Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-сентябры № 482
2013-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуу жөнүндө
Пенсионерлердин турмуш деңгээлин мындан ары колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 2013-жылдын 1-октябрынан тартып 400 сомго жогорулатылсын.
Бул пунктта көрсөтүлгөн жогорулатыла турган пенсиялардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген үстөк акыларды жана компенсациялык төлөөлөрдү эске албастан аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсияларды өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдөрдө төлөөнү камсыз кылсын.
3. Бул токтом 2013-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |