Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-сентябры № 487
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Кара-Буура токой чарбасынын маселелери
Биотүрдүүлүктү жана токой экосистемаларын сактоо, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин сунушун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Кара-Буура токой чарбасы (мындан ары - Кара-Буура токой чарбасы) жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- Кара-Буура чокой чарбасын жоюу жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте жоюу комиссиясын түзсүн;
- Кара-Буура токой чарбасынын балансында турган жер участкаларын "Кара-Буура" мамлекеттик жаратылыш паркынын карамагына өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жана Талас облусунун Кара-Буура мамлекеттик администрациясы эки айлык мөөнөттө, белгиленген тартипте Кара-Буура токой чарбасынын жерлерин "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которууну макулдашуу жол-жобосун жүргүзүшсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тийиштүү чечимдин долбоорун беришсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |