Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-сентябры № 513
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-августундагы № 154 "Аскер кызматчыларына пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп табуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88 жана 90-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле 2011-жылдын 4-январындагы Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун чечиминин жана 2013-жылдын 25-апрелиндеги мыйзам бузууларды жоюу тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-августундагы № 154 "Аскер кызматчыларына пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечиминин долбоорун эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жана коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |