Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-сентябрындагы № 516 токтому менен бекитилген |
№ | Чечүүнү талап кылган маселелер | Тапшырмалар | Чаралар/аракеттер | Каржылоо булагы | Мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Күтүлгөн жыйынтыктар |
1. | Калктын жашоо деңгээлинин төмөндөшү, республиканын чек ара айылдарынан калктын көчүп кетүүсүнүн көбөйүшү | 1.1. Чек ара аймактарынын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү, зарыл социалдык параметрлерге жетишүү | 1.1.1. Социалдык чөйрөнүн материалдык-техникалык базасын бекемдөө, анын ичинде медициналык мекемелерди заманбап техника, мектептерди компьютерлер жана башка окутуу каражаттары, китептер менен жабдуу боюнча чараларды көрүү 1.1.2. Министрликтин серверинде жайгаштырылган маалыматты тыкан моделдештирүү менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин базасында жергиликтүү жалпы билим берүү тармагын түзүү. Чек арадагы калктуу конуштардын жалпы билим берүүчү мектептеринин жогоруда аталган жергиликтүү тармакка «КО» Интернет-сегменти аркылуу кирүү мүмкүнчүлүгүн уюштуруу | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, жергиликтүү бюджет, тартылган каражаттар Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар, эл аралык донордук уюмдар | 2013-2015-жылдар 2013-2015-жылдар | ССМ, ММКФ, БИМ, ФМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) БИМ, МБА | Социалдык чөйрөнү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү Калктын компьютердик сабаттуулугун жогорулатуу, маалыматтык вакуумдун деңгээлин төмөндөтүү |
1.1.3. Социалдык чөйрөнүн жумушкерлеринин материалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу, жаш адистерди тартуу үчүн шарттарды түзүү, анын ичинде жаш адистер үчүн социалдык турак жай куруу | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде (программалар: дарыгердин депозити, жаш мугалимдин депозити), жергиликтүү бюджет, тартылган каражаттар | 2013-2015- жылдар | ФМ, ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Социалдык чөйрөнү өнүктүрүү | |||
1.2. Чек ара аймактарында калкты кармап туруу боюнча чаралардын комплексин жүргүзүү | 1.2.1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар калктуу конуштарында туруктуу жашаган жарандарына социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү боюнча сунуштарды даярдоо | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, жергиликтүү бюджет | 2013-2014- жылдар | ЭМЖМ, ФМ ЭМ, Соцфонд, СӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Калкты кармап үчүн туруу жагымдуу шарттарды түзүү | ||
1.2.2. Чек ара айылдарынын жашоочуларынын эмгек стажын жана эмгек акысын эсептөө үчүн жогорку коэффициентти колдонуу боюнча сунуштарды даярдоо | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, жергиликтүү бюджет | 2013-жыл | ЭМЖМ, ФМ, ЭМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мотивацияны, калктын санынын өсүшүн жогорулатуу | |||
1.2.3. Жер салыгын көрсөтүүлөргө, электр энергиясын, ирригацияны пайдалануу менен сугат үчүн колдонулуучу сууну керектөөгө акы төлөө өлчөмүн 50%га кыскартуу боюнча сунуштарды даярдоо | Республикалык каражаттардын чегинде | 2013-жыл | ФМ, ЭМ, (макулдашуу боюнча) | Чарба жүргүзүү шарттарды түзүү | |||
1.2.4. Чек ара айылдары үчүн турак жай курууга жеңилдетилген насыяларды берүү тутумун түзүү, тиричилик техникасын жана көпкө колдонулуучу товарларды сатып алууга жеңилдетилген насыяларды берүү | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, жергиликтүү бюджет, тартылган каражаттар | 2013-жыл | Курулуш агенттигинин турак жай-жарандык курулуш департаменти, ЭМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Жеке турак жай курулуштарынын өсүшү, калктын санынын өсүшү | |||
1.2.5. Эски жана кыйроо коркунучу бар үйлөрдө жашаган калкты башка жакка көчүрүү жолу менен турак жай шарттарын жакшыртуу боюнча чараларды жүргүзүү | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, жергиликтүү бюджет | 2013-2015-жылдар | Курулуш агенттигинин турак жай-жарандык курулуш департаменти, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Калкты кармап туруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | |||
1.2.6. Айыл-чарба жерлерин бөлүштүрүү фондунун жерлери боюнча ижара акысынын өлчөмүн жер салыгынын деңгээлине чейин төмөндөтүү | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жергиликтүү бюджет | 2013- жылдын IV кварталы | АЧММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Чарба жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | |||
1.2.7. Кыргыз Республикасынын жарандарына чек ара аймактарында мурда алар тарабынан өздөштүрүлгөн жерлерди бекитип берүү боюнча чечимдерди кабыл алуу | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, жергиликтүү бюджет | 2013- жылдын IV кварталы | АЧММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча.) | Айыл чарбасын жүргүзүүгө жагымдуу шарттарды түзүү | |||
2. | Ишкердик активдүүлүктүн төмөнкү деңгээли жогорку деңгээлинин жумушсуздук менен айкалышы | 2.1. Бизнес чөйрөнү жакшыртуу, инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү | 2.1.1. Бизнес-инкубаторлорду, бизнести колдоо борборлорун, маалыматтык борборлорду, агробизнес үчүн кызмат көрсөтүү борборлорун уюштуруу | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, жергиликтүү бюджет, тартылган каражаттар | Дайыма | ЖМА, ФМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Инвестицияларды тартууга, чакан жана орто бизнес жүргүзүүгө жагымдуу шарттарды түзүү |
2.1.2. Чакан жана орто бизнесте жумуш орундарын уюштуруучу жактарга жана ишкердик чөйрөсүндө эмгектенген жарандардын башка категорияларына жеңилдетилген шартта ссудаларды, насыяларды бөлүп берүүнү камсыздоо | Тартылган каражаттар | 2013-2015-жылдар | ЭМЖМ, «Айыл Банк» ААКсы (макулдашуу боюнча), донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Түзүлгөн жумуш орундарынын санын көбөйтүү | |||
2.1.3. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жана чек ара айылдарында экономиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча ЖӨБОнун адистерин окутуу | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар | Дайыма | ЭМ, Этностор агенттиги, донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Калктын ишкердик активдүүлүгүн көтөрүү жана ишке ашырылган инвестдолбоорлордун натыйжалуулугун жогорулатуу | |||
2.2. Калкты иш менен камсыздоо маселелерин чечүү | 2.2.1. Жергиликтүү эмгек базарындагы абалды эске алуу менен иштегендерди жана жумушсуздарды кесиптик даярдоо жана кайра даярдоо тутумун өнүктүрүү | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | Дайыма | ЭМЖМ, ФМ донордук уюмдардын катышуусу менен | Жумушсуз жарандардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу | ||
2.2.2. Эмгек базарында атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү төмөн калктын тобун (жаштар, жалгыз бой жана коп балалуу ата-энелер, пенсияга чыгуучу жактар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактар ж.б.) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган иш менен камсыздоо кызматтарын көрсөтүү аркылуу колдоо көрсөтүүнү камсыздоо | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | Дайыма | ЭМЖМ, ФМ, СӨМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Эмгек базарында атаандаштыкка жөндөмдүү калкты ишке орноштурууга жана колдоого көмөк көрсөтүү | |||
2.2.3. Чек ара айылдары үчүн акы төлөнүүчү коомдук иштердин программасын иштеп чыгуу | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар | Дайыма | ЭМЖМ, ФМ, донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Жаңы иш орундарын түзүү жана ишкерлерге жардам берүү | |||
2.2.4. Жеке ишин ачууга жумушсуз жарандарга насыялардын көлөмүн 50 миң сомго көбөйтүү жана бул насыялар боюнча пайыздык коюмдарды төмөндөтүү менен атайын насыя берүү программаларын ишке ашыруу | Тартылган каражаттар | 2013-2016-жылдар | ЭМЖМ, донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Жаңы иш орундарын түзүү | |||
2.2.5. Жергиликтүү эмгек базарларындагы жагдайды талдоо | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | Дайыма | ЭМЖМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Эмгек базарындагы жагдай жөнүндө калктын кабардар болуусун жогорулатуу | |||
2.2.6. Социалдык мекемелер үчүн жергиликтүү калктын ичинен адистерди даярдоо жана кайра даярдоо | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар | Дайыма | ЭМЖМ, ММТМнын алдындагы Кесиптик техникалык билим берүү агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Социалдык чөйрөнү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү | |||
3. | Чек ара региондору социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча артка калууда | 3.1. Экономиканын негизги секторлорун, анын ичинде айыл-чарба, кайра иштетүү өнөр-жайы, кызмат көрсөтүү чөйрөсү, транспорт ж.б. туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо. Чек ара аймактарынын тең салмактуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү | 3.1.1. Өнүгүү өзгөчөлүгүн эске алуу менен чек ара аймактарын өнүктүрүү программаларынын (пландарынын) долбоорлорун иштеп чыгуу | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, жергиликтүү бюджет | 2013-2016-жылдар | ЭМ, ЭМЖМ, ЖМА, Этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Чек ара аймактарын өнүктүрүү үчүн финансылык базаны чыңдоо |
3.1.2. Чегиртке жана башка айыл-чарба зыянкечтерине жана ооруларга каршы күрөшүү боюнча коргоо иш-чараларын биргеликте өткөрүү | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | Дайыма | АЧММ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Зыянкечтердин жана өсүмдүк ооруларынын жайылышын алдын алуу | |||
3.1.3. Жаңы сортторду жана кыйыштыруулардын сортторун сыноо чөйрөсүндөгү регион аралык байланыштарды кеңейтүү | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | 2013-2015-жылдар | АЧММ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Айыл-чарба өндүрүмүнүн түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу | |||
3.1.4. Региондук жана жергиликтүү бийлик органдарынын, ички жана тышкы жеке инвесторлордун ресурстарын, ошондой эле жергиликтүү коомдордун демилгесин мобилдештирүү боюнча чек ара айылдарын өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар | 2013-2015-жылдар | Этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Чек ара аймактарын өнүктүрүү үчүн финансылык базаны чыңдоо | |||
3.1.5. Транспортту, анын ичинде чек ара өтмөлөрүнүн тутумун жана автотранспорт коридорлорунун тутумун өнүктүрүү, транспорттук билдирүүлөрдү камсыздоо боюнча чараларды караштыруу | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар | 2013-2015-жылдар | ТКМ, ФМ, донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Транспорттук инфратүзүмдү жакшыртуу | |||
3.1.6. Технологиялык кайра иштетүү жана бажы жол- жоболорун жүргүзүүнү камсыздаган Нарын облусунун Ат-Башы районундагы, Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылындагы эл аралык чек ара өтмөлөрүн жана терминал чарбаларын өнүктүрүү | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар | 2013-2014-жылдар | МБК, ФМ, ТКМ, донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Тышкы сооданы өнүктүрүү үчүн инфратүзүмдү жана логистиканы жакшыртуу | |||
3.2. Экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо максатында тышкы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү | 3.2.1. Чек ара кызматташтыгынын зонасын түзүү боюнча сунуштарды даярдоо | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар | 2013-2014-жылдар | ЭМ, Этностор агенттиги, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | Калктын ишкердик активдүүлүгүнүн, ишке ашырылып жаткан инвестдолбоорлордун натыйжалуулугунун өсүшү, тышкы сооданын өсүшү | ||
4. | Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгына жана коопсуздугуна негизги коркунуч туудуруулар дал ошол чек ара мейкиндигинде пайда болууда | 4.1. Мамлекеттик чек аранын айрым багыттарында аскердик күзөттү күчөтүү | 4.1.1. Мамлекеттик чек арада кошумча 16 чек ара тозотун коюу (жер участокторун бөлүү боюнча иш-чаралар комплексин өткөрүү, долбоорлоо, капиталдык куруу жана инфраструктура түзүү менен) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар | 2013-2016-жылдар | МЧК, Этностор агенттиги, Курулуш агенттиги, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик чек араны коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, улуттук коопсуздукту чыңдоо |
4.2. Мамлекеттик чек аранын инфратүзүмүн чыңдоо | 4.1.2. Кыргыз Республикасынын аймагына коңшу мамлекеттерден жаныбарларды мыйзамсыз ташууга жана жаюуга контролду күчөтүү | Республикалык бюджет | Дайыма | МЧК, Ветинспекция, ЖМА жана ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Жайыт жерлеринин жергиликтүү жашоочулар тарабынан пайдалануусун камсыздоо | ||
4.2.1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын объекттерин оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү, алардын инфратүзүмүн өнүктүрүү | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган | 2013-2016-жылдар | МЧК, ФМ | Мамлекеттик чек араны коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу | |||
4.2.2. Мамлекеттик чек араны бойлой жана анын айрым участокторунда тосмолорду жана аңдар кесиндилерин орнотуу | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар | 2013-2016-жылдар | МЧК, ЖМА, жана ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Чек араны коргоо боюнча кызматтардын, жашоо деңгээлинин жана өздүк курамынын тиричилигинин сапатын жогорулатуу | |||
4.2.3. Чек ара бөлүмдөрүнө транспорт коммуникацияларын жана кирүү жолдорун оңдоо жана куруу боюнча иштерди жүргүзүү | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар | 2013-2016-жылдар | МЧК, ТКМ, ЖМА | Мамлекеттик чек араны коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу | |||
4.2.4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек аралары аркылуу өткөн өткөрмө пункттарында эл аралык стандарттарга жооп берген тийиштүү коммуникациясы бар чек аралык ветеринардык контролдоо пункттарын куруу | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, | 2013-2016-жылдар | Ветинспекция | Ветеринардык-санитардык талаптардын сакталышын контролдоону жакшыртуу | |||
4.2.5. Чек ара аскерлери колдонгон коммуникация тутумун модернизациялоо каражаттар | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар | 2013-2016-жылдар | МЧК | Коммуникация тутумунун абалын жакшыртуу | |||
4.3. Теле-коммуникациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү | 4.3.1. Чек ара аймактарын да колдонулуп жаткан Кыргыз Республикасынын радиожыштыгынын спектрин коргоо максатында радиомониторингдин мамлекеттик тутумун өнүктүрүү | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар | 2013-2015-жылдар | МБА | Чектеш мамлекеттердин таасирин төмөндөтүү | ||
4.4. Чек ара аймагында аймактык, экономикалык, демографиялык, маданий-диний жана башка экспансия түрлөрүнө каршы аракеттенүү | 4.4.1. Чек ара аймагында чет элдик жарандардын болуусу режимин күчөтүү боюнча чараларды көрүү | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | 2013-2014-жылдар | ИИМ, МУКК, МЧК, МКК, ЖМА | Чек ара аймактарына ар кандай экспансия коркунучун төмөндөтүү, улуттук коопсуздукту чыңдоо | ||
4.4.2. Чет элдик жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын чек ара аймагында жайгашкан жер участокторун, турак үйлөрдү жана менчигинин түрүнө карабастан башка объекттерди сатууга тыюу салууну киргизүүнү камсыздоо | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | 2013-жыл | ЮМ, ЭМ, МУКК, МКК, ЖМА жана ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Чет элдик жактарга, ошондой эле жарандыгы болбогон жактарга жер участокторун, турак үйлөрдү жана башка объекттерди сатууга тыюу салууну киргизүү | |||
4.5. Коомдук тартипти сактоону камсыздоо, кылмыштардын алдын алуу, калк арасында этностор аралык кагышуулардын алдын алуу жана жол бербөө | 4.5.1. Чек ара аймактарындагы милиция бөлүмдөрүн чыңдоо | Штаттык сандын жана республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | 2013-жыл | ИИМ, ФМ, Этностор агенттиги, ЖМА жана ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Жүргүзүлүп жаткан алдын алуу иштеринин сапатын жогорулатуу, объектилерди ишенимдүү кайтарууну камсыздоо | ||
|
| 4.6. Кыргыз Республикасынын чек ара кызматтарынын ишин жакшыртуу | 4.6.1. Чек арадагы өткөрүү пункттарынын ишин жакшыртуу | АӨБ долбоору | 2013-2016-жылдар | ЭМнын алдындагы «Бирдиктүү терезе» МИ | Өткөрмө пункттарындагы иштерди жакшыртуу |
4.6.2. Чек ара аймактарында «Бирдиктүү терезе» тутумун өнүктүрүү жана облустагы потенциалдык чыңдоо: - долбоорлордогу башкаруу; - көмөкчү кызматтарды көрсөтүү | АӨБ долбоору | 2013-2016-жылдар | ЭМнын алдындагы «Бирдиктүү терезе» МИ | Чек ара аймактарында «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча көрсөтүлгөн кызматтарды түзүү | |||
5. | Мыйзамдарды өркүндөтүү талап кылынууда | 5.1. Чек ара аймактарында коопсуздукту жана туруктуу социалдык экономикалык өнүгүүнү камсыздоо үчүн шарттарды түзүү максатында ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо жана киргизүү | 5.1.1. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын катышуучуларынын эмгек акысына кошумча акынын өлчөмүн көбөйтүүнү караштырган «Иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы долбоорун иштеп чыгуу | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | 2013-2014-жылдар | ЭМЖМ | Акы коомдук жумуштардын катышуучуларынын эмгек акысына кошумча акынын өлчөмүн көбөйтүү |
5.1.2. Өзгөчө статусу бар Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарындагы жашоочулар үчүн эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча акынын коэффициенттерин колдонууну караштырган колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларга оңдоолорду даярдоо жана ченемдерди киргизүү | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | 2013-2014-жылдар | ЭМЖМ, ФМ, Курулуш агенттиги, СӨМ, Соцфонд | Чек ара аймактарындагы жашоочулардын эмгек акыларынын жана башка социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүн көбөйтүү | |||
5.1.3. Кыргыз Республикасынын аймагындагы жайыт жерлерин убактылуу пайдалануу жөнүндө эки тараптуу макулдашууну түзүү үчүн типтүү макулдашууну иштеп чыгуу | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | 2013-жыл | АЧММ. ЖМА | Чек аралык коомдордун ортосундагы келишпестиктерди жоюу, салыктарды жергиликтүү бюджетке түшүрүү |
Эскертүү:
№ | Толук аталышы | Кыскача аталышы |
1 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | ФМ |
2 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | ЮМ |
3 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | ИИМ |
4 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | ӨКМ |
5 | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | ЭМ |
6 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги | АЧММ |
7 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | ТКМ |
8 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | ССМ |
9 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | БИМ |
10 | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги | СӨМ |
11 | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги | ЭМЖМ |
12 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети | МУКК |
13 | Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы | МЧК |
14 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы | МБК |
15 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы | МКК |
16 | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду | Соцфонд |
17 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги | Курулуш агенттиги |
18 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги | Этностор агенттиги |
19 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги | МБА |
20 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар | ЖМА |
21 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | ЖӨБО |
22 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | ММКФ |
23 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитарияттык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция | Ветинспекция |