "Өкмөтү бекиткен" деген сөздөр "ченемдик укуктук актылары менен аныкталган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 21-статьянын экинчи абзацындагы "Оперативдүү-иликтөө жөнүндө" Мыйзамына" деген сөздөр "башка ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|