Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2013-жылдын 9-сентябры N 503
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы N 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85 жана 86-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы N 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
- 1- пунктта:
он биринчи абзац "(FORM STI-107)" деген сөздөрдөн жана цифралардан кийин "жана аны толтуруунун тартиби" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкү мазмундагы жыйырма жетинчи абзац менен толукталсын:
- "2013-жылдын 20-февралына чейинки мөөнөт боюнча пайда салыгынын алдын ала суммасынын такталган эсеби";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген пайда салыгынын алдын ала суммасынын эсебинин (FORM STI-107) формасы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- токтом төмөнкүлөр менен толукталсын:
ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык 2013-жылдын 20-февралына чейинки мөөнөт боюнча пайда салыгынын алдын ала суммасынын такталган эсебинин формасы менен;
ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык пайда салыгынын алдын ала суммасы боюнча отчетту (FORM STI-107) толтуруунун тартиби менен.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2013-жылдын 1-январынан баштап колдонулат.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 13-сентябрында N 75 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы N 503 токтомуна 1-тиркеме |
"FORM STI-107
001 |
|
| Баштапкы |
|
|
| |
|
|
| Такталган |
Пайда салыгынын алдын ала суммасынын ЭСЕБИ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы N 503 токтомуна 2-тиркеме |
"FORM STI-118
001 |
|
| Такталган |
|
|
|
2013-жылдын 20-февралына чейинки мөөнөт боюнча пайда салыгынын алдын ала суммасынын ТАКТАЛГАН ЭСЕБИ
|
| 3-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы N 503 токтому менен бекитилген |
"Пайда салыгынын алдын ала суммасы боюнча отчетту (FORM STI-107) толтуруунун ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип пайда салыгынын алдын ала суммасынын эсебинин (FORM STI-107) формасын толтуруунун тартибин аныктайт.
2. Пайда салыгынын алдын ала суммасы боюнча отчеттук мезгил болуп учурдагы жылдын биринчи кварталы, биринчи жарым жылдыгы, биринчи тогуз айы саналат.
3. Пайда салыгынын алдын ала суммасынын эсеби салык төлөөчү тарабынан салыктык катталган жери боюнча салык органына учурдагы салыктык мезгилдин ичинде үч жолу: 20-майга чейин, 20-августка чейин, жана 20-ноябрга чейин тапшырылат.
2. Отчетту толтуруунун тартиби
4. 001-уячада:
1) эгерде отчеттук мезгилдин ичинде эсеп биринчи жолу тапшырылган болсо - "баштапкы" уячасында "X" белгиси түрүндөгү белги коюлат;
2) эгерде мурда ушул отчеттук мезгил үчүн эсеп тапшырылган болсо, бирок так эместиктер же каталар табылып, андан ары тапшырылган эсепте оңдолгон болсо, анда "X" белгиси "такталган" уячасында көрсөтүлөт.
5. Эсеп уячаларын толтуруу төмөнкүдөй жол менен жүргүзүлөт:
1) 102-уячада салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери көрсөтүлөт;
2) 103-уячада салык төлөөчүнүн толук аталышы көрсөтүлөт;
3) 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;
4) 107-уячада салык төлөөчүнү каттаган учурда статистика органы ыйгарган ИУЖКнын (ишканалар менен уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун) коду көрсөтүлөт;
5) 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;
6) 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө жайгашкан калктуу пункттун (облустун, шаардын, айылдын, поселоктун, конуштун ж.б.) аталышы көрсөтүлөт;
7) 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан дареги (көчөсүнүн аталышы, үйдүн, офистин, батирдин номери) көрсөтүлөт;
8) 115-уячада салык төлөөчүнүн телефон номери көрсөтүлөт;
9) 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
6. 201 жана 202-уячаларда отчеттук мезгил көрсөтүлөт.
7. 203-уячада бухгалтердик эсептин эрежелери боюнча эсептелинген салык салынуучу кирешелер көрсөтүлөт.
8. 204-уячада 203-уячада көрсөтүлгөн кирешелер менен байланышкан жана бухгалтердик эсептин эрежелери боюнча эсептелинген чыгымдар көрсөтүлөт;
9. 205-уячада 203 жана 204-уячалардын ортосундагы айырма көрсөтүлөт. Эгерде 205-уячанын мааниси терс же "0" маанисине барабар болсо, анда 207-211-уячаларда "0" цифрасы көрсөтүлөт.
10. 206-уячада пайда салыгынын коюму көрсөтүлөт.
11. 207-уячада пайда салыгынын суммасы көрсөтүлөт (= 205 x 206).
12. 208-уячада мөөнөтү узартылууга тийиш болгон чыгашалардын суммасы көрсөтүлөт, бирок 205-уячанын оң маанисинен жогору эмес.
13. 209-уячада пайда салыгынын коюму көрсөтүлөт.
14. 210-уячада пайда салыгынын суммасы көрсөтүлөт (= 208 x 210).
15. 211-уячада отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайда салыгынын алдын ала суммасы көрсөтүлөт (= 207 - 210).
16. 212-уячада мурдагы отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайда салыгынын алдын ала суммасы көрсөтүлөт. Мында биринчи квартал үчүн "0" цифрасы көрсөтүлөт.
17. 213-уячада 213 = 211 - 212 уячаларда көрсөтүлгөн суммалардын ортосундагы оң, нөлдүк же терс арифметикалык айырма түрүндө пайда салыгынын суммасынын калдыгы көрсөтүлөт.
Эгерде мааниси терс болсо, 213-уячанын сол жагында жайгашкан атайын уячага "-" белгиси көрсөтүлөт.
18. "Ашык төлөөнүн суммасы" 214-уячасына 213-уячанын терс мааниси которулуп жазылат.
19. "Төлөнүүчү сумма" 215-уячасына 213-уячанын оң мааниси которулуп жазылат.
20. Эсепке салык төлөөчүнүн колу коюлат жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.