Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-февралындагы № 63 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-сентябры № 478
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 389 "2013-жылы Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйнап алуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 9-беренелерине ылайык, мамлекеттик материалдык резервдин товардык-материалдык баалуулуктарынын азык-түлүк коопсуздугун жана өз убагында сатып алынышын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 389 "2013-жылы Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйнап алуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
- 4-пунктта:
экинчи абзацтагы "республикалык бюджетте каралган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-июлундагы № 349-б буйругуна ылайык ачылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун депозиттик эсебиндеги" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- мамлекеттик материалдык резервдин ченемдерден ашыкча товардык-материалдык баалуулуктарын жана карызды төлөө эсебине келип түшкөн мүлктү сатуудан алынган акча каражаттары мамлекеттик материалдык резервдин товардык-материалдык баалуулуктарын сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун депозиттик эсебине түшүрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун депозиттик эсебиндеги акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ай сайын берсин.".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |