Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 382
2013-жылдын январь-июнь айларында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары жөнүндө
2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында республиканын экономикасынын тармактарынын өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын чыгаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2013-жылдын январь-июнь айларында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда аталган маалыматты министрликтин расмий сайтына жайгаштырсын.
3. Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) 2013-жылдын январь-июнь айларында республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн баалоо маалыматтарынын негизинде 2013-жылы максаттуу көрсөткүчтөрдү камсыз кылууга багытталган кечиктирилгис чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте:
- 2014-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүн алдыдагы күздүк себүүгө өз убагында жана уюшкандыкта даярдануу боюнча региондордо натыйжалуу иштерди уюштурсун;
- төмөнкү маселелерди контролго алсын:
ушул жылдын күздүк себүүсүнө пайдалануу үчүн республикалык үрөн фондуна күздүк буудай менен күздүк арпанын райондоштурулган жана келечектүү мыкты сортторунун тастыктамаланган үрөндөрүн максималдуу топтоо;
алдыдагы кыш мезгилине тоюттарды жетиштүү көлөмдө даярдоо;
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайына финансы-насыялык ресурстарды жана инвестицияларды тартуу үчүн чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө текстиль жана тигүү өндүрүштөрүндө, нефть продуктуларын, машиналарды жана жабдууларды өндүрүүдө болжолдуу көрсөткүчтөргө жетишүү боюнча, ошондой эле дүйнөлүк рынокто алтындын баасынын төмөндөшүнүн кесепетинен мамлекеттик бюджетке түшүүлөрдүн номиналдык өлчөмдөрүнүн ордун толтуруу үчүн өндүрүштүн резервдерин табуу боюнча сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин;
- тиешелүү министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) менен биргеликте токтоп турган 25 ишкананы ишке киргизүү, экономиканы түзүүчү 34 өнөр жай ишканасын жана акциялардын мамлекеттик үлүшү бар 8 өнөр жай ишканасын өнүктүрүү, ошондой эле жаңы ишканаларды ишке киргизүү боюнча ишти активдештирсин;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте "Кыргызтураккоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына жана Бишкек шаарынын ЖЭБга (ТЭЦ) жергиликтүү таш көмүрдү жана мазутту жеткирип берүүнүн көлөмүн көбөйтүү үчүн жергиликтүү таш көмүр казуучу жана мунай өндүрүүчү ишканаларга өткөн жылдагы жылытуу мезгили үчүн дебитордук карыздарды төлөө боюнча маселени чечсин;
- "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун филиалдары өндүрүштүн көлөмүнүн болжолдонгон көрсөткүчтөрүнө жетишүүсү үчүн биргелешкен иш-аракеттерди иштеп чыгуу менен анын ишине мониторинг жана талдоо жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Иштамберди, Жамгыр, Караказык, Бозымчак кендерин ишке киргизүү менен байланышкан маселелерди чечүү боюнча шашылыш чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) 2013-жылга пландаштырылган салыктык жана бажылык түшүүлөрдүн толук жыйналышын камсыз кылышсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, өнөр жай жана отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |