Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 9-сентябры № 501

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, ата мекендик ун өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускамада:

- Нускаманын № 3-1-тиркемесиндеги алтынчы сап алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап 15 күндүн ичинде күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев