Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-сентябры № 515
Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3-1, 10-беренелерине ылайык, жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнү жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө типтүү жобо бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- жайыт ресурстарын мал жаюудан тышкары башка максаттарга пайдалануу боюнча ишинде Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө типтүү жобону колдонуу;
- жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартибинин сакталышына контролду күчөтүү.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыккан уюштуруучу жана башка чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |