Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 6-апрели № 197 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-сентябры № 488
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы мекемелердин кызматкерлерине эмгек акы төлөө тутумун иретке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген № 19-а тиркемесинин аталышындагы "Саламаттык сактоону жана маалыматтык технологияларды өнүктүрүүнүн республикалык борборунун" деген сөздөр "Республикалык илимий медициналык китепкананын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |