Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-сентябры № 486
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ж. Сатыбалдиев
|
| Долбоор |
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж. № 5, 153-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.
1-берене.
1. 1-статья төмөнкү мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"Жашырындык даражасы - мамлекеттик сырлар алардын мамлекет үчүн маанилүүлүгү жана баалуулугу менен мүнөздөлөт. Мамлекеттик сырларга жашырындык даражасы боюнча "өтө маанилүү", "өтө жашырын" жана "жашырын" деген жашырындык грифи берилет.
2. 10-статьяда:
- 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы сүйлөмдөр менен толукталсын:
"Текшерүү иш-чараларынын көлөмү алар менен иштөөгө уруксат берилүүчү маалыматтардын жашырындык даражасына жараша болот. Жарандарга мамлекеттик сырларды түзгөн, маалыматтардын жашырындыгынын үч даражасына туура келген, мамлекеттик сырлар менен иштөөгө уруксат берүүнүн өзгөчө маанилүү, өтө жашырын жана жашырын маалыматтардын үч формасы белгиленет. Жарандарда жашырындыктын кыйла жогорку даражасындагы маалыматтар менен иштөөгө уруксаттын болушу, алардын андан төмөн даражадагы жашырын маалыматтар менен иштөөсүнө уруксат берүүгө негиз болуп эсептелет.";
- статья төмөнкү мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик сырлар менен туруктуу негизде иштөөгө уруксат берилген жарандар үчүн төмөнкү жеңилдиктер белгиленет:
- иштөөгө уруксат берилген маалыматтардын жашырындык даражасына ылайык кызмат маянасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген пайыздык кошумча акы;
- мамлекеттик бийлик органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар уюштуруучулук жана (же) штаттык иш-чараларды өткөрүү учурунда режимдик-жашырын бөлүмдөрдүн кызматкерлери үчүн өз иш орундарында калуу артыкчылык укугу. Аталган категориядагы кызматкерлерди кызматка дайындоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.".
3. 11-статьяда:
1-бөлүктө:
- үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- сот тарабынан аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылгандар, конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыш жана башка оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн сотто же тергөөдө тургандар, өзүнүн жана ошондой эле жакын туугандарынын мындай кылмыштар үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу барлар;";
- төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
- аларга карата улуттук коопсуздук органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте расмий сактык чаралары жарыялангандар;";
- 4-абзацында:
"өзү жөнүндө" деген сөз алып салынсын;
"боюнча" деген сөздөн кийин "анкеталык маалыматтарында" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|